Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:47

Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык мелдеш өтүүдө


Кожомкул атындагы спорт ордосу. 21-март, 2023-жыл.
Кожомкул атындагы спорт ордосу. 21-март, 2023-жыл.

Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Советтер Союзунун баатыры Дүйшөнкул Шопоковдун элесине арналган эл аралык бокс мелдеши өтүүдө.

21-мартта башталган таймаштарга Кыргызстан, Монголия, Беларус, Түштүк Корея, Өзбекстан жана Казакстандан 140тай спортчу катышууда. Мушкерлер 10 салмак даражасында күч сынашып, финал 25-мартта өтөт.

Дүйшөнкул Шопоков атындагы эл аралык таймаш быйыл 45-жолу өткөрүлүп жатат. Шопоков 1915-жылы 19-майда Чүй облусунун Шалта айылында туулган.

Ал Москва облусунун Волоколамск районуна караштуу Дубосеково айылынын алдында каза тапкан. 1942-жылы Дүйшөнкул Шопоковго Советтер Союзунун Баатыры наамы ыйгарылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG