Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Беларуста саясий туткундардын адвокаттары жапырт кармалууда


Беларус сотунда тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.
Беларус сотунда тартылган сүрөт. Иллюстрация үчүн колдонулду.

Беларуста саясий туткундардын адвокаттары жапырт кармалып жатканын "Азаттык" радиосунун беларус кызматы билдирди.

Акыркы эки күндө Артём Семьянов, Юрий Козыков, Владимир Станкевич жана Иван Чижиктин үйү тинтүүгө алынып, кармалган. Чоо-жайы айтыла элек.

Шейшембиде "Азаттык" радиосунун беларус кызматы "Беларусь головного мозга" телеграм-каналынын админстратору, 15 жылга эркинен ажыратылган Игорь Лосик жакында эле суицид жасоого аракет кылганын, ооруканага которулбай дагы эле камерада жалгыз отурганын жазган. Кармалган адвокаттардын бири Артем Семьянов аны коргогон.

Игорь Лосиктин жубайы Дарья да "экстремисттик топ менен кызматташкан" деп эки жылга камалган. Дарья ага чейин "Белсат" телеканалына интервью берген. Бул канал Беларуста "экстремисттик" деп табылган.

Игорь менен Дарьянын төрт жаштагы кызы туугандарынын колунда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG