Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Быйылкы Орозо айы дүйнөдө экономикалык кризиске туш келди


Газадагы базарда орозого даярдык. 18-март 2023-жыл
Газадагы базарда орозого даярдык. 18-март 2023-жыл

Бейшембиде мусулмандардын ыйык Орозо айы башталды. Быйылкы рамазан Жакынкы Чыгышта жаңжалдарды жөнгө салуу аракеттери көрүлүп, Украинадагы согуштан улам экономикалык кризис өкүм сүрүп, Түркия менен Сирия 52 миң кишинин өмүрүн кыйган зилазалынын кесепеттерин жоюу иштерин улантып жаткан маалга туш келди.

Израил жана Палестинанын лидерлери ыйык айда чыңалууну басаңдатууга убада кылышкан. Чыгыш Иерусалимде жана Иордан дарыясынын батыш жээгинде бир нече айдан бери зордук-зомбулук учурлары катталып келген.

Муну менен катар Газадан Хартум жана Тунистен Санага чейинки базарларда баалардын асмандашы орозо кармагандарды камтама кылууда. Араб өлкөлөрүнүн көбү Чыгыш Европадан импорттолгон буудай, арпага көз каранды.

Иракта мисалы азык-түлүктүн айрым түрлөрүнө баалар 500% өскөн.

Бангладештин башкалаасы Даккада өкмөт субсидиялаган күрүч же ун алууну каалагандар узун кезекте турууга аргасыз.

Пакистан бийлиги дагы капчыгы жука, муктаж болгон элге ун таратуу көрсөтмөсүн бергени менен жергиликтүү тургундар бул жетишсиз деп айтышат. Расмий статистикага караганда, февралда өлкөдө инфляция 30% ашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG