Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Жапон өкмөт башчысы Бучадагы кыргындын курмандыктарын эскерди


Фумио Кисида Бучага барганда тартылган сүрөт.
Фумио Кисида Бучага барганда тартылган сүрөт.

Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида Украинанын Буча шаарына барып, ал жерде былтыр орус аскерлеринин колунан набыт болгон 400дөн ашуун жайкын тургунду эскерип, чиркөөнүн сыртына гүлчамбар койду.

"Дүйнө бир жыл мурун Бучада бейкүнөө жарандардын өлтүрүлгөнүн көрүп үрөйү учкан. Мен андай мыкаачылыкка кыжырданып турам" - деди Кисида.

21-мартта Кисида күтүлбөгөн сапар менен Украинага барды. Анын сапары Кытайдын төрагасы Си Цзинпиндин Орусияга мамлекеттик сапарына туш келди.

Кисида Украинага сапар алганда Орусиянын коргоо министрлиги стратегиялык бомбалоочу эки учагы Жапон деңизинин үстүндө жети сааттан ашуун учуп өткөнүн билдирди. Орусия бул учуулар эл аралык мыйзамдарга ылайык, бейтарап аймакта аткарылганын белгилөөдө.

Жапон өкмөт башчысы Украинага Польша аркылуу барды. Ал президент Владимир Зеленский менен согушта жабыркаган өлкөнү калыбына келтирүүдөгү Токионун жардамын талкуулары кабарланган.

Токио уруш башталганы Киевге каржылык жана гуманитардык колдоо көрсөтүп келүүдө жана АКШ менен Евробиримдиктин Москвага каршы санкцияларына кошулган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG