Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:26

"Док-1 Максты" чыгарган индиялык компаниянын лицензиясы токтотулду


"Док-1 Макс" дарысын чыгарган индиялык Marion Biotech компаниясынын лицензиясы токтотулду. Уттар-Прадеш штатынын Баңгизаттарды көзөмөлдөө департаменти ушундай чечим кабыл алганын, бул жагдай Өзбекстанда ушул сиропту ичкен бир канча баланын өлүмүнө байланыштуу экенин Hindustan Times гезити жазды.

Маалыматка ылайык, марттын башында полиция компаниянын өндүрүш жетекчисин жана эки илимий кызматкерин камакка алган. Учурда ишкананын дагы эки жетекчиси изделүүдө.

Буга чейин "Азаттык" Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму үч өлкөдө жөтөлгө каршы бул сироптон каза болгон 300дөй баланын өлүмүн иликтеп жатканын билдирген.

Былтыр жыл соңунда Өзбекстанда "Док-1 Макс" сиропун ичкенден кийин 20 бала чарчап калганы ачыкка чыккан. Бул окуядан Кыргызстандын дарыканаларында да бул дарыны сатууга убактылуу тыюу салынган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG