Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:45

Июнь окуясы: Сотто Токон Мамытов көрсөтмө берди


Токон Мамытов.
Токон Мамытов.

Июнь окуясы боюнча ишти кароо Бишкектин Биринчи май райондук сотунда 23-мартта уланып, анда коомдук ишмер Токон Мамытов күбө катары көрсөтмө берди. Ал Июнь окуясы боюнча ошол кезде түзүлгөн парламенттик комиссиянын төрагасы катары чакырылганын өзү “Азаттыкка” ырастады. Өзүнө Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетиши боюнча суроо берилгенин айтты.

“Бул биздин компетенциябызга кирбеген маселе болгон. Буга күч органдары жооп бериши керектигин айттым”, - деди Мамытов.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдиргендей, кийинки отурум 30-мартка белгиленди.

Июнь окуясы боюнча кылмыш ишине мурдагы президент Алмазбек Атамбаев, ошол кездеги коргоо министри Исмаил Исаков, УКМКнын мурдагы төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, Жалал-Абад облусунун мурдагы губернатору Бектур Асанов жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Бактыбек Алымбековго “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып коюлган. Дүйшөбаев жана Асанов башка кылмыш иши менен камакта отурушат.

Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) былтыр жазында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын жарыялаган. Анда кылмыш иши Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы башчысы, кооганын чыгышына күнөөлүүлөрдүн бири деп аталган маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Кылмыш иши боюнча былтыр 20дай саясатчы сурак берген. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн тышкары учурдагы президент Садыр Жапаров жана атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев дагы сурак бергени расмий маалымдалган.

Расмий маалыматка ылайык, 12 жыл мурда болгон Июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукулу ар кандай деңгээлде жараат алган. 57 адам дайынсыз жоголгон, алардын 15тен ашыгы ушул күнгө чейин табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, өлкөдөн чыгып кеткен ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себеп болду" деген корутунду чыгарган.

Кадыржан Батыров 2018-жылы 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда көз жумган. Курманбек Бакиев ушу тапта Беларуста баш калкалап жүрөт. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG