Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:09

“Салык чек” лотереясы: Быйыл баш байгеге 10 батир коюлду


Архивдик сүрөт.
Архивдик сүрөт.

23-марттан тартып Кыргызстанда кезектеги “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясы башталат. Бул тууралуу “Салык чек” сайты жарыялады.

Салык кызматынын маалыматына караганда, быйыл лотерея 1-июлда жана 30-декабрда ойнотулат, байгеге 2376 баалуу белек коюлат. Чектеги ар бир 1000 сом 1 билет деп эсептелип, ага өзүнчө ID номер берилет.

Финансылык көзөмөл мекемеси кезектеги лотереяны ойнотууга лицензияны өткөн аптада берди.

Сатуучуларды контролдук-кассалык машина (ККМ) колдонууга үндөгөн лотерея алгачкы жолу былтыр уюштурулган. 1-апрелден тартып 31-декабрга чейин үч жолу ойнотулуп, ага 19 миллионго жакын билет катышкан. Байге фонду 65 миллион сомдук лотереянын жеңүүчүлөрүнө автомашина, тиричилик техникасы жана башка баалуу белектер тапшырылган.

Быйылкы жылы республикалык бюджеттен 438 миллион сом бөлүнөрү айтылган. Жеңүүчүлөргө өкмөт 10 батир, 20 автомашина, Дубайга эки кишиге 6 жолдомо, 1000 iPhone 14 жана ошондой эле 40 Dyson стайлерин, 300 ноутбук жана 1000 Xiaomi 11T смартфонун убада кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG