Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:40

Кулов Март ыңкылабынын себептери, Бакиев менен тандеми тууралуу


24-март, 2005-жыл. Бишкек
24-март, 2005-жыл. Бишкек

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ар-намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов 24-март - Март ыңкылабынын күнүнө карата бийлик алмашуу менен аяктаган окуяларды эскерип "Азаттыкка" маек курду.

- Март ыңкылабынан бери дээрлик 20 жылдай убакыт өттү. Ошондон бери көптөгөн жарандар, эксперттер, саясатчылар ал окуяларга башкача да баа бере баштады. Сиз ошол окуялардын Кыргызстандын тарыхындагы таасирине кандай баа бересиз?

Феликс Кулов
Феликс Кулов

- Менимче, бул окуяларга баа берүү дагы алдыда. 2005, 2010-жылдагы жана 2020-жылдагы окуялардан кийин бийликке келгендер легитимдүү шайлоолордун эмес, төңкөрүш дейбизби, ыңкылап дейбизби ошонун негизинде келген да. Сооронбай Жээнбековдон башка президенттердин баары ушунун негизинде бийликке келген. Эгерде Алмазбек Атамбаев дагы бир мөөнөткө калса, анын бийлиги эмне менен бүтмөгү белгисиз. Ошол маалда элдин нааразылыгын жараткан олуттуу маселелер болгон. Урушуп-талаша тургандардын баары менен урушуп-талашкан. Канча адам жоопко тартылган. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, саясатчылар камалган. Мындай көрүнүштөр токтогон эмес.

Тилекке каршы, бул окуялардан биз күчтүү оппозиция түптөй алган саясий маданияттуулуктун деңгээлине жеткен жокпуз деген тыянак чыгарса болот. Бийлик алмашууга алып келген чечимдер кокусунан болгон. Бул бийлик кетти эми башкасын коелу деген тажрыйба болгон. Байкадыңарбы, бир дагы президент, жадагалса ошол эле Сооронбай Жээнбеков дагы атайын программасы менен келген эмес.

- 2005-жылдагы 24-марттагы окуялар андан кийинки бийлик күч менен басып алуу тажрыйбасына жол ачкан жокпу?

- Мен ошол учурга келатам. Бийликти мыйзамдуу түрдө өткөрүп берүү болбогондуктан ушундай тажрыйбага жол ачылды. Мен ушул жерден элдин менталитетине дагы токтолгум келет. Биз кыргыз эли тууралуу эмне десек дагы, кемчиликтерибиздин баарын эске алсак дагы бизде эң сонун мүнөз бар: биз акыйкаттыкты баарынан бийик коебуз. Бул мүнөзүбүз кайсы бир учурларда айкын көрүнүп калат. Эл мындан ары мындай болбосун көргөндө акыйкаттыкты талап кылып чыгат.


- Март ыңкылабынан кийин келген бийлик көпкө кармалган жок, Курманбек Бакиевдин бийлиги беш жылдан кийин кан төгүү менен аяктады. Буга сөз эркиндигине басым, алтургай журналисттер киши колдуу болду, кол салган окуялар орун алды. Саясий оппоненттерин жок кылган, жарандык коом кысымга кабылган учурлар катталды. Ушундай эле окуялар Март ыңкылабына чейин дагы орун алган. Сиздин пикириңизде, эмне үчүн бийликтеги саясатчылар акыйкатсыздык, корруппция, жарандардын укугу тууралуу айтып чыккандарды уккан эмес? Бул маселелерди ачык айткандарга кысым кылган?

- Адамды бийлик берип сынап көр деген сөз бар эмеспи. Баары эле бул сынактан өтө албайт экен. Мисалы, Аскар Акаев башында жакшы болчу, өлкөдө демократияны орнотууга көп аракет кылган. Менин эсимде, анын башында трибунадан чыгып сүйлөгөндө кийген бир эле костюму бар болчу. Андан кийин ал бийликтин даамын сезе баштады. Качан анын үй-бүлөсү талап кыла баштаганда анын костюмдары эмес, Кумтөр өңдүү маселелер жаралды. Баса, мен ушул Кумтөрдүн айынан, Акаевдин саясатына макул болбой вице-президент кызматынан кеткем. Бул жагдай менин андан ары дагы каршылык жарата бербешим үчүн кийин түрмөгө отургузуунун бир себеби болгон. Мен Курманбек Бакиев менен тандемге барганда ага мурдагылардын катасын кайталабайлы деп айткам.

Мен Бишкектин коменданты болгонумду, эч кимди эч качан күч менен кууп таратпаганымды айткам. Азыр мага эч ким "демонстранттарды кууп тараткансың", "митингге чыккандарды камаганысың" деп айта албайт. Болбосо мен муну комендаттык саат маалында жасоо колумдан келмек. Бакиев болсо мага "Ак үйдүн тосмосуна кимдин колу тийсе аны атканга чейин барам" деген. Ага "мен премьер-министр болуп турганда сен мындайга барбайсың" деп эскерткем.

Мисалы, Фрнциядагы окуяларды карасаңар, элдер митингге чыгып жатат. Башкаруучулар элге көкөйүнө тийген нерсени айтып алышына мүмкүнчүлүк түзүп бериши керек. Ошол эле маалда кырдаалды көзөмөлдөн чыгарбашы зарыл. Бул биринчиден башкаруу жөндөмү, уюштуруучалар менен мунаса таап, алар менен иштеше билиши керек. Ар дайым мунасага алып келген чечимдерди табыш керек. Мен Аскар Акаевдин тушунда коопсуздук министри болуп турганда ал менден мени журналисттер каалагандай сындай берсин, бирок балдарыма, үй-бүлөмдү сындабасын деген.

Ошондо Мелис Эшимканов баштаган айрым журналисттерди чакырып, мени, Акаевди, бийликти сындай бергиле, Акаевдин үй-бүлөсүн жайына койгула дегем. Биз ошентип сүйлөшкөнбүз. Акаев деле башында ушундай керек экенин түшүнгөн. Башында ал пикирлердин плюрализми керектигин, президентке чейин сындаса болорун айтып жүрчү. Кийин баары өзгөрүп, балдары бийликке келгенге аракет кылып, аялынын таасири күчөп, ал эмнеге алып келгенин баарыбыз билебиз.


- Март ыңкылабынан кийин айрыкча айрым жаштар оптимисттик маанайда жүргөн, ошол окуяларга суктануу дагы пайда болгон. Бирок бир канча айдан кийин эле мындай маанай өчтү. Буга сиздин Курманбек Бакиев менен тандемге барганыңыз дагы бир себеп болду. Эми 18 жылдан кийин ошол тандем тууралуу эмне айта аласыз?

-Ошол маалда эл арасында, айрыкча өлкө түндүгүндө мени колдогондор бар экенин сезчүмүн. Алар менин альтернатива болушумду каалашкан. Мени менен Азимбек Бекназаров байланышкан. Ал мага 14 жылдан бери Акаев башкарып келгенин, Бакиев башында турган революциянын негизинде мен түрмөдөн бошотулганымды айтты. Эгерде сиз альтернатива болуп чыксаңыз элди дагы экиге бөлүп алабыз, балким Бакиевге премьер-министр болосуз деди. Мен аларга силерден эч нерсенин кереги жок дедим. Бирок туруктуулук үчүн даярмын дедим. Бирок кийин мага Бакиевдин жакындары айтты, ошол тандем түзүлгөндө эле Бакиев "мен Куловду жакында кулатам" деп айткан экен. Акаев, Бакиев дегенде такай эле менин атым дагы кошо аталат, мен буга философиялык жактан эле карайм. Алар эмне болгонун баарыбыз билебиз да, ошол маалда мен алардын командасында болбой калганыма шүгүр дейм.

- 2005-жылы бийлигенен ажыраган Аскар Акаев учурда толук акталгандай болуп калды. Анын тушунда абакта отуруп чыккан адам катары бул жагдай тууралуу эмне айта аласыз?

- Аскар Акаевди эч бир сот актаган жок. Иши мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу кыскарды. Бул акталды дегенге жатпайт. Ал эми саясий актоо деген нерсе болбойт. Анын көрсөтсмөсү балким, Кумтөр боюнча юридикалык талаш-тартышта жардам бергендир, болгону ошол. Балким, ал азыр өлкөсүнө каалаган убакта каалашынча келе алаттыр. Мен ага карата куугунтук, басым болбошу керек деп ойлойм. Мейли келе берсин, тууган-уругунун бейитине барып турсун, бул эми ал үчүн маанилүү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG