Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:34

Кемпир-Абад иши: камактагылар президентке кайрылды


Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандардын айрымдары. 13-декабрь, 2022-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча шек саналгандардын айрымдары. 13-декабрь, 2022-жыл.

Кемпир-Абад ишине байланыштуу абакта отурган саясатчы, активисттер президент Садыр Жапаровго кайрылып, саясий оппоненттер, жарандык коом менен өлкөдөгү көйгөйлүү маселелер боюнча тең укуктуу, ачык-айкын сүйлөшүүгө барууну сунушташты. Кайрылуунун текстин абактагылардын жакындары "Азаттыкка" жөнөтүштү. Алар Кемпир-Абад иши эл аралык коомчулуктун көңүлүн бурган резонанстуу, тарыхый жана саясатташкан иш экенин белгилешкен.

Камакта отургандар өлкөнүн социалдык-экономикалык абалына токтолуп, дүйнөдөгү геосаясий кризис менен бийликтин ичиндеги саясий күрөштөрү өлкөдөгү стабилдүүлүккө, экономикалык абалга таасирин тийгизерин белгилешкен.

"Эркиндиктерге болгон басымдарды сабырдуулукка, авторитаризмди реформаларга, ал эми саясий куугунтуктарды саясий диалогго буруңуз. Камактагы бардык саясий туткундарды бошотууңуз", - деп жазылган кайрылууда.

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюмунун 20-марттагы билдирүүсүндө Кемпир-Абад маселесине байланыштуу камалып отургандардын ишинде Кыргызстандын адам укуктары жаатындагы эл аралык милдеттенмелерине карама-каршы келген процессуалдык мыйзам бузуулар бар деп эсептей турганы жазылган. Уюм кыргыз бийлиги дүйнөлүк коомчулук алдында сый мамилеге татыктуу өнөктөш катары кала алабы же жокпу деген суроо турганын белгилеген жана камактагыларды бошотууну, калыс иликтөөнү талап кылган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 20дан ашуун белгилүү саясатчы, активист дээрлик жарым жылдан бери камакта отурушат. Милиция жетиштүү далилдер бар экенин билдирип, аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат.

Президент Садыр Жапаров ортодогу талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирип, камалгандарды “Төңкөрүш кылууга башка шылтоо таба албай, Кемпир-Абад маселесин шылтоо кылабыз дешкен" деп айткан. Камактагылар муну бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтук деп атоодо.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети да кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырышкан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG