Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:45

Өспүрүмдү зордуктоого шектүү киши эки жылдан кийин камакка алынды


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкекте 13 жаштагы кызды зордуктоого шектелип жаткан киши 18-мартта борбор калаадагы тергөө абагына бир айга камакка алынды. Бул тууралуу 22-мартта Биринчи Май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Окуя тууралуу быйыл 6-мартта өлкөнүн акыйкатчысы Атыр Абдрахматова айтып чыккан. Ал кыздын чоң атасы жардам сурап кайрылганын маалымдап, Биринчи Май райондук прокуратурасынан тергөөчүнүн ишине баа берүүнү талап кылган.

Аламүдүн районунун тургуну небере кызы 2021-жылдын август айында зордуктоого кабылганын, окуя Башкы прокуратуранын күйүп кеткен имаратынын ичинде болгонун, ал жакка кызды Алтынбек аттуу киши TikTok социалдык түйүнүнө видео тартам деп алдап алып барганын, натыйжада небересинин боюна бүтүп, бала төрөлгөнүн айтып берген. Анын маалымдашынча, милиция Кылмыш-жаза кодексинин “Зордуктоо” беренеси менен иш козгогон, бирок тергөөчү ДНК маселесине байланыштуу ишти бир жылга токтотуп койгон бойдон кайра уланта элек жана Орусияда жасалган тест баланын атасы Алтынбек экенин тастыктаганына карабастан ал кайрадан Казакстандан 600 долларлык тест жасатууну талап кылган.

Акыйкатчы баланын атасы ким экенин бир жыл күтпөстөн кош бойлуу кезинде эле аныктаса болорун, тергөөчүнүн тестти бала бирге чыккандан кийин жасатуу талабы канчалык туура болгонун аныктоо керектигин айткан.

Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, 2022-жылы Кыргызстанда зордуктоого кабылган балдар боюнча 52 кылмыш иши козголгон, алардын бирөө тараптар элдешип алганы үчүн кыскарган, үч иш кылмыш жасаган адам аныкталбаганына байланыштуу токтоп турат, 34ү сотко кеткен, тогузу тергелип жатат. Талдоочулар расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай турганы, бул сандар "айсбергдин чокусу" гана экенин айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG