Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Кулубаев Орусиянын тышкы иштер министринин орун басарын кабыл алды


Олег Сыромолотов менен Жээнбек Кулубаев.
Олег Сыромолотов менен Жээнбек Кулубаев.

Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 23-мартта Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Олег Сыромолотовду кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, пландалган иш-чараларды өткөрүү жана учурдагы актуалдуу маселелер талкууланганы айтылат. Тараптар ошондой эле күн тартибинде турган аймактык жана эл аралык маселелерди да сүйлөшкөн.

ТИМдин маалыматына ылайык, Сыромолотов жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууга байланыштуу кыргыз-орус кеңешмесине катышуу үчүн Бишкекке келген.

Кыргыз бийлиги Орусияны башкы стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп келет. Орусия Украинага кол салгандан бери расмий Бишкек бул маселеде бейтарап позицияда экенин билдирип келет. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG