Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:05

CNN: АКШ Украинага Patriot системасын жана Abrams танкын жеткирүүнү тездетет


Abrams танкы машыгуу учурунда. Латвия, 26-март, 2021
Abrams танкы машыгуу учурунда. Латвия, 26-март, 2021

Америка Кошмо Штаттары Украинага Patriot абадан коргонуу системасын жана Abrams үлгүсүндөгү танкын мурда пландалган мөөнөттөн эрте жеткирет.

Бул тууралуу CNN телеканалы АКШнын Коргоо министрлигинин өкүлүнө таянып билдирди. Маалыматта жакын арада 65 украин аскери америкалык Форт Силл базасындагы окуусун жыйынтыктай турганы айтылган. Андан кийин алар Украинага жакын арада жеткириле турган Patriot системасын иштеткенди үйрөнүү үчүн Европадан окушат. Расмий адамдардын айтымында, украин аскерлери абадан коргонуу системасы боюнча базалык билими болгондуктан Форт Силлдеги машыгууну тезирээк аякташкан.

Шейшембиде АКШ Украинага Abrams танктарын жеткирүү мөөнөтүн кыскартып, эски үлгүдөгү M1-A1 танктарын жөнөтө турганы белгилүү болгон.

АКШ мурдараак M1-A2нин заманбап версиясын жөнөтө турганын билдирген, бирок бул үчүн жаңы танктарды чыгаруу же эскилерин жаңылоо, андан кийин украин аскерлеринин машыгуусу керек болот.

Аткаминерлердин бири CNN телеканалына танктардын эскирээк үлгүсү күз айларында жөнөтүлө турганын билдирген. Буга чейин бул бери дегенде бир жылдан ашуун убакытты алышы ыктымалдыгы айтылган.

Кошмо Штаттардын Коргоо кеңешинин расмий өкүлү Жон Кирби АКШ Украинага танктарды жөнөтүүнү тездетүү үстүндө иштеп жатканын айткан. Жалпысынан 31 танкты жөнөтүү пландалууда.

Киев Patriot абадан коргонуу системасын сурап, Вашингтонго кайрылган. Бирок АКШ бул жардам Орусияны мындан да чоң эскалацияга түртүшү мүмкүн экенин эскерткен.

2022-жылдын күзүнөн бери Орусия Украинанын энергетикалык инфраструктурасын, калктуу конуштарын тынымсыз аткылап жатат. Буга байланыштуу Батыш өлкөлөрү Украинага колдоо көрсөтүп, ага абадан коргонуу системаларын бере баштаган.

Батыш өлкөлөрүнөн Британия биринчилерден болуп батышта өндүрүлгөн танк берүүнү чечкен. 15-январда Лондон Киевге 14 Challenger-2 танкы берилерин билдирген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG