Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:39

Киев: согуш башталгандан бери Орусия 167 миңден ашуун кишисин жоготту


Угледарга жакын жерде Украинанын коргонуу күчтөрү орус бронетехникаларын талкалаган. Донецк облусу. Февраль, 2023-жыл.
Угледарга жакын жерде Украинанын коргонуу күчтөрү орус бронетехникаларын талкалаган. Донецк облусу. Февраль, 2023-жыл.

Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы согуш башталгандан бери Орусия 167 миң 490 кишисин жоготконун, акыркы суткада эле 920дай жоокеринен ажыраганын билдирди. Бул тууралуу 22-мартта "Азаттыктын" украин кызматы жана башка маалымат каражаттары жазышты.

Мындан тышкары, Башкы штаб Орусия миңдеген техникасын жоготконун кабарлады.

Орусия фронтто өлгөндөр тууралуу акыркы жолу былтыр сентябрда билдирип, алты миңдей жоокери набыт болгонун жарыялаган.

АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен 18-февралда Мүнхен коопсуздук конференциясында Орусиянын Украинага каршы согушта жоготуулары каза болгондорду жана жараат алгандарды кошкондо 200 миңдей экенин айткан.

Ноябрда АКШнын штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Марк Милли Орусиянын согуштагы жоготуулары 100 миңден кем эместигин айткан.

Украинанын өзүнүн жоготуулары тууралуу да маалымат бир кылка эмес. Быйыл февралда президент Зеленскийдин кеңсе башчысынын кеңешчиси Михаил Подоляк согушта Украина 10 миңден 13 миңге чейинки аскерин жоготконун маалымдаган. Ошол эле маалда айрым америкалык булактар New York Times басылмасына украин тарап да 100 миңдей аскерин жоготконун билдирген.

"Азаттык" радиосу согуштун шартында Орусиянын жана Украинанын армиясындагы жоготуулардын так санын өз алдынча аныктай албайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG