Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 20:21

Рахмон Тоолуу Бадахшанда "жоочуларды" жок кылууга буйрук бергенин айтты


Тоолуу Бадахшанда нааразылыкка чыккандар.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Тоолуу Бадахшан автономдук облусундагы окуялар тууралуу биринчи жолу үн катты. Ал муну үчүн "Ислам кайра жаралуу" партиясын айыптап, ок атуу буйругун өзү бергенин билдирди.

Өлкөнүн аталган аймагында былтыр ноябрда башталган нааразылыктар быйыл майда да күчөп, бийлик андагы операцияларда ондогон кишилерди жок кылды.

Рахмондун билдирүүсү

Эмомали Рахмон Тоолуу Бадахшан темасына Хатлон облусунун Дангара районунда жергиликтүү актив менен 18-июнда жолугушкан учурда кайрылды. Ал баш аламандыктарга автономдук облустагы “чакан топторду” айыптап, чөлкөмдүн жайкын тургундары “күнөөлүү эмес” деди.

“Алар дайыма Бадахшандын элинин атынан сүйлөп жатабыз дешет. Бирок алар эч качан элдин өкүлдөрү болгон эмес. Биз аны так түшүнүшүбүз керек жана ажырата билишибиз керек. Жеке мен бул окуяны ошентип кабылдайм”, - деди президент.

Нааразылыктарды уюштуруучулар тууралуу сөз кылып жатып Эмомали Рахмон тоз-тополоңго ишмердигине тыюу салынган "Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясын" күнөөлөдү:

“Мен аларды 15 жолу кечиргем жана тынч, нормалдуу турмушка кайтууга көп жолу чакырып, аракет кылгам. 30 жыл ошенттим. Бул жылдар аралыгында күч кызматтары алардан кеминде үч-төрт миң курал-жарактарын тартып алды. Соңку окуяларды чыгарууга даярданып жаткан маалда да бизде маалыматтар бар болчу. Муну алар чет элдик кожоюндарынын кийлигишүүсү менен жасады. Кыска мөөнөттө аларды 26 млн. сомони (2,3 млн. доллар) менен каржылаптыр. Өздөрү чет жакта туруп башкарып жатышты. Бул ошол эле “Ислам кайра жаралуу” террордук партиясы жана алардын кожоюндары. Алардын максаты – төңкөрүш жасоо”, - деди ал.

Тажик президенти өзү келтирген айыптоолорду кайсы бир далилдер менен негиздеген жок жана кеп болуп жаткан каражаттар кандай жол менен тоолуу аймакка жеткирилгенин тактаган жок. Бийлик өкүлдөрү мурдараак автономдук облустагы баш аламандыктарды уюштуруучулар Хорогдо жана Рушанда митинг өткөрүү үчүн чет жактагы оппозициядан 13 миң доллардай акча алганын кабарлаган эле.

“Рушанда эл аралык маанидеги жолду жабышты. 220 миң адамдын жолу торолуп калды, Хорогдо баалар өсүп кетти. Мен кырдаалды сүйлөшүү жолу менен чечкиле дедим. Бирок алар жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүн сабап салышты. Улуттук коопсуздук күчтөрүнүн колоннасы барса, алардын 13үн жарадар кылышты. Бир офицер өлдү. Анткени аларда курал бар болчу. Керек болсо Рушанда көпүрөлөрдү жардырууну каалашкан. Ошондуктан мен күч кызматтарына жоочуларду жок кылууну буйрудум”,-деди Эмомали Рахмон.

Мурдараак оппозиционерлер, анын ичинде "Тажикстандын ислам кайра жаралуу партиясы" да кирген “Тажикстандын улуттук альянсы” кыймылынын жетекчисинин орун басары, теги бадахшандык Алим Шерзамонов бийликтин мындай айыптоолорун “жалган жалаа” экенин айтышкан. Бийликтин бадахшандыктарды “террорчу” деп атаганы да бийликти сындаган топтордун терс пикирин күчөткөн.

Жапониянын Цукуба университетинин илимий кызматкери, Бадахшанда туулган Шерали Гуломалиев “Азаттыктын” тажик кызматына курган маегинде буларды билдирген:

“Бадахшанда, деги эле Памирдин тарыхында эч качан терроризм жана террорчулар болгон эмес. Бүгүнкү күндө террорчу жана фашизм деген сөздү ар кандай мааниде пайдаланып жатышат. Ушундай эле жалган жүйө менен Орусия Украинага басып кирип, анын элин фашист деп атап жатат. Террорчу деген бул теракт жасаган киши, алар көп курмандыктарды алып келген жардырууларды жасайт. Ал эми Тоолуу Бадахшан автономдук облусунда террордук топтор жок. Анан “кылмышкерлер бар” деп айтып жатышат. Бирок тажик мыйзамдарына ылайык, эч бир адам соттун өкүмү чыкканга чейин башка кишини кылмышкер деп атоого укугу жок”,-деген Гуломалиев.

Май айындагы “операциялардын” курмандыктары

Тажикстандын аталган аймагындагы кырдаал 14-майдан баштап курчуду. Хорог шаарынын жүздөгөн тургундары митингге чыгып, Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунун башчысы Алишер Мирзонаботтун жана мэр Ризо Назарзоданын кызматтан кетишин, шаардын борбордук бөлүгүндөгү блокпостторду алып салууну, Бадахшандын тургундарын куугунтуктоону токтотууну талап кылган.

16-17-майдагы акцияларда жергиликтүүлөр менен полиция кагылышып, бир нече адам өлгөн. Расмий эмес маалыматтарда бул окуяларда набыт кеткендердин саны алда канча көп экени айтылууда.

Күч органдары 18-майда нааразылыкка чыгып, жол тоскон адамдарды "деструктивдүү күчтөр" деп атап, аларга каршы "антитеррордук операция" өткөргөн. Анда "8 жоочу жок кылынганын, 11и жарадар болгонун” маалымдаган. Соңку маалыматтарда 114 адам кармалганы ырасталды. Кийин “Азаттыктын” тажик кызматы жайкын тургундар арасында өлгөндөр отузга жакын экенин жазган.

Расмий маалыматка караганда, бул операция учурунда бир офицер каза таап, 13 кызматкер жарадар болгон. Каршылык көрсөткөндөрдөн курал-жарак жана ок-дарылар алынган, кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталган. Ондогон киши кармалган.

22-майда Тоолуу Бадахшандын борбору Хорог шаарында аймактагы бейформал лидер деп мүнөздөлгөн Мамадбокир Мамадбокиров өлтүрүлгөнү маалым болду. Айрым эл аралык басылмалар памирликтердин лидерин "өкмөттүк күчтөр өлтүрдү" десе, расмий маалыматта Мамадбокировго кылмыштуу топтордун тирешинде ок тийгени айтылды.

31-майда облустагы “антитеррордук операциянын” жүрүшүндө Рушан районунун Дерзуд айылынын беш тургуну өлтүрүлдү. Ички иштер министрлиги аларды “уюшкан кылмыштуу жана террордук топтун мүчөлөрү” деп атады. Маркумдардын жакындары алар куралсыз, жөн-жай тургундар экенин айтышкан.

Июндун башынан бери эле бир нече жолу жергиликтүү активисттерди кармоо аракеттери болду. Маселен, 11-июнда эле Хорогдо үч адам кармалган. 12-июндагы “атайын операциянын” жүрүшүндө Хорог шаарынын бейрасмий лидерлери Хурсан Мазоров менен Зоир Ражабов өлтүрүлдү.

Тажикстандын Ички иштер министрлиги мурдараак тараткан билдирүүсүндө соңку башаламандыктарды уюштурууга Бадахшан аймагындагы бейформал лидер Мамадбокир Мамадбокировду, чет жактагы оппозициялык саясатчы Алим Шерзамоновду жана көз карандысыз журналист, укук коргоочу Улфатхоним Мамадшоеваны айыптап, кылмыш ишин козгогон.

Эл аралык уюмдардын тынчсыздануусу

"Хьюман Райтс Уотч" (HRW) эл аралык укук коргоо уюму Тажикстандын президентин Тоолуу Бадахшан автоном облусунда жакында эле өткөн каршылык акцияларынын катышуучуларын куугунтуктоодон алыс болууга чакырды.

"Тажикстандын бийлиги нааразылыкка чыккандарды куугунтуктоону токтотуп, аларга каршы жасалган кылмыштарды иликтеши керек. Андан тышкары тажик бийлиги Хорог жана Рушан шаарларындагы нааразылык акцияларына байланыштуу ачылган кылмыш иштерин токтотушу абзел", - деди 26-майда уюмдун өкүлү Сыйнат Султаналиева.

Мурдараак Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриш Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы жайкын тургундарга жасалып жаткан күч колдонууларга жана андагы курмандыктарга байланыштуу тынчсыздануусун жарыялаган.

Анын алдында Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы, канзаада Карим Ага-Хан IV Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусундагы кырдаалдын курчуп кетишине камтамачылыгын билдирди. Өз кайрылуусунда, Бадахшандагы жактоочуларын “жаңжалдарды диалог жолу жана өз ара сый-урмат, түшүнүшүү менен чечүүгө” чакырды.

Тажикстандын башка аймактарындагы суннит багытын кармангандардан айырмаланып Тоолуу Бадахшан автоном облусунун жашоочулары Исламдын шийи агымын тутунган исмаилиттер болуп саналат. Исмаилиттерде лидерлик мураска калат жана Ага-Хан тукумдары алардын түбөлүк имамы болуп саналат.

Жаңжалдын төркүнү

Кийин чыккан маалыматтарга ылайык, 2021-жылдын 25-ноябрында Тоолуу Бадахшан автоном облусунун Шохдар айылында оор кылмыштар үчүн айыпталган Гулбиддин Зиёбеков аттуу жаранды кармоо операциясы учурунда ал каза болуп калган. Буга байланыштуу анын жакындары жана аймактын тургундары облус борбору Хорог шаарындагы акимчиликтин алдында чогулган.

Бийликтин аларды таратуу аракетинен майнап чыккан эмес. Чогулгандар маркумдун сөөгүн администрациянын алдына коюп, анын өлүмүн иликтөөнү талап кылышкан.

Прокуратура Зиёбеков “Уюшкан топ тарабынан барымтага алуу”, “Улуттук, расалык, диний кастыкты козутуу” деген беренелер менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланганын кабарлаган. Укук коргоо органы ал 2020-жылы прокурордун жардамчысын кыйноого алып, сабаган деп кине таккан. Бирок нааразылыкка чыккандар муну төгүндөп, кырдаал курчуган.

Нааразылыкка чыккандардын саны беш миңге чейин жетип, алар жергиликтүү акимчиликтин имаратына таш ыргытып, чабуул жасаганга аракет кылган. Төрт күнгө созулган акцияны полиция ок атып араң тараткан. Күч кызматтары ок эскертүү иретинде асманга атылганын билдирген, бирок окуядан ондогон киши жараат алган. Ал тургай айрым басылмалар ошол күнү жараат алган үч киши мерт болгонун жазышкан.

Мындан кийин бадахшандык лидерлерди кармоо аракети башталган. Орусияда жүргөн Амироддин Аловатшоев эктрадицияланып, 18 жылга жатак абакка кесилген. Жарандык активист Ифтихор Саидбеков кармалып, жогоруда белгиленген Мамадбокир Мамадбокиров менен Чоршанбе Чоршанбиевдерге да бийликти басып алуу боюнча айыптар тагылган.

Тажик бийлиги жергиликтүүлөрдөн “каршылык акцияларына катышпоо тууралуу” тил кат алып, текшерүү чараларын күчөткөн. Аймакта дээрлик беш-алты айдан бери интернет жана башка байланыш каражаттарына чектөө кирген.

Улуттар Уюмунун эксперттер тобу Тоолуу Бадахшан облусунда күчөп бараткан чыңалууга тынчсызданып, тажик бийлигин "Памирдеги азчылыкты" коргоого жана аймактагы адам укуктарын сактоого чакырган. Human Rights Watch (HRW) эл аралык укук коргоо уюмунун жергиликтүү өкүлчүлүгү да камтамачылыгын билдирген.

  • 16x9 Image

    Эрнист Нурматов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кабарчысы. 2010-жылдан 2017-жылга чейин Ош облусунда кабарчы болуп иштеген. Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG