Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Маанаев эки айга камалды


УКМКнын имараты. Бишкек.
УКМКнын имараты. Бишкек.

Коррупциялык схемаларды түзүүгө шектелген Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Токтобай Маанаев эки айга камалды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, шектүү 15-майга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин(УКМК) убактылуу тергөө абагында болот.

Токтобай Маанаевге кылмыш иши козголгонун УКМК 16-мартта кабарлаган. Атайын кызмат башкы дарыгердин медицина кызматкерлеринен акча талап кылганына байланыштуу 20дан ашуун факты катталганын билдирген.

Мамлекеттик сатып алуулар боюнча финансылык-чарбалык аудит жүргүзүлүп, медициналык буюмдарды ашыкча сатып алуу жана кымбат баалуу дары-дармектерди эсептен чыгаруу фактылары аныкталганын маалымдаган.

"Шектүү дары-дармек сатып алууда мыйзамсыз келишим түзгөн, мунун айынан өлкө бюджети жалпысынан 40 млн. сомдон ашык зыян тарткан" деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Учурда башка коррупциялык фактыларды, ошондой эле жогоруда аталган схемаларга тиешеси бар кызмат адамдарын жана башкаларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатканы айтылды.

Маанаевдин жакындары жана жактоочусу комментарий бере элек. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG