Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:35

Өспүрүмдүн зордукталышы: сот алдында акция өтүүдө


13 жашар кыздын зордукталышы боюнча акыйкат чечим чыгарууну талап кылгандар акцияга чыкты. 22-март. Бишкек.
13 жашар кыздын зордукталышы боюнча акыйкат чечим чыгарууну талап кылгандар акцияга чыкты. 22-март. Бишкек.

Бүгүн, 22-мартта Жогорку Соттун имаратынын алдына 13 жаштагы кызды зордуктагандар боюнча калыс жана акыйкат чечим чыгарууну талап кылгандар акцияга чыкты.

Жарандык активисттер сот айыпталуучуларга карата адилетсиз чечим чыгарып коебу деп чочулап турат.

Жогорку Соттун алдына чыккан активисттерге милиция имарттан обочо жерде акция өткөрүүгө уруксат берди.

Бул күнү сотто секелекти зордуктоого айыпталып, 15 жылга кесилген эки милиция кызматкери жана мурда сотолгон бир адамдын иши жабык каралууда.

13-мартта Жогорку Сот 13 жаштагы кызды зордуктоого айыпталган төртүнчү кишиге карата Бишкек шаардык сотунун чечимин күчүндө калтырган. Шаардык сот аны сегиз жылга эркинен ажыраткан.

13 жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу жалпысынан төрт кишиге - эки милиция кызматкерине жана эки жаранга айып тагылган.

Өткөн жылдын 30-августунда Свердлов райондук соту эки милиция кызматкерин 15 жылга, мурда соттолгон бир адамды 10 жылга кескен.

Ушул жылдын 12-январында Бишкек шаардык соту айыпталуучулардын апелляциялык арызын карап, эки милиция кызматкерлеринин жаза мөөнөтүн кыскарткан чечим чыгарган.

Ага ылайык, Ленин райондук ички иштер бөлүмүнүн жашы жете элек балдар менен иштөөчү инспектору болуп иштеген 39 жаштагы айыпталуучуну алты жылга, ал эми Свердлов райондук ички иштер бөлүмүндө участкалык милиционер болуп иштеп жүргөн 34 жаштагы айыпталуучуну тогуз жылга эркинен ажыраткан.

Үчүнчү соттолуучунун 10 жылдык жаза мөөнөтү өзгөртүүсүз калган.

Өткөн жылдын 2-июлда “Азаттык” милиция кызматкерлери жана дагы эки адам секелекти зордуктоого шек саналып жатканы жөнүндө макала жарыялап, бул коомдо катуу реакцияларды жараткан.

Ошондон кийин аялдарга жана балдарга карата зордук-зомбулукту токтотуу талабы менен Ички иштер министрлигинин алдында бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн.

(КЕ/ZKo/BCh)

XS
SM
MD
LG