Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Укук коргоо уюмдары Беларуста кармалган тажик активистин бошотууга үндөдү


Низомиддин Насриддинов.
Низомиддин Насриддинов.

Тажикстандагы жергиликтүү жана эл аралык тогуз уюм, анын ичинде Human Rights Watch, норвегиялык Хельсинки комитети жана "Вясна" уюму беларус бийлигин саясий активист Низомиддин Насриддиновду Дүйшөмбүгө өткөрүп бербөөгө чакырышты.

Укук коргоо уюмдарынын 21-мартта жарыяланган кайрылуусунда, Тажикстанда тыюу салынган "Группа 24" кыймылынын активисти мекенине депортацияланса, катаал мамилеге жана кыйноого кабылышы ыктымал экени айтылат. Буга чейин Беларустун Башкы прокуратурасы Тажикстандын өтүнүчүн канааттандырып, Низомиддин Насриддиновду мекенине экстрадицялоо жөнүндө чечим чыгарган.

Эл аралык укук коргоо уюмдары Германия Насриддиновго саясий башпаанек бергенин, аны Дүйшөмбүгө кайтаруу мыйзамсыз экенин белгилешет.

35 жаштагы Насриддинов быйыл 8-январда беларус чек арасынан өтүп баратканда кармалып, ошондон бери Гродно шаарындагы тергөө абагында камакта отурат. 21-февралда Тажикстандын Башкы прокуратурасы аны экстрадициялоо өтүнүчү менен беларус тарапка кайрылган.

Низомиддин Насриддинов 2015-жылдан бери Германияда жашап келген. Бул өлкөнүн бийлиги анын өзүнө жана үй-бүлө мүчөлөрүнө башпаанек берген.

Тажикстанда Насриддиновго каршы "Экстремисттик ишмердүүлүккө ачык чакырык жасоо" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Эгер ал бул берене боюнча күнөөлүү деп табылса, үч жылдан беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тажикстандын бийлиги Насриддиновдун кармалышы боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Низомиддин Насриддинов Беларустун Башкы прокуратурасынын чечимине каршы даттанган. Анын арызы марттын аягында каралат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG