Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:33

Орусиянын атайын кызматы крым татар активистин белгисиз жерге алып кетишти


Крым татарлары мечитте. Иллюстрациялык сүрөт
Крым татарлары мечитте. Иллюстрациялык сүрөт

23-мартта орусиялык күч түзүмдөрү крым татарларынын Курултайынын делегаты Мустафа Мустафаевдин үйүн тинткенден кийин аны уулу менен кошо белгисиз жерге алып кетишти. Мындай маалыматты активисттерге таянып “Крым тилектештиги” коомдук уюму таратты.

Тинтүүнүн себеби айтылган жок.

Украинанын жарым аралы оккупациялангандан кийин Орусиянын атайын кызматы утур-утур кармоолорду жана камоолорду жүргүзүп келатат. 2015-жылдан бери Крымда жана Севастополдо мусулмандарды "Хизб ут-Тахрир" уюмуна тиешеси бар деген негизде кармашууда.

Уюмга Орусияда тыюу салынганы менен ал Украинада мыйзамсыз болуп эсептелбейт.

Киевдин өкүлдөрү крым татарларынын камалганын айыптап, муну “украин жарандарынын укуктарын бузуу” деп атады жана аларды дароо бошотууну талап кылууда.

XS
SM
MD
LG