Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:35

Машине сүзүп кеткен Миргүлдүн балдары акыйкаттык издейт


Коллаж. Маркум Миргүл Айткулованы 30-январда Бишкектеги көчөлөрдүн бириндеги жөө жүргүнчүлөр тилкесинен машине коюп кеткен.
Коллаж. Маркум Миргүл Айткулованы 30-январда Бишкектеги көчөлөрдүн бириндеги жөө жүргүнчүлөр тилкесинен машине коюп кеткен.

Бишкекте жөө жүргүнчүлөр өтчү жерден машине коюп кетип каза болгон Миргүл Айткулованын жакындары акыйкаттык издеп жүрөт. Алар маркумду сүзүп кеткен айдоочуну тиешелүү жазага тартуу өтүнүчү менен бийликке кайрылышты.

Айдоочу жол эрежесин одоно бузуп, киши өмүрүнө забын болгону тууралуу видео далил турганына карабай, укук коргоо органдары аны бошотуп жиберди деп нааразы болуп жатышат. Шектүү тарап комментарий бере элек.

"Бир эмес, эки видеокамерага тартылып калган"

Миргүл Айткулова болгону 50 жашта болчу. Аны 30-январда эртең мененки саат 8.40тар чамасы башкалаанын Фрунзе жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде жөө жүргүнчүлөр тилкесинен машине коюп кеткен. Окуя тартылган видеодон ал жолдон өтүп баратканда Honda Fit үлгүсүндөгү такси катуу ылдамдык менен кызылдан өтүп барып коюп кеткенин көрүүгө болот. Маркум ооруканага оор абалда жеткирилип, үч күн эс-учуна келбей каза болгонун кызы Сауле Айткулова айтып берди:

Сауле Айткулова
Сауле Айткулова

"Айдоочу автоунааны катуу айдап бараткандыктан, апам машине сүзгөндөн кийин бир канча метрге учуп барып, бактын арасына түшкөн. Айдоочу окуя болгондон кийин машинеден эки мүнөттөй чыкпай отурган. Эл топтоло баштаганда гана эшигин ачып чыкканы менен апамды басып барып карап да койгон эмес. Ал тескерисинче, машиненин сынып кеткен бамперин кармалап, темирге кейигени көрүнүп турат. Бул окуя бир эмес, эки камерага тартылып калган. Апам үч күн жандандыруу бөлүмүндө жатып көз жумду, айдоочу болсо эркиндикте. Мен ооруканада жаткан апамдын ойгонушун, тезирээк үйгө кетүүбүздү каалап, "Апа, ойгончу, үйгө кетели" дедим. Бир кезде маңдайынан өбөйүн десем, денеси муздап кетиптир", - дейт сай-сөөгү сыздаган Сауле.

"Сейилдөөгө кеткен бойдон кайтпады"

Эртең менен сейилдөөгө чыккан бойдон үйүнө кайтпай калган Миргүл Айткулованы кызы менен уулу жоктоп отурат. Алар үчүн энесинин орду эми толбойт.

"Апамдын сол кабыргалары сегиз жеринен, оң кабыргалары да сегиз жеринен, далысы, ийин сөөгү жана жамбашы сынып кеткен. Катуу соккудан боору үзүлүп кеткен экен. Апам мындай оор жаракаттарды көтөрө албай, жандандыруу бөлүмүндө үч күн жатып кайтыш болуп калды", - дейт апасын жоктогон уулу Азизкан Айткулов.

Азизкан Айткулов апасы Миргүл Айткулова менен
Азизкан Айткулов апасы Миргүл Айткулова менен

Миргүл ошол күнү уулуна аудио билдирүү жиберип, жаңы жылы менен куттуктап, жакшылыктарды каалаган экен. Бул анын баласына жиберген акыркы билдирүүсү болуп калды. Балдары быйыл баары чогуу Европанын бир канча мамлекетин, Тайландды кыдырып келүү тууралуу кыялдары ишке ашпай калганын айтышып, кабыргасы кайышып турат.

Маркум бир нече жыл Түштүк Кореяда жашап, иштеп келген. Ал жакта кыргыз диаспорасын да жетектеген.

"Жарандар жолдон кооптонбой жашаганга акылуу"

Айткулованын балдары энесинин өлүмүнө кириптер болгон шектүүнү Бишкектин Свердлов райондук соту үй камагына чыгарганын сындап жатышат. Алар күнөөкөр адам өз жазасын алышы керек деп бийликке кайрылышты.

“Кыргызстанда көп жылдан бери пара берүү, ортого тааныш-билиш салуу менен жоопкерчиликтен качуу өнөкөтү бар. Мен президент Садыр Жапаровго жана укук коргоо органдарынын жетекчилерине кайрылам. Бул ишти Биринчи Май райондук сотунда мыйзамдын чегинде адилет карап бериңиздер. Бул бизге гана тиешелүү эмес, бул жалпы кыргызстандыктардын башында турат. Мыйзамды бузган, адам өмүрүн алган кылмышты жасагандар жоопкерчиликтен кача албай турганын, кылмышы үчүн оор жаза күтүп турарын билиши керек. Биздин жарандар жолдо баратканда өз өмүрү, жакындарынын өмүрү үчүн кооптонбой жашаганга акылуу”, - деди Азизкан Айткулов.

"Айдоочу кылганы үчүн өкүнбөдү"

Жабырлануучу тараптын адвокаты Төлөндү Самаков шектүүгө Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-пунктуна ылайык айып коюлганын (Этиятсыздыктан өзгөчө оор залал келтирген жосун) билдирди:

“Бул беренеге ылайык шектүүнүн күнөөсү далилденсе, беш жылдан сегиз жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн. Бирок жол кырсыктарынын бардыгы мыйзам боюнча “кырсык” катары бааланып, ошонун негизинде каралат. Ошондуктан мыйзамдык жеңилдиктер, пробация берүүчү жагдайлар, өтө аз мөөнөткө камакка алуу жактары каралган. Жабырлануучу тараптын башкы нааразылыгы – айдоочу кылганы үчүн өкүнгөн жок. Ал күнөөсүн моюнуна алып аткан жок, кечирим да сураган жок. Демек, бул адам эртеңки күнү жол эрежелерин дагы бузуп, дагы башка адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбейт деп ким кепилдик берет? Бул окуя үлгү болсун, жазасын алсын деп атабыз”.

Миргүл каза болгон жол кырсыгы тартылган видеодон алынды
Миргүл каза болгон жол кырсыгы тартылган видеодон алынды

Азыр иш тергелип бүтүп, материалдар Биринчи Май райондук сотуна өткөрүлүп берилген. Сот шектүү кан басымы кескин жогорулап кеткендиктен үй камагына чыгарылганын жүйө келтирүүдө.

Бишкек шаардык сотунун басма сөз катчысы Айсулуу Жаасынова буларды маалымдады:

"3-февралда Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен айыпталуучу 20-февралга чейин камакка алынган. 15-февралда тек-жайы жана жашаган жери аныкталганын, мурда соттолбогонун, жашы улгайып калганын жана ден соолугун эске алып, бөгөт чарасы 2-мартка чейин үй камагына өзгөртүлгөн. 1-мартта анын бөгөт чарасы бир айга узартылган",- деп айтылат маалыматта.

"Азаттык" айдоочу Камылжан Маматовдун өзү жана жакындары же адвокаты менен байланыша алган жок.

"Айдоочу мас абалында болгон"

Кыргызстанда жол кырсыктарынан Миргүл Айткулова сыяктуу жүздөгөн кырчындай өмүрлөр кыйылды. 21-мартка караган түнү Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Чоң-Жаргылчак айылында жол жээгинде токтоп турган автоунааны маңдай жактан келаткан машине сүзүп, эки киши каза болду.

"Түнкү саат 02:00дө жол тосуп турган адамды сала кетейин деп Audi машинесинин айдоочусу токтогон. Жүргүнчүнү отургузуп жаткан учурда аны Volkswagen Golf үлгүсүндөгү унаа сүзгөн. Жыйынтыгында Audi машинесинин 22 жаштагы айдоочусу, жүргүнчү аял окуя болгон жерден каза тапкан. Дагы бир жүргүнчүсү ооруканага жеткирилди. Сүзгөн унаанын айдоочусу жана жүргүнчүсү ооруканага жеткирилген. Азыр алардын абалы туруктуу. Окуяга байланыштуу тергөө иштери жүрүп атат. Шектүү ооруканада кайтарууга алынган", - деди Ысык-Көл облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын өкүлү Мирлан Аким уулу.


Милиция кырсыкка себепкер болгон айдоочу мас абалда экени аныкталганын билдирүүдө.

"Жаш өмүрү жайран болгон Айза"

Быйыл 9-январда 24 жаштагы Айза Улан кызын жөө жүргүнчү өтчү тилкеден машине уруп кетип каза болгондон кийин жол кырсыктарына байланышкан маселе көтөрүлгөн. Аны сүзгөн машиненин айдоочусу окуя болгон жерден качып кетип, коомчулуктун талкуусуна түшкөн. Кийин милициянын мурдагы кызматкери кармалып, сот аны үй камагына чыгарганы ар кандай сын-пикирлерге жем таштаган.

Он гүлүнүн бири ачыла электе кайтыш болгон студент кыздын жакындары да соттун чечимине нааразы болуп, бийликке, коомчулукка кайрылышкан. Ал учурда да сотто айдоочунун өнөкөт оорусу бар деген жүйө менен чечимдер өзгөргөн эмес.

Айза Улан кызы
Айза Улан кызы

Жол кырсыгына күнөөлүү тараптар өз жазасын албай жатканына нааразы болгондордун саны арбыганын парламент депутаты Дастан Бекешев белгиледи:

Дастан Бекешев
Дастан Бекешев

“Мындай окуялардан улам сот органдарына, милицияга нааразы болгондор абдан көп. Сот шектүүлөрдүн “ден соолугуна байланыштуу” деп үй камагына чыгарып коюп атат. Тергөө абагына камакка алынган адамды жанагыдай жеңилдик берүүчү жагдайларга карабай камап салса, кооптуу болуп калат. Себеби тергөө абагында жатып ден соолугу кескин начарлап же кайтыш болуп калса, ал үчүн жоопкерчиликти мамлекет алып калат. Президент Жапаров мындай маселелерге өзү аралашып жүрөт, ал кишиге кайрылуу зарыл. Болбосо Жогорку Кеңеш мындай маселелерге кийлигише албай жатат”.

Расмий маалыматка ылайык, 2022-жылы мурдагы жылга салыштырмалуу автоунаа кырсыктары 5,3%, каза болгондор 20,5% азайган. Кыргызстанда 1 миллион 400 миңдей машине бар. ИИМдин эсебинде жол кырсыктарынын 80% айдоочулардын күнөөсү менен байланыштуу.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы былтыр 7 040 жол кырсыгы болуп, 11 миң 49 киши жаракат алып, 690 адам каза болгонун январь айынын этегинде билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG