Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:08

"Система": Мобилизация жарыялангандан кийин Орусиядан 250дөй дарыгер чыгып кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылдын 27-сентябрында Москвадан Астанага (Казакстан) 250 жүргүнчүсү бар учак келген. Бул тууралуу "Свобода" радиосу менен "Настоящее времянын" "Система" иликтөө долбоору билдирди. Маалыматка караганда, алар бир апта мурда жарыяланган мобилизациядан чочулашкан. Каттамды белгилүү доктур уюштуруп, жүргүнчүлөр чартерди ижарага алуу үчүн акча чогултушкан. Жетпей калган каражатты Forbes тизмесине кирген, санариптик технологиялар багытанда иштеген орусиялык миллиардер төлөгөн.

Кесиптештерин эвакуациялоону уюштурган дарыгердин жана учактын акысын жарым-жартылай төлөгөн ишкердин аты-жөнүн үч жүргүнчү "Системага" билдирген. Редакция булактардын өтүнүчү боюнча жана дарыгерлерлердин коопсуздугу үчүн алардын аты-жөнүн ачыкка чыгарбайт.

Москвадагы онколог, жеке клиниканын ээси Михаил Ласков ушул каттамда болгонун, бирок башкалардан айырмаланып Орусиядан кетүүнү чечпегенин, анда-санда барып келип жатканын билдирген. Алгач учак Армениянын борбору Ереванга конууну пландаган.

Жүргүнчүлөргө xек арачылар суроо берип калса, медициналык конгресске деген жасалма чакыруулар жана сувенирлер берилген. Учуп кетер күнү, 27-сентябрда Еревандын Звартноц аэропорту чартердик каттамдарды кабыл алуудан баш тарткан. Мындан улам "медициналык учактын" уюштуруучулары рейсти жана "жасалма" конгрессти Астанага жылдырышкан. Орус бийлиги ага кийлигишүүгө аракет кылган эмес.

Мыйзам боюнча медициналык билим алган орусиялыктар жынысына карабай аскерге барууга милдеттүү. Аял дарыгерлер дагы запаста турушат. Аларга аскердик билетти коллежди же медициналык университетти аяктагандан кийин беришет.

Орусия Украинага басып кирген 2022-жылдын февраль айынан тартып өлкөдөн бир нече миң дарыгер чыгып кеткен. "Система" алардын саны жалпы дарыгерлердин 2% азыраагын түзөрүн жазды.

Мобилизация былтыр 21-сентябрда башталган, расмий бийлик жараян октябрдын соңунда аяктаганын билдирген. Бирок президент Владимир Путин мобилизация бүткөнү тууралуу мыйзамга кол кое элек.

Быйыл февраль айында "Пояснительная записка" долбоору орус бийлиги аскерге милдеттүүлөрдүн маалыматтык базасынын тесттик версиясы даярдалганын жазган. Түзүлгөн база керектүү сандагы жарандарды тез арада фронтко жөнөтүүгө жана аскерден качкандар үчүн чек араны жабууга мүмкүндүк берет. Киев Орусияда жапырт аскерге чакыруу башталат деген божомолун бир нече жолу айтып чыккан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG