Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:03

Украинада Константиновкага урулган ракеталык соккудан үч аял набыт болду


Согуш болуп жаткан жерлердин бири.
Согуш болуп жаткан жерлердин бири.

Орусия 24-мартка караган түнү аткан ракета Украинанын Константиновка калаасындагы көзөмөл-өткөрүү пунктуна тийип, үч адам набыт кетти. Алар айыгышкан согуш болуп жаткан Бахмут калаасынан жер которуп келген аялдар экенин, урандылардын астында калып каза болушканын Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди. Дагы эки киши жараат алган.

Тергөөнүн маалыматына караганда, орустар С-300 зениттик-ракеталык комплексинен аткылаган.

Прокуратура Украинанын Кылмыш-жаза кодексиндеги Согуш мыйзамдарын жана салттарын бузуу беренеси менен кылмыш ишин козгоду.

Константиновка шаары Донецк облусунда жайгашкан.

Андан тышкары, Орусия 24-мартка караган түнү Украинанын Кривой Рог калаасына дрондон сокку урду. Днепропетровск облусунун аскердик админстрациясынын башсысы Сергей Лысак жабыркагандар жоктугун билдирди.

Анын айтымында орустар колдонгон ирандык "Шахед" учкучсуз учактарынын бирин украиналык аскерлер атып түшүрдү. Андан тышкары, шаар беш зениттик ракета менен аткыланды. Кол салуунун кесепети иликтенип жатат.

Түн жарымында калаада абадан эскертүү жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG