Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:29

Беларуста чекисттер менен атышуу тууралуу макала жазган кабарчы соттолду


Геннадий Можейко. Архивдик сүрөт
Геннадий Можейко. Архивдик сүрөт

Минскиде сот “Комсомольская правда в Беларуси" гезитинин мурдагы кабарчысы Геннадий Можейкону үч жылга колонияга кести. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун беларус кызматы ага Александр Лукашенкого акаарат келтирүү жана социалдык жек көрүүгө шыкактоо айыбы тагылганын жазды. Тергөө журналист “экстремисттик ишмердикке кызыккан” жана “саясий, идеологиялык жер көрүүчүлүккө” таянып аракеттенген деп билдирди. Можейко күнөөсүн моюнга алган жок.

Кабарчы атайын кызматтын кызматкерлери менен өз үйүндөгү атышууда каза тапкан Андрей Зельцер деген программист тууралуу макала жазган. Окуя 2021-жылдын сентябрында болгон. Ошондо бир чекист да окко учкан. Макалада Зельцердин классташы ал жөнүндө айткан жагымдуу сөздөр камтылган. Материал гезиттин сайтында бир нече мүнөт эле илинип туруп, алынган.

Бийликтин реакциясынан чочулаган Можейко Орусияга качып, андан ары чет өлкөгө жөнөөнү көздөгөн. Бирок аны аэропортто кармашкан жана Беларуска кайтарышкан.

Атышуунун чоо-жайы тууралуу үзүл-кесил маалымат берилген. Окуяны социалдык тармактарда комментарийлеген бир нече киши буга чейин соттолгон.

Ошондой эле депутаттардын бири жарандар менен жолугушуп жатканда журналист Лукашенконун дарегине жаман сөз айткан деген айып тагылды. Можейко андай болгонун четке кагууда.

Ал буга чейин тергөө абагында өткөргөн мөөнөттү эске алганда, тогуз айдан кийин эркиндикке чыгышы ыктымал.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG