Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

Орто-Токой чакан ГЭСин куруу келишимине кол коюлду


Келишимге кол коюу. 2023-жылдын 24-марты.
Келишимге кол коюу. 2023-жылдын 24-марты.

Кыргызстан Орто-Токой чакан ГЭСин Кытай менен бирге курмай болууда. Бүгүн 24-мартта «Чакан ГЭС» ишканасынын башкы директору Нурлан Садыков жана China National Heavy Machinery Corporation компаниясынын вице-президенти Женг Хансонг келишимге кол коюшканын Энергетика министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, жалпы кубаттулугу 21 МВт түзгөн үч гидроагрегаттуу станция өлкөнүн суу ресурстарын туура колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Аталган ГЭС Орто-Токой суу сактагычында курулат. Келишимдин шарттары, каржылык жагы тууралуу азырынча маалымат бериле элек.

“Орто-Токой суу сактагычы ― Кыргызстандагы эң алгачкы курулган суу сактагыч. Ал Чүй суусунун агымын жөнгө салып турат жана 120 миң гектар жерди сугарууга колдонулат. Чакан ГЭСтин иштеши сугат иштери менен жөнгө салынат”, - деп билдирди министрлик.

Кыргызстан быйылкы кышты оор энергетикалык каатчылык менен өткөрдү. Өлкө ичинде өндүрүлгөн энергия жетишпегендиктен тартыштыкты импорт менен жабуу үчүн эл аралык финансы институттарынан насыя алууга аргасыз болду. Буга карабай өкмөт гидроэнергетика жаатында ири долбоорлорду баштап жатат. Өкмөттө Камбар-Ата-1 ГЭСи баш болгон бир нече каскаддар жана чакан ГЭСтер өлкөнү энергетикалык көз карандылыктан арылтат деген үмүт бар.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG