Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:12

ЕБ Киевди артиллериялык дүрмөттөр менен камсыздоо планын бекитет


Украин аскерлери Бахмуттун жанында. 17-март 2023-жыл
Украин аскерлери Бахмуттун жанында. 17-март 2023-жыл

Евробиримдиктин лидерлери Брюсселдеги жыйында БУУнун Баш катчысы Антонио Гутерриш менен Украинадагы согушту талкуулап жатышат. Дипломаттардын айтымында, жетекчилер азык-түлүк коопсуздугун, Орусияга каршы санкцияларды кеп кылышарын билдиришкен. Алар менен видео байланышка украин президенти Владимир Зеленский чыгары күтүлүүдө.

Лидерлер Киевди көбүрөк артиллериялык снаряддар менен камсыздоо планын бекитишмекчи. Тиешелүү документти 20-мартта шаркеттин тышкы иштер министрлери жактырган.

Украин бийлиги Батыштагы өнөктөштөргө кайрылып, көп сандагы 155-мм дүрмөттөргө муктаж экенин билдирген. Маалыматтарга караганда, расмий өкүлдөр Украина аларды тез керектеп жатканын, союздаштар керектүү көлөмдөгү дүрмөт чыгарууга үлгүрбөгөнүн эскертишти. Андыктан ок-дарынын запастарын табуу жана өндүрүштү арттыруу аракеттери көрүлүүдө.

Финляндиянын премьер-министри Санна Марин саммит алдында сүйлөп жатып, лидерлер Европада курал-жарак менен ок-дары чыгаруунун көлөмүн көбөйтүү жолдорун талкуулоого тийиш деп айтты.

XS
SM
MD
LG