Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Ооганстандагы жер силкинүүнүн күчү Кыргызстанда да сезилди


21-марттын кечинде Ооганстандын түндүк тарабында күчү 6,5 баллга жеткен жер титирөө болду. Европа-Жер ортолук деңиз сейсмологиялык борбору силкинүү Пакистанда жана Индиянын борбору Нью-Делиде да сезилгенин кабарлады. Кыйроолор жана курмандыктар тууралуу маалымат жок. Силкинүү Бишкек убактысы менен саат 22:50гө жакын болду.

Reuters агенттиги Пакистандын Лахор, Пешавар шаарларында жер силкинүүдөн чоочуп көчөгө чыгып турган тургундардын сүрөттөрүн жарыялады.

Кыргызстандын Бишкек, Ош шаарларынын, Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тургундары да силкинүү катуу эле байкалганын интернеттеги социалдык түйүндөргө жазып жатышат.

Өзбекстандын Сейсмологиялык мониторинг борбору Сурхандарыя облусунда силкинүүнүн күчү 5-6 баллга, Ташкентте жана башка аймактарында 4-5 баллга жеткенин билдирди.

Былтыр Ооганстандын чыгышында 6,1 баллдык жер титирөөдө 1000ден ашуун адам каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG