Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:05

Зеленский Бахмутта салгылашып жаткан аскерлерди сыйлады


Президент Зеленский Бахмут багытында мекенин коргоп жаткан украин аскерлери менен.
Президент Зеленский Бахмут багытында мекенин коргоп жаткан украин аскерлери менен.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-мартта Бахмуттун жанындагы фронтко барды.

Президенттин басма сөз кызматы Зеленский Бахмуттагы кан күйгөн майданда мекенин коргоп жаткан аскер кызматкерлери менен жолугуп, аларга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырганын кабарлады.

"Бүгүн бул жерде - мамлекетибиздин чыгышында, Донбасста болуу жана биздин баатырларыбызды сыйлоо мен үчүн сыймык. Мамлекетибизди, эгемендигибизди коргоп жатканыңыз үчүн ыраазчылык билдирем", — деди ал.

Бул Зеленскийдин Бахмутка акыркы үч айдагы экинчи сапары. Декабрда АКШга барар алдында Бахмутка келип, баатыр жоокерлерге медалдарды тапшырган.

Орусиялык күчтөр акыркы айларда Бахмут калаасын жана айланасындагы шаар-кыштактарды алуу үчүн чабуулдарын күчөткөн. Кармаштар Лиман, Авдеевка, Маринка жана Шахтерскиде да уланууда.

Зеленский буга чейин өлкө чыгышында "тагдыр чечкен кармаш" жүрүп жатканын айткан.

Бахмут үчүн күрөш былтыр Орусия Украианага кол салгандан берки эң узак салгылашуу болуп калды. Аскердик аналитиктер эки тарап тең чоң жоготууларга учураганын белгилеп жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG