Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

"Оппозиция эмес, өнөктөш катары караш керек". Бейөкмөт уюмдардын өнүгүүгө кошкон салымы талкууланды


Ак үй. Бишкек. Иллюстрация.
Ак үй. Бишкек. Иллюстрация.

Бишкекте өкмөттүк эмес уюмдардын аймактарды өнүктүрүүгө кошкон салымы талкууланды. Уюштуруучулар коомдо бейөкмөт уюмдарды саясат менен гана байланыштырган туура эмес түшүнүк бар экенин, алардын айыл-аймактарга, экономикага кошкон салымы эске алынбай жатканын айтышты.

Ал арада АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Кыргызстандын тышкы иштер министри менен жолугушууда адам укугу, өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу маселе көтөргөнү белгилүү болду.

Бейөкмөт уюмдардын салымы

Жумабек Ибраимжан уулу Баткен облусундагы “Психологиялык жардам көрсөтүү борборунда” психолог болуп иштейт. Ал жетектеген борбор Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында былтыр сентябрда болгон куралдуу кагылыш учурунда жана андан кийин элге психологиялык жардам берген. Жумабек Ибраимжан уулу 1-мартта Бишкекте өкмөттүк эмес уюмдардын аймактардагы ишмердиги боюнча өткөн жыйынында буларды айтты.

“Бул долбоорлорду негизинен эл аралык донорлор, бейөкмөт уюмдар жана ички коомдук фонддор каржылайт. Ошондуктан бейөкмөт уюмдарга мамлекет кысым кылбашы керек. Коомдук уюмдардын иши дайыма ачык жана таза. Эгерде кандайдыр бир күмөн ойлор жаралса, мамлекет текшерсе да болот. Бирок ишин чектеген туура эмес”.

“Интербилим” эл аралык борборунун Ош шаарындагы өкүлчүлүгүнүн директору Гүлгаакы Мамасалиеванын маалыматына караганда, Кыргызстанда салык төлөп жаткан коомдук уюмдардан саны 6 миңге чамалайт.

Гүлгаакы Мамасалиева.
Гүлгаакы Мамасалиева.

“6 миң уюмдун ичине окуу мекемелери, мечиттер жана башка мекемелер да кошулган. Мунун ичинен 400 гана бейөкмөт уюмдар. Алардын 60% Бишкекте иштейт экен. Борбордо бийликтин айрым чечимдерине каршы чыгып, акцияларды өткөрсө, алар Кыргызстандын бардык аймагында активдүү иштеп аткандай ойлошот. Бирок анализ кылсак Ош шаарында эле 20%. Калган 20% башка региондордо экен. Район, шаарларда 3-4 эле коомдук уюм бар. Айылдарда такыр эле жок. Эгерде коомдук уюмдарды көзөмөлдөгөн мыйзам кабыл алынса, алардын ишине тоскоолдук болот да аймактардагы элге жардамы тийбей калат. Мисалы, Баткенде чек ара чырында элге психологиялык жардамды ушундай уюмдар гана берди. Мамлекет, Саламаттык сактоо министрлигинин колу жеткен жок”.

Блинкен бейөкмөт уюмдардын маселесин көтөрдү

Ал арада 28-февралда Бишкекте президенттин администрациясы жазып чыккан “Коммерциялык жана өкмөттүк эмес уюмдар жөнүндө” мыйзам долбоорун иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ жыйынга чогулду. 9-февралда президент Садыр Жапаровдун атайын тескемеси менен түзүлгөн топту президенттик администрациянын укуктук камсыздоо башкармалыгынын башчысы Мурат Укушов жетектейт жана долбоор ушул жылдын 1-июлуна чейин даяр болуп, коомдук талкууга коюлушу керек.

Жумушчу топко жарандык коомдун өкүлдөрү, көз карандысыз юристтер да кирген. Алардын бири Журналисттер коомдук бирикмесинин төрагасы Нурдин Дүйшөнбеков жумушчу топтун биринчи отурумунда уюштуруу иштери талкууланып, 20-мартка чейин сунуштарды иштеп чыгуу чечими кабыл алынганын билдирди.

“Мыйзам долбоору көп беренеден турат. Ошондуктан биз ал дүң эле кабыл алынып кетпесин ар бир беренени өзүнчө талдап чыгалы деп айтып жатабыз. Мыйзамдын демилгечилери деле колдоду. Биз сунуштарды көпчүлүк добуш менен кабыл алалы дедик. Бирок ага макул болушкан жок. Себеби, мамлекеттик мекемеден алты эле өкүл бар, жарандык коомдон көп киши бар деген сөздү айтышты. Жыйынтыгында сунуштар жумушчу топтун бардык мүчөлөрүнүн макулдугу менен кабыл алынганы калды”.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолукту. 28-февраль, 2023-жыл.
Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен жолукту. 28-февраль, 2023-жыл.

Былтыр 2-ноябрда президенттик администрация бейөкмөт уюмдар жөнүндөгү мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Документке ылайык, “чет өлкөлүк бейөкмөт уюм” деген түшүнүк кирип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт.

Долбоор колдоо тапса, бардык бейөкмөт уюмдар тизмеге алынат, аларды Башкы прокуратура жана Юстиция министрлиги толук көзөмөлдөйт, каржылык текшерүү күчөйт, айрымдарына мамлекет колдоо көрсөтө алат. Бул жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын тынчсыздануусун жараткан. Жыйынтыгында документти кайра иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ түзүлгөн.

Кыргызстандагы өкмөттүк эмес уюмдардын маселесин 28-февралда АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Астанада Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен жолугушууда көтөргөнү белгилүү болду. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаментинин басма сөз катчысы Нед Прайс маалымат таратты.

Саясат талдоочу Эмил Жороев бейөкмөт уюмдардын ишмердиги тууралуу мындай пикири менен бөлүштү:

Эмил Жороев.
Эмил Жороев.

“Бийликтин бейөкмөт уюмдар менен мамилеси жакшы болбой жатат. Эми бийлик дегенде - мыйзам долбоорлорун сунуштап жаткан жогорку мамлекеттик мекемелер, жетекчилер. Ал эми Экономика министрлиги, жергиликтүү бийлик мындай уюмдар менен иштешип эле келатат. Алар өкмөттүк эмес уюмдардын ишмердигин билет. Бийлик бейөкмөт уюмдарды өзүнө каршылаш, бузуку, оппозиция катары карабай, өнөктөш деп кабыл алышы керек. Ошондо бийликтин колу узарып, мүмкүнчүлүктөрү кеңеймек”.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму 2022-жылы адам укугу, сөз эркиндиги боюнча бир нече жолу тынчсыздануусун билдирип, кыргыз бийлигине кайрылган.

Анын ичинде жарандык коом, бейөкмөт уюмдарга болгон басым боюнча да билдирүүлөр бар. Уюм бийлик сунуштаган мыйзам долбоору жарандардын эркин чогулуу укугун чектеп, өкмөттүк эмес уюмдарга басымды күчөтөт деп эсептейт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG