Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:51

Жапаровдун куттуктоосу: чек ара, өнүгүү, ынтымак


Баткен. 21-март, 2023-жыл.
Баткен. 21-март, 2023-жыл.

Бүгүн Нооруз майрамы белгиленди. Майрамдык негизги иш-чара Ала-Тоо аянтында өтүп, ага президент Садыр Жапаров баш болгон бийлик өкүлдөрү катышты. Куттуктоосунда президент Жапаров чек ара маселесин чечүүгө убада берип, жарандарды ынтымакка чакырды.

Жаздын келишин кабарлаган Нооруз майрамы Кыргызстанда жылдагыдан көп деле айырмаланган жок. Борбор калаа Бишкек баш болгон аймактарда майрамдык иш-чаралар уюштурулду.

Былтыр президент Садыр Жапаров келип, негизги майрамдык иш-чаралар өткөн Баткенде айыл чарба иштери кызуу жүрүп жаткан чак.

Баткен шаарынын тургуну Урматбек Сайитов майрамда тынчтык болсо, жашоо оңолот деген пикирде.

"Биз үчүн чек арабыз, заманыбыз эле тынч болсо болду. Башка көйгөйүбүз жок. Кудай буюрса, чек араны чечип беришсе жакшы болмок. Качып, жашынып жүргөндөн жүрөгүбүз үшүп калды. Мындан башка көйгөй жок".

Бишкектеги Ала-Тоо аянтындагы негизги майрамдык иш-чарадагы куттуктоосунда президент Садыр Жапаров да өлкөдөгү соңку кырдаалга токтолуп, чек ара маселесин чечүүнү тездетүүгө убада берди:

"Өткөн жылы дал ушул көктөм майрамын өрүкзарлуу Баткенде белгилеп, Мекен чеги башталган бул өрөөндүн өсүп-өнүгүшүнө тилектерибизди айткан элек. Чек ара көйгөйлөрүнө байланыштуу Баткен облусун калыбына келтирүү жана баткендиктердин коопсуздугун камсыздоону улуттук эң башкы маселелердин бири катары белгилейбиз. Бүгүнкү күндө чек ара аймагындагы элибиздин социалдык көйгөйлөрүн чекесинен чечип келе жатабыз. “Баткен өнүксө, мамлекет өнүгөт!” деп кийинки муундарга чек арасы толук такталган, тынчтыкта жана бейпилдикте жашаган жаңы Кыргызстанды өткөрүп берүүнү убада кылганбыз. Биз бул ишти сөзсүз аягына чыгарабыз!".

Былтыр Ноорузду Баткенде белгилеген Садыр Жапаров чек ара маселесин чечүүгө убада берген. Бирок былтыр сентябрда кыргыз-тажик чек арасында кезектеги куралдуу жаңжал тутанып, эки тараптан жүздөн ашуун адам каза болду.

Бул кырдаалга карабай соңку мезгилде эки өлкөнүн жетекчилери чек араны толук чечүү ниетин билдирип, жумушчу топтор кезек-кезеги менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Соңку сүйлөшүү өткөн аптада Дүйшөмбү шаарында болду.

Өткөн айда Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Бишкек менен Дүйшөмбүнүн өз ара мамилеси жакшы нукта баратканын жарыялаган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Тактоо иштери 2002-жылы башталган. Анын 664 чакырымы боюнча орток пикир бар экенин эки өлкөнүн президенттери ырасташкан. Калган 300 чакырымга жакын чек ара тилкесин тактоодо маселе жаралууда.

Президент Жапаров Нооруздагы куттуктоосунда "саясат менен алектенүүнү токтотуп, экономикасыы көтөрүүгө мезгил келди" деген сөзүн дагы кайталады.

"Кокту-колот, уруу-урук, жердешчилик, тааныш-билиш саясаты коомчулуктун баш оорусуна айланган. Ар бир жаңы келген жетекчи өлкөнүн өнүгүшүн кечеңдеткен жагдайларга өздөрүнө чейинкилерди шылтоо кылмай адат болуп калган. Мындайды токтотушубуз керек! Булардын баары өнүгүүгө кедергисин тийгизип, азыркыга чейин анын кесепеттерин тартып келебиз. Азыр эми заман башка. Доор өнүгүп, дүйнө өлкөлөрүнүн алдында жаңы талаптар, жаңы чакырыктар коюлууда. Мындай өзгөрүүлөрдүн фонунда Кыргызстан бир силкинип, жаңыча ойлонууга, жаңы көз караштарды калыптандырууга умтулушу абзел!".

Президент учурдагы дүйнөдөгү саясий, аскерий олку-солкулуктарга көңүл буруп, соңку кездеги баалардын көтөрүлүшүн дал ушул сырткы факторго байланыштырды.

Мындай шартта өлкө ичиндеги ынтымак маанилүү деген Садыр Жапаров салт-санааларды сактоо менен өлкө калкын биримдикти сактоого чакырды.

Кыргызстанда ынтымак, биримдик жана коомдун консолидациясы тууралуу чакырыктар президенттин ар бир кайрылуусунда айтылат.

Бирок айрым активисттер мындай аракеттерди бийлик башындагылар башташы керек деген пикирлерин билдирүүдө.

Маселен, активист Азият Жекшеев бийлик Кемпир-Абад маселесинде кармалган активисттердин окуясы сыяктуу иштерде айкөлдүккө барып, үлгү көрсөтүшү керек деген ойдо.

“Саясий тынчтык азыр деле жок. Буга бир себеп сөз эркиндигине одоно кысым көрсөтүлүп, өзүнүн оппоненттерин камап жок кылуу аракетинде болгондуктан, сын айткан кишилердин саны күндөн-күнгө азайып, ошонун арты менен саясий тынчтыкка алып келдим деп ойлоп жатса керек. Алардын бир канчасы бүгүн абакта жатат. Бир канчасын коркутуп-үркүтүп, жарандыгын алып өлкөдөн айдап чыккан. Ушуну саясий тынчтык деп жатса, анда ал бар. Бирок бул көрүнүш саясий тынчтыкка жатпайт. Аракеттер бар, аны жок деп айтууга болбойт. Бирок ошону оппоненттеринин жана башкалардын көз караштарын эске алуу менен ишти алып барса, жыйынтык башкача болуп, чындап эле экономикалык өнүгүү келмек”.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатышына каршы пикирин ачык билдирип чыккан жыйырмадан ашуун белгилүү саясатчы, активист дээрлик жарым жылдан бери камакта отурат. Милиция алар бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптаган. Камактагылар болсо бийликти сындаганы үчүн саясий куугунтукка кабылганын айтышууда.

Бир катар ири эл аралык уюмдар, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Адам укуктары боюнча комитети да кыргыз бийлигин бул ишти адилет териштирүүгө чакырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG