Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:48

Мурдагы вице-премьер Дүйшөнбек Зилалиев эки айга камалды


Дүйшөнбек Зилалиев сотко жеткирилген учуру.
Дүйшөнбек Зилалиев сотко жеткирилген учуру.

Пара алууга шек саналган мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев 15-майга чейин Бишкектеги убактылуу тергөө абагына (СИЗО-1) камалды.

Бул тууралуу адвокат Самат Матцаков "Азаттыкка" кабарлап, Зилалиевге кылмыш иши "жасалма түрдө" ачылганын билдирди. Жактоочу укук коргоо органдары мурдагы вице-премьерди арыз ээси менен бетме-бет жолуктуруудан баш тартканын айтты.

"Арыз ээсин Зилалиев эч качан көрбөптүр. Ал мындай факты болгон эмес деп айтып жатат. Эмнегедир арыз алты жыл өткөндөн кийин жазылып жатат. Мурда кайда болгону белгисиз", - деди жактоочу.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Зилалиев пайдалуу кендери бар жерлерге лицензия берүү маселесин чечип берүүнү убада кылып, Б.Р. аттуу жарандан 50 миң доллар өлчөмүндө акча каражатын алган деген негизде кармалганын быйыл 16-мартта кабарлаган.

Буга чейин Зилалиевге карата бир нече кылмыш иши козголгон. 2018-жылдын 18-октябрында ал Жазык кодексинин "Террорчулук жөнүндө атайылап жалган маалымат таратуу" беренесинин негизинде шарттуу түрдө үч жылга эркинен ажыратылган.

2020-жылы Биринчи Май райондук соту аны Жазык кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп таап, жети жылга кескен. Башкы прокуратура аны "2010-2017-жылдары мамлекеттик органдарда жетекчилик кызматты ээлеп турган учурда, өзү иштеп тапкан каражаттан ашык суммага мүлк сатып алган" деп, "Мыйзамсыз баюу" беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон.

2021-жылы 23-июнда Жогорку Сот Зилалиевге "Мыйзамсыз баюу" боюнча айыпты жокко чыгарып, ишти Бишкектин Биринчи май райондук сотуна кайра кароого жиберген.

Мурдагы аткаминер 2022-жылы январда үй камагына чыккан.

Дүйшөнбек Зилалиев 2016-2017-жылдары Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетин жетектеп турган. 2017-жылы август айында өкмөттүн экономика маселелерин караган вице-премьер-министри болуп дайындалып, 2018-жылы Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондуна жетекчи болуп барган.

2019-жылдын 30-январында УКМКнын ошол кездеги төрагасы Идрис Кадыркулов Дүйшөнбек Зилалиев Геология боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп турган кезде эң көп лицензия берилгенин айткан. Анын тушунда лицения алган 13 компания боюнча факты териштирилип жатканын кошумчалаган.

Зилалиев өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, мыйзамсыз камалганын айткан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG