Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:09

"Мемориал" борборунун жетекчиси Олег Орловго кылмыш иши козголду


Олег Орлов
Олег Орлов

Орус бийлиги жоюп жиберген "Мемориал" укук коргоо борборунун жетекчиси Олег Орловго кылмыш иши козголду. Ал орус армиясын "бир нече жолу каралаган" деп айыпталып жатканын "Мемориал” коому Телеграм-каналында билдирди. Бийлик азырынча комментарий бере элек.

Шейшембиде "Мемориалдын" 10дон ашык кызматкеринин үйүндө тинтүү өткөрүлүп, суракка алынганын "Новая газета Европа" басылмасына адвокат Арсений Левинсон билдирди.

Тинтүү иштеринен кийин "Мемориалдын" кызматкерлери Москванын Тверь райондук полициясына, ал жерден Тергөө комитетине жеткирилген. Алардын айрымдары коё берилген.

Кылмыш иши "Орусиянын ардагерлери" уюмунун өтүнүчү менен ачылган. Алар "Мемориал" уюму түзгөн сталиндик репрессиянын курмандыктарынын тизмесинен согуш учурунда "нацисттик Германия менен кызматташкан деген айып менен соттолгон 20 чакты адамдын аты-жөнүн тапканын" белгилешкен.

"Чет элдик агент" деп табылган "Мемориал" уюмун Жогорку Сот 2021-жылдын 28-декабрында жапкан. Сот буга уюм коомдук бирикмелердин конституциялык теңдик принцибин бузганын жүйө келтирген.

"Мемориалдын" жабылышына СССРдин мурдагы лидери Михаил Горбачев, Нобел сыйлыгынын лауреаттары каршы чыгып, уюмду куугунтуктоону токтотууга үндөшкөн.

Соттун чечими Батыш өкмөттөрүнүн, укук коргоочу активисттердин катуу сынына кабылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG