Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:18

Украин соту Мамдуманын 20 депутатын сыртынан соттоду


Орусия оккупациялаган Украинанын аймагындагы плакат, архив
Орусия оккупациялаган Украинанын аймагындагы плакат, архив

Украинанын соту Орусиянын парламентинин төмөнкү палатасынын 20 депутатын мүлкүн конфискациялоо менен 15 жылга сыртынан эркинен ажыратты.

Алар Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана кол тийбестигине кол салганы үчүн күнөөлүү деп табылды.

Кеп Луганск жана Донецк жикчилдеринин көз карандысыздыгын таануу талабы менен Орусиянын президенти Владимир Путинге кайрылуу жасагандар жөнүндө болуп жатат. Ага 2022-жылдын февраль айында, Орусиянын Украинага толук масштабдуу басып кириши башталганга чейин кол коюлган.

Украинанын Коопсуздук кызматы соттолгондордун атын атады. Алар: Сергей Алтухов, Андрей Альшевских, Ольга Занко, Андрей Аникеев, Григорий Аникеев, Валентина Артамонова, Отари Аршба, Алёна Аршинова, Тимофей Баженов, Зариф Байгускаров, Николай Борцов, Вадим Булавинов, Дмитрий Исламов, Михаил Кузьмин, Денис Майданов, Николай Панков, Юрий Петров, Ольга Пилипенко, Валентина Пивненко, Дмитрий Погорелый.

Соттук териштирүүнүн чоо-жайы жана кайсы сот чечим чыгарганы жөнүндө маалымат айтылган эмес. Орусияда Мамдуманын депутаттары кол тийбестик макамына ээ жана палатанын уруксаты жок кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Орусиянын президенти Владимир Путин бир жыл мурда, 21-февралдын кечинде Украинанын Луганск жана Донецк облустарынын көз карандысыздыгын таанып, ал жакка орус аскерлерин киргизүүгө буйрук берген. Мамлекеттик Дума менен Федерация кеңеши буйрукту ратификациялагандан кийин орусиялык күчтөр Украинага 24-февралда бастырып кирген.

Путинге кайрылуу жасаган депутаттар АКШ, Евробиримдик баштаган башка Батыш өлкөлөрүнүн санкциялык тизмесинде. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG