Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:21

Венгрия Путинди камакка алуу ордери тууралуу билдирүүнү бөгөттөдү


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. 2017-жылдагы сүрөт.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан. 2017-жылдагы сүрөт.

Венгрия Эл аралык кылмыш сотунун Орусиянын президенти Владимир Путинди камакка алууга ордер бергени тууралуу Евробиримдик өлкөлөрүнүн биргелешкен билдирүүсү жөнүндөгү маалыматты бөгөттөдү.

Бул тууралуу Bloomberg ишенимдүү булактарына таянып билдирди.

Венгриянын турумунан улам Евробиримдиктин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррелл өз атынан билдирүү жасады:

"Европа Биримдиги Эл аралык соттун чечимин орус лидерлерин Украинада алардын буйругу менен, алардын уруксаты менен же өздөрү жасаган кылмыштар жана мыкаачылыктар үчүн жоопко тартуу процессинин башталышы катары карайт", - деди Боррел.

Евробиримдиктин юстиция министрлери 20-мартта Эл аралык кылмыш сотунун чечимин колдогон билдирүү жарыялашкан. Ага Венгрия кошулган эмес.

Bloomberg агенттиги бул жагдай 23-24-мартта Брюсселде өтө турган шаркеттин кезектеги саммитинде көтөрүлүшү мүмкүн экенин жазды.

Гаагадагы Эл аралык кылмыш соту Путинди "Украинадагы кырдаалдын контекстинде" кармоого 17-мартта ордер чыгарган. Орусиянын балдар омбудсмени Мария Львова-Беловага да украиналык балдарды мажбурлап алып кеткени үчүн кармоого ордер чыккан.

Орусиянын Тергөө комитети Путин менен Львова-Белованын кылмыш жоопкерчилигине тартууну негизсиз деп эсептеп, Эл аралык кылмыш сотунун судьяларына кылмыш ишин козгоду.

Орусия 2016-жылдан бери Рим статутуна кошулбагандыктан, Гаага сотунун юрисдикциясын тааныбайт.

XS
SM
MD
LG