Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:48

Google компаниясы жаңы Bard чат ботун ишке киргизди


ChatGPT ботунун артынан эми Google компаниясы жасалма интеллектиге негизделген Bard аттуу кызматты ишке киргизди.

Азырынча Bard АКШ менен Улуу Британияда гана иштейт жана аны 18 жаштан өткөндөр колдоно алат. Иштеп чыгуучулар азырынча аны эксперимент деп атап, ChatGPT’ге караганда артыкчылыктары жана кемчиликтери бар экенин белгилешүүдө.

Былтыр ноябрда америкалык OpenAI компаниясы ChatGPT жасалма интеллектин ишке киргизген. Төрт айга жетпеген аралыкта аны колдонгондор дүйнөдө 100 миллионго жеткени айтылат.

Bard менен атаандашы ChatGPT ортосундагы негизги айырмачылыктардын бири - Google боту эң акыркы маалыматка ээ.

Bard ошондой эле издөө системасына түз өтүүгө мүмкүндүк берген Google It баскычына ээ. Мындан тышкары, Google чаты колдонуучунун суроосуна жооп алуу үчүн маалымат алган булактарды тизмектеп берет.

Bard боту адепсиз мазмундагы суроолорго жооп берейт. Анын чыпкалары зыяндуу, мыйзамсыз, же жеке маалыматтарды бөлүшпөйт. Иштеп чыгуучулар чат-боттун керексиз маалыматтан коргоо системалары кээде иштебей калышы мүмкүндүгүн да эскертишүүдө.

Чат-бот, же адам менен диалог түзө алган компьютердик программа акыркы бир нече айдын ичинде интернетте төңкөрүш жасады. Жасалма интеллектиге негизделген чат-боттор маалымат издейт жана суроолорго жооп берет. Тапшырмага ылайык эссе, ыр жазып, программалык код түзө алат. Андан тышкары, бизнес презентацияларды жана жарнамалык тексттерди даярдайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG