Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:54

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт


Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 23-мартта түнкүсүн Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт.

Күндүз Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20,

Таласта түнкүсүн 1…6, күндүз 14…19,

Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 3…8, күндүз 18…23,

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…+4, күндүз 10…15,

Нарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 8…13,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -16…-21, күндүз -1…-6

Бишкекте жамгыр жаабайт. Абанын температурасы түндөсү 1…3°, күндүз 18…20° градус болот.

XS
SM
MD
LG