Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:10

Март окуясынан кийинки кандуу өлүмдөр


2005-жылдын 24-мартындагы окуядан көрүнүш.
2005-жылдын 24-мартындагы окуядан көрүнүш.

2005-жылдын 24-мартынан кийин Кыргызстанда буюртма адам өлтүрүүлөр көбөйгөн. Айрымдар аны Курманбек Бакиевдин кандуу режиминен көрсө, айрым эксперттер кландык жана криминалдык күрөштөрдүн натыйжасында кан көп төгүлгөн дешет.

2005-жылдын 24-мартында Аскар Акаев Кыргызстандын бийлигинен кеткенден кийин Курманбек Бакиев эки тизгин бир чылбырды колго алган. Март окуялары жарандардын коррупцияга жана үй-бүлөлүк башкарууга каршы күрөшүнүн жеңиши катары гана эмес, андан кийинки буюртма киши өлтүрүүлөрү менен да эсте калган. Өлкөдө бир катар депутаттар, коомдук ишмерлер жана атактуу адамдар киши колдуу болушту. Андай кандуу өлүмдөрдүн айрымдарынын артында кимдер турары ушул күнгө чейин табышмак.

Оппозициялык кыймылдын аракеттери, Аскар Акаевдин алгач Аксы окуясында, кийин парламенттик шайлоодо кетирген каталарынын аркасында 2005-жылдын 24-мартында борбордук аянтта чогулгандар президентти качууга аргасыз кылган.

Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдирасулова 2005-жылдын 24-мартында чындап элдик толкундоо болгон, ага өлкөнүн баардык булуң-бурчунан бийликтен тажаган активдүү адамдар катышкан деген пикирде.

"Дайыма эки нерсеге токтолгум келет. 2010-жылдагы Апрель окуяларына, 2020-жылдагы Октябрь окуяларына караганда 24-мартта өтө чоң толкундоолор Кыргызстандын баардык аймактарын камтыган. 24-мартта бир күндө эле болуп калган эмес, 24-марттын башталышы 2000-жылдардан Аскар Акаев үчүнчү мөөнөткө баргандан, ага байланыштуу көп күндүк митинг, пикеттерден, андан кийинки Аксы окуясынан башталган. Эгер Акаев үчүнчү мөөнөткө баруудан баш тартканда балким Аксы окуясы дагы, балким 24-марттагы окуя да болмок эмес, балким биз укуктук талаадан минтип кайра-кайра чыгып кетпейт болчубуз. Бул ойго ушул күнгө чейин көзүм жетет, майрам катары эч кимди куттуктабайм. Себеби 24-мартта канчалаган ишкерлер жапа чекти, дүкөндөрү, товарлары талкаланып, өрттөлдү, канчалаган милиция кызматкерлери токмоктолду... Мен булардын баарын көргөм. Биз ошол убактагы оппозиция өкүлдөрүнө ишенген экенбиз. Бирок биз 24-марттын жемиштерин уурдаттык".

Жарандык активист Мавлян Аскарбеков ошол 2005-жылдын Март окуяларынан кийин жаштык куракта бир катар курбалдаштары менен жаңы келген бийликтен үмүтү чоң болгонун, тилекке каршы, эч нерсе өзгөрбөгөнүнөн мигрант катары чет мамлекетке кетүүгө аргасыз болгонун кеп салды.

"Бир эле Аскар Акаевдин үй-бүлөсү кетти, калганы өзгөрбөдү: баягы эле адамдар, баягы эле шайлоо системасы, баягы эле мамлекетти талкалоо аракеттери болуп, биздин үмүтүбүзгө сууп себилди. Ошол себептен 2005-жылдын аягында мен биздин мамлекетти таштап, мигрант болууга аргасыз болгом. Бакиевдердин үй-бүлөлүк, кландык, бандиттик башкаруусу беш жылдын ичинде Акаевдер 15 жылда кылбаган кылмыштарды жасап, канга боёлгон, канга чыланган, мыкаачы режимди орнотту. Адамды тирүүлөй өрттөгөн, тирүүлөй 6-7-кабаттан ыргытып жиберүү, адамдын кулагын кесип бирөөгө жиберүү, журналисттерди, активисттерди башка чаап кетүү, өлтүрүп кетүү, ошол эле Эдил Байсаловду да башка чаап кетишкен, Павлюкту өлтүрүштү. Ушундай өтө мыкаачы башкаруу системасы болгон. Мен дагы кайдыгер эмес жаран катары бул кандуу режимди кулатууга 7-апрелде катышып, салымыбызды кошконбуз".

Аскар Акаев Москвага кетүүгө аргасыз болгондон кийин анын ордуна мурдагы премьер-министр Курманбек Бакиев кызматка келген. Ошол учурда Март окуясынын шарданы менен абактан чыккан Феликс Куловдун дагы Бакиев менен катар эле мамлекет башчысы болууга мүмкүнчүлүгү жогору деп саналып турган. Акыры алар тандем түзүп, президенттик шайлоого чогуу барышкан.

Ошол эле маалда парламентте да, коомчулукта да Курманбек Бакиевден чечкиндүү реформаларды, анын ичинде конституциялык реформаны талап кылган күчтөрдүн нааразычылыгы курчуган. 2006-жылдын апрель, май айларында, андан кийин ноябрда көп адам катышкан митингдер болуп өттү.

Андай нааразычылык акциялары 2007-жылы да тынчыган эмес, акыры президент Курманбек Бакиев өз укуктары кыскарган варианттагы Конституцияны кабыл алууга аргасыз болгон, бирок, көп өтпөй ошол эле жылдын декабрында өз бийлигин чексиз чыңдаган Баш мыйзамдын вариантын кайрадан кабыл алдырган.

Саясат таануучу Марс Сариев 2005-жылдын 24-мартындагы жана 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуяларды төңкөрүш катары баалай турганын айтты. Анын пикиринде байлык топтогон кландар ортосундагы кармаштар акыры барып келип буюртма адам өлтүрүүлөрдүн көбөйүшүнө алып келген.

"Акыркы революциядан башкалары төңкөрүш болгон. Кыргыз эли чындыгында эле революция жасайлы, өзгөртөлү дешкен. Бирок ар кандай кландар, бийликте турган мурдагы партократтар бийлик аркылуу байып кетип, өз тар кызыкчылыктарын көздөшкөн. Ошолор ал элдик толкундоолорду пайдаланып кетишкен. Алар чоң мамлекеттер менен дайыма байланышта болуп турушкан, эки президенттин качып барып баш калкалаган жерлерин эле карасаңар – бири Минскиде, бири Москвада отурат. Акыркы Октябрь окуяларын революция деп айтсак болот, анткени азыркы бийлик чындап элге иштей баштады. Ал эми мурда кландардын оюну эле болуп келген – түндүк-түштүк жана башка топтор. Ошол үчүн өлүм көп болуп, Үсөн Кудайбергенов баш болгон ишмерлерди атып кетишкен".

Курманбек Бакиев башкарган 5 жыл өлкө тарыхында эң кандуу доор катары эсте калды. Депутаттар Баяман Эркинбаев, Жыргалбек Сурабалдиев, Руслан Шаботоев, Санжар Кадыралиев, Тынычбек Акматбаев, президенттик администрациянын мурдагы башчысы Медет Садыркулов, Стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору Сергей Слепченко, каскадер Үсөн Кудайбергенов, спортчу Раатбек Санатбаев, кылмыш чөйрөсүнүн төбөлү Рысбек Акматбаев, ишкер Абдалим Жунусов, Бактияр Амиражанов, журналисттер Геннадий Павлюк, Алишер Саипов жана башкалар буюртма кандуу тапшырманын курмандыктары болушкан.

2005-жылдын мартынан 2010-жылдын апрелине чейин баш-аягы 30дан ашуун киши өлтүрүүлөр катталган жана алардын көбүнүн бети ачылган эмес.

Үсөн Кудайбергенов

24-марттан кийин киши колдуу болуп өлтүрүлгөндөрдүн биринчиси белгилүү каскадёр, коомдук ишмер Үсөн Кудайбергенов болду.

Үсөн Кудайбергенов.
Үсөн Кудайбергенов.

Каскадерлер ассоциациясынын президенти, "Эл адилет" кошуунунун төрагасы Үсөн Кудайбергенов 10-апрелде кечки саат 9дар чамасында белгисиз бирөөлөр тарабынан атып өлтүрүлгөн.

Элдик кошуундун өкүлү Жолдошбек Сулаймановдун айтымында, элдик кошуун мамлекеттик стратегиялык объектилерди жана элдик мүлктү сактоо максатында 24-мартта түзүлүп, өлкөдөгү туруктуулукту камсыздоо максатында иш жүргүзүп келген. Сулайманов Үсөн Кудайбергеновдун өлүмү саясий мүнөзгө ээ деп сыпаттаган.

Кудайбергенов өлгөн жерде Макаров жана ТТ үлгүсүндөгү тапанчалардын гильзалары калган. Кудайбергенов "Манас 1000" мааракесин уюштурууда "кызматынан кыянаттык менен пайдаланды" деген айып менен түрмөгө кесилген. Жазасын өтөгөндөн кийин ал 2004-жылы абактан чыккан. Ал Феликс Куловдун эң жакын адамдарынын бири катары эсептелген.

Жыргалбек Сурабалдиев

52 жаштагы Жыргалбек Сурабалдиевди 2005-жылдын 10-июнунда Бишкектин Тыныстанов көчөсүндө таламандын так түшүндө атып кетишкен. Ал өлкөгө таанымал ишкер жана парламенттин депутаты катары белгилүү болчу.

Маркумдун кызы Эльвира Сурабалдиева азыркы тапта Жогорку Кеңештин депутаты.

Медет Садыркулов

Медет Садыркулов Бакиевдин президенттик администрациясынын башчысы болуп иштеген. 2009-жылдын январында кызматтан кетип, 13-мартта табышмактуу жагдайда каза болгон.

Ошол кездеги тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов, саясат таануучу Сергей Слепченко, шоопуру Кубат Сулайманов отуруп бараткан “Лексус” машинасы “Ауди” менен сүзүшүп, күйүп кеткен. Бул үчүн “Аудинин” айдоочусу 12 жылга жатак абакка кесилген. Көп өтпөй, 2010-жылы Бакиевдердин бийлиги кулагандан кийин ал айдоочуну бычактап өлтүрүп кетишкен.

Чүйдүн Аламүдүн райондук соту 2022-жылдын 18-ноябрында Медет Садыркуловдун өлүмүнө айыпталып жаткан Санжар Сапарбековду 14 жылга эркинен ажыратуу тууралуу өкүм чыгарды. Ал өзү акыркы сөзүн сүйлөп, күнөөлүү экенин тастыктаган далилдер жоктугун, эч ким ага каршы көрсөтмө бербегенин белгиледи.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын досторунун бири деп айтылып, 2011-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Санжар Сапарбеков 2021-жылы ноябрда кармалган. Тергөөнүн версиясында айтылгандай, кикбоксинг боюнча чемпион Сапарбеков Садыркуловду бетке уруп, эсинен тандыргандан кийин аны муунтуп өлтүргөн.

Садыркуловдун өлүмү 2010-жылдагы ыңкылаптан кийин кайра иликтене баштаган. Экинчи тергөөнүн версиясы боюнча, Садыркулов Курманбек Бакиевдин иниси, ошол кезде Мамлекеттик күзөт кызматын жетектеп турган Жаныш Бакиев менен начар мамиледе болгон жана күчтүү уюштургуч экенин жакшы билген Бакиевдер анын көзүн тазалоого барган.

2012-жылдын ноябрында Аскер сотунун чечими менен бул үчүн беш адам 5-18 жылга эркинен ажыратылган. Алардын арасында Мамлекеттик күзөт кызматынын үч кызматкери, “кылмыштуу топтун” мүчөсү деген бир киши жана Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси болгон.

Санжар Кадыралиев

Санжар Кадыралиев.
Санжар Кадыралиев.

2009-жылы 14-апрелде "Ак Жол" партиясынын депутаты Санжар Кадыралиев Бишкектин Ибраимов жана Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өз үйүнүн жанында атылып, каза тапкан.

Тергөөнүн жыйынтыгы менен анын өлүмүнө Алтынбек Итибаев айыптуу деп табылган. 2015-жылы ал бир нече адам менен камактан качкан маалда милициянын огунан каза болгон.

Баяман Эркинбаев

Баяман Эркинбаев.
Баяман Эркинбаев.

Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин мурдагы жетекчиси Баяман Эркинбаев 38 жаш курагында 2005-жылдын 21-сентябрда Бишкекте киши колдуу болгон.

Эркинбаевдин өмүрлүк жары Чолпон Султанбекова азыркы тапта Жогорку Кеңештин депутаты .

Рысбек жана Тынычбек Акматбаевдер

Тынычбек Акматбаев.
Тынычбек Акматбаев.

Жогорку Кеңештин үчүнчү чакырылышынын депутаты Тынычбек Акматбаев 2005-жылы 20-октябрда абакка барган маалда кылмышкерлер тарабынан өлтүрүлгөн.

Рысбек Акматбаев анын өлүмүнө ошол кездеги бийликтеги адамдарды күнөөлөгөн.

Рысбек Акматбаев дагы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлигин койгон жана ага мандат бериле электе Бишкектин четинде киши колдуу болгон.

Руслан Шабатоев

Руслан Шабатоев.
Руслан Шабатоев.

2008-жылы 30-сентябрда Жогорку Кеңештин 34 жаштагы депутаты Руслан Шаботоев белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Анын сөөгү бир жылдан кийин Байтик айылынын жанынан табылган.

Милициянын версиясы боюнча уюшкан кылмыштуу топтун анабашы Жумабек Закирбаев Шаботоевди уурдоого катышкан жана аны Казакстандан келген кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен жолуктурган.

Раатбек Санатбаев

Грек-рим күрөшү боюнча Азиянын 2 жолку чемпиону, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткан белгилүү спортчу Раатбек Санатбаев 2006-жылы 8-январда Бишкекте кимдир бирөөнүн буйрутмасы менен өлтүрүлгөн.

Раатбек Санатбаев.
Раатбек Санатбаев.

Атактуу балбандын өлүмү боюнча ар кыл пикирлер айтылган. Айрым эксперттер анын өлүмү бизнеске байланыштуу деген жоромолдорду айтса, экинчилери спортчунун өлүмүн саясат менен байлаган.

Геннадий Павлюк

Кыргызстандык оппозициячыл журналист Геннадий Павлюк 2009-жылы 16-декабрда Алматыдагы көп кабат үйдүн алдынан эс-учун жоготуп, колу-буту байланган абалда табылган. Ал эсине келбей, Алматынын ооруканасында көз жумган.

Буга байланыштуу Казакстанда корей тектүү Алексей Ким, мурда ысымын Алдаяр Исманкулов деп өзгөрткөн Кыргызстандын атайын кызматына тиешеси бар адам кармалган. Бул кылмышты уюштурууга айыпталган Алдаяр Исманкуловду Казакстандын соту 2011-жылы 17 жылга кесип, бирок ал калган жаза мөөнөтүн Кыргызстанда улантуу үчүн №27 колонияга которулган.

Геннадий Павлюк.
Геннадий Павлюк.

Геннадий Павлюкту мыкаачылык менен жок кылуу ошол кезде Бакиев режиминин буюртма киши өлтүрүүлөрдүн логикалык уландысы катары бааланган. Исманкулов менен бирге Казакстандын жарандары Шалкар Оразалин 11, ал эми Алмаз Игиликов 10 жылга соттолгон. Геннадий Павлюк орусиялык "Аргументы и факты" жана "Комсомольская правда" гезиттеринин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүн ар кайсы мезгилде жетектеген. Ал “Белый пароход” агенттигин негиздеп, “Ибрагим Рустамбек” деген каймана ат менен макалаларды жазып жүргөн.

Бактияр Амиражанов (Жээнбеков)

Жогорку Кеңештеги СДПК фракциясынын депутаты Жусупжан Жээнбековдун 34 жаштагы баласы Бактияр Амиражанов 2008-жылы сентябрда белгисиз адамдар тарабынан уурдалган. Жусупжан Жээнбековдун ошондон кийин “Азаттыкка” берген маалыматы боюнча, ал президент Курманбек Бакиевдин жеке кабыл алуусунда болуп, уулунун белгисиз адамдар тарабынан уурдалганын маалымдаган.

Бакиев бул ишти Улуттук коопсуздук кызматына тапшырып, өзү көзөмөлгө аларын айткан. Жээнбековдун маалыматына караганда, 24-сентябрда Бактияр Амиражанов эртең менен саат 7:45 уулу Тумарды 4-кичи райондогу №133 бала-бакчага жеткирип барган. Ал бала-бакчадан чыгып келатканда аны күтүп турган төрт бала жабылып, аны автунаага тапанча такап салып кетишкен.

“Уулум Бактияр кылмыш дүйнөсү менен эч бир байланышы жок. Карта же казино оюнун ойногон эмес”,-деген Жусупжан Жээнбеков.

Бул тизмеге 2005-жылдын 24-мартынан 2010-жылдын 10-апрелине чейин киши колдуу болгон айрым адамдар гана кирди.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG