Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:01

Аксы окуясы: "Ооруканага кирсем, ондой адам канжалап жатыптыр"


Аксыда 2002-жылдын 17-мартында бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан.
Аксыда 2002-жылдын 17-мартында бийликке каршы чыккан элге ок атылып, алты адам каза тапкан.

Ырысбай Абдыраимов 20 жылга жакын убакыт "Азаттыктын" Жалал-Абад облусу боюнча өз кабарчысы болуп иштеген. Ал коомдук-саясий урунттуу окуялардын көбүнө түздөн түз журналист катары катышкан.

2002-жылдагы Аксы окуясын утурлай, ошондой эле "Азаттыктын" 70 жылдыгына карата аны менен маектештик.

- Сиз “Азаттыкта” 20 жылдай радиодо иштедиңиз да, Ырысбай агай?

Ырысбай Абдыраимов.
Ырысбай Абдыраимов.

- Ооба, мен 1995-жылдын апрелинен 2014-жылдын сентябрына чейин “Азаттыкта” иштедим.

- Ошол 20 жылдын ичинде көп эле окуялар баштан өттү да. Бирок менин оюмча эң маанилүү Азимбек Бекназаровдун камалышына байланыштуу чыккан 2002-жылдын 17-18-мартындагы Аксы окуясы болду да, туурабы?

- Ооба, ошол Аксы окуясы...

- “Азаттык” ал жолу да эң так, эң ыкчам маалыматты берди да. Сиз ал убакта радионун Жалал-Абаддагы кабарчысы эмес белеңиз. Айтсаңыз, окуя маалында каякта элеңиз, каяктан уктуңуз?

- Канча адамдын каны төгүлдү, трагедия болду ошол 17-мартта. Өзүңөр билесиңер, жергиликтүү тургундар Азимбек Бекназаровдун 18-мартта Токтогулда өтө турган сотуна бараткан. 17-мартта Аксынын Кара-Жыгач айылына топтолгон эл үчкө бөлүнгөн. Биринчи бөлүгү – машина менен Токтогулга бет алышкан. Экинчи бөлүгү – Ош-Бишкек жолунда Таш-Көмүр шаарында атчан турабыз деп кеткен. Үчүнчү чоң тобу жөө-жалаңдап Кара-Жыгач айылынан чыгып Кербенге бараткан. Мына ушулар Аксынын Боспиек деген жеринде жанагындай каргашага туш келип атпайбы.

- Сиз Боспиекте ок атылганын каяктан уктуңуз? Уккандан кийин дароо эмне аракет көрдүңүз?

- Мен Кара-Жыгач айылында элем. Эл үчкө бөлүнүп жолго чыкканда эле мен “Азаттыктын” Бишкек бюросунун жетекчиси Кыяс Молдокасымовго чалып абалды кабарладым. Ошол маалда мен Кара-Жыгач айылында болчумун. Ал убакта азыркыдай чөнтөк телефон жок, эптеп атып АТС таап, Бишкекке чалып жатпаймынбы. Райондун борборуна барайын десем 43 чакырым. Ошентип мен АТСтен чалдым, аны азыр Кыргызстандын АКШдагы элчиси Бакыт Аманбаев жазып алды, ал убакта Бакыт “Азаттыкта” иштечү. Ал маалыматымда үчкө бөлүнгөн элдин колунда куралы жок экенин, болгону жондоруна артында баштыгы, анда нан, суудан башка эч нерсеси жоктугун, элдин бир бөлүгү чоң, кичине машина менен Токтогулга жөнөгөнүн, бир бөлүгү атчан жолго чыкканын айттым. Анан кабарымды жаздырганча эле бир топ убакыт өтүп кеткен экен. Тышка чыксам, айлана жым-жырт, машина да жок. Эмнегедир эле көңүлүм Аксыга жөө чыккандарда болду, алар кантти экен, кайсы жерге жетти экен, деп кабатыр болдум. Анан мен да жөө жолго чыктым. Канча убакыт өттү билбейм, жарым саат өттү го дейм, алдыман “Сыны-Кербен” багыты менен эски автобус чыкты, ал ташбаканын жүрүшүндөй эле кыбырап баратыптыр, мен ошого отурдум.

Канча жүрдүк билбейм, алдыбыздан бир атчан чыгып, камчысы менен “бул жакка, бул жакка” дегенсип жаңсап калды. Автобус токтоп, жерге түшсөк эле мени таанышат окшойт аялдар чуркап келип, “ок атты, ок атты!” деп калышты. “Ким атты?” дегенге жарадык. “Кана жарадарлар, каякта каза болгондор?” десем билбейбиз дешти. Болжолумда жүздөй адам жер карап, тунжурап ар кайсы жерде отурушуптур. Мен калчылдап, укканыма ишеналбай турдум.

- Жаныңызда диктофонуңуз бар беле? Интервью ала алдыңызбы?

- Ооба, үндөрүн жаздырдым. Бирок, өзүм калчылдап турам. Мага “ишенбейсизби” дешти. Көзүм менен көрбөсөм ишенбейм да дедим. Жүрүңүз деп окуя болгон жерге ээрчитип барышты. Бир-эки жерди тегеректеп таш тизип коюшуптур, адамдын каны. Анан мен ал жерден атылган октордун гилзасын, автоматтын атылбай калган окторун, тапанчанын бытырасын да көрдүм. Мен аларды терип алып, кийин далил зат болот деп ошол жердегилерге тапшырдым.

Мен жазган маалыматымды радиого берейин деп чуркадым. Жолдон бир кызыл “Москвичке” жолугуп, аны "тезирек айда, мен кабар беришим керек" дедим.

Аксыдагы демонстранттар. Март, 2002-жыл.
Аксыдагы демонстранттар. Март, 2002-жыл.

- Каякка бет алдыңыз ошондо?

- Мен эми телефон издеп атам да, каяктан болсо да окуяны эртелеп жеткирейин деген далалат. Шоопур макул болуп, бирок жолдон бир киши алышым керек болчу деп бир айылга кирди. Кийин билсем, ал Боспиек экен. Ал кыштакка киргенде машина бузулду, менин болсо эртерек телефонго жетсем деп жаным чыгып жатат. Ошол жердеги чекедеги үйдөн бир бутун чолоңдоп көтөрүп алган адамды эки адам колтуктап чыкты. Барып эле маектешсем, анын бутуна ок тийиптир. Ал жерден дагы бир аял бакырып келатат. Көрсө, анын башына таш тийиптир. Экөөнү тең ооруканага жеткиргиле дедим. Анан жарадарлар, каза болгондор каякта болушу мүмкүн деп ойлонуп, ооруканага айда дедим.

Кабарымды саат 18:00деги эфирге берем го дегем, бирок биз жакын жердеги Авлетим айылындагы ооруканага жеткенче саат кечки жети болуп калды. Чуркаган боюнча ооруканага кирип барсам, тээ баш жагынан адамдардын онтогон үндөрү чыгып жатат. Ошол жакка кирип барсам, тогуз-ондой адам темир керебетте жылаңач кыйкырып, онтоп, канжалап жатышыптыр. Алардын да үндөрүн жаздырып, окуяны тереңирээк тактап алдым. Алардын бирөөсү “жардам бергилечи, байке, ичимдеги ок кайнап, кыйнап жатат” деди...

- Дарыгерлер жок бекен ооруканада?

-Мен интервью алып жатканда эки дарыгер кирип келип, ким болосуз дешти. Мен “Азаттыктан” экенимди айтып, буларды жакшылап карап, башка дурус ооруканага жеткирбейсиңерби десем, алар “жол жабык, машинабыз да жок” дешти. “Кандай бул?!” деп аларга сөзүмдү айтып чыгып кеттим.

Мен дагы эле болсо телефон издеп аткам. Жогору жакта телефон станциясы бар экен, бирок ага жеткенде электр өчүп калды. Мен кайрадан жанагы “Москвичтин” шоопуруна телефону бар жерге жеткирүүнү суранып, жалындым. Анан биз кайра артка бет алдык. Көрсө, Боспиектин жанындагы Жерге-Тал деген айылга кириптирбиз. Ошол жерден анан Кыяс Молдокасымовго чалып, болгон окуяны айттым.

Кыяс “мен азыр кеңсеге жарым саатта жетип, үнүңүздү жаздырып алам” деди. Айткандай эле жарым сааттан кийин мен анын суроолоруна жооп берип болгон окуяны төкпөй-чачпай айтып берип, колдогу маалыматтарымды бердим. Бишкек маалыматты саат 21:00ге беребиз дешти. Ошондо Кыяс мага “эми репортажыңызды таңкыга даярдаңыз” деди. Мен отуруп репортажымды даярдап, 11-12 лерде Бишкекке жаздырып тышка чыктым.

Чыксам атылган октун, автоматтын, адамдардын ызы-чуу болуп жаткан үндөрүн уктум. Ал Кербен тараптан угулуп жаткан экен, ал жердеги тургундардан аралык канча чакырым экенин сурасам 10 чакырымдай дешти. Анан алар мени кеч болуп кетти, ушул жакка эле жатып, эс алыңыз деди.

- Ырысбай агай, ошентип сиз берген маалыматты “Азаттык” аркылуу бүтүн дүйнө укту да, ага чейин бийлик ок атылган жок деп да маалымат таратып жиберди. Сурайын дегеним, кийин сот жараяндарына сизди да чакырып атыштыбы?

- Чакырган жок, бирок мен баардык сот жараяндарына чагылдыруу үчүн өзүм катышып аттым. Бир гана Жогорку Сотко келген жокмун, бирок, райондук, облустук, аскердик сотторго калтырбай барып аттым. Айыпталуучулар, жабыркагандар, күбөлөр суроолорго жооп берип жатышты. Мен толук чагылдырып турдум.

- Сиз эми көп окуялардын күбөсү болдуңуз, Аксы окуясы сиздин журналисттик ишмердигиңизде, өмүрүңүздө кандай орунду ээледи, мааниси эмнеде?

- Бул чоң трагедия. Мамлекет өзүнүн тынч жарандарына ок атты. Бейкүнөө адамдар жолдо баратып мамлекет аткан октон каза тапты. Бул эмне деген чектен чыккан иш!

-Бийлик Аксы окуясынан кандай жыйынтык чыгарышы керек?

- Бийлик өтө чоң сабак алып, жыйынтык чыгарыш керек: адам укуктарын сактоону, адамдарды басынтпоону, алардын көйгөйлөрүнө көңүл бурууну үйрөнүшү керек. Ошол учурда деле эл, депутаттар деле Азимбек Бекназаровду камабай, үй камагына чыгарып эле тергөө, сот иштерин жүргүзсө болот эле да. Кан төгүлүү ошол туура эмес саясаттан келип чыкты да. "Бир метр жерибизди Үзөнгү-Кууштан бербейбиз" деп эл көтөрүлдү. Анан ошол Аксы окуясынан канча ата-эне баладан айрылып, ал жара эстен чыкпай, канча адам сыздап келатат?! Эстеген сайын жүрөгүң ооруйт, эмне кыларды билбей туруп бересиң.

- Сиз ошол ирет каза болгондордун сөөгүн көрдүңүзбү?

- Мен бая ооруканадан көргөн – "октон ичим өрттөнүп жатат" деген жигит операция маалында каза тапты. Мен аны 18-мартта эртең менен Кербендеги райондук ооруканага барганда билдим. Мен ал ирет дароо эле башкы врачтын кабинетине акыркы жаңылыктарды сурап кирдим. Мен ага канча бала каза болду, канчасы жарадар, диагноздору кандай, эмнеден каза болду деген суроолорду берип кайрылдым, бирок ал мага маалымат берүүдөн баш тартты. Анан айлам кетип каза болгондор өлүкканага барат да деп, моргго барсам бир топ адамдар тышта ыйлап турушуптур. Мен дароо эле өлүкканага кирип бардым. Жолдун эки капталында кийизге оролгон адамдардын денеси жатыптыр. Столдо дарыгер дагы бир өлүктү союп жатыптыр, ал мени жаман көзү менен карап, “чыгып кет” дегендей ишаарат берди. Мен түшүндүм дагы тышка чыгып кеттим. Анан тышта тургандардан калгандары каякта десем ооруканада дешти. Мен Аксы райондук ооруканасынын травматология бөлүмүнө барсам башкы дарыгер жок экен, он чакты палаталарды кыдырып чыктым. Операция болгондору уктап жатат, боло электери онтоп жатат, бакырып жатат. Мен айрымдарынан интервью алып, кайра башкы дарыгерге жалпы санын тактайын деп барсам ал маалымат бербеди.

Айлам кетип Азимбек Бекназаровдун ошол жердеги штабына бардым, ал кеңседе депутаттын жардамчысы отура турган. Мен андан каза болгондор менен жаракат алгандардын тизмесин ооруканадан тактап беришин сурандым. Көп өтпөй эле халатын чечип салып бир дарыгер маалыматты штабга анталаңдап чуркап алып келип берди. Мен аны факс аркылуу Бишкектеги радионун кеңсесине жибердим.

- Эми өзүңүз айткандай ал убакта ар бир адамда телефон жок болчу, маалыматтар факс жүзүндө да берилчү, интернет да анчалык өнүгө элек эле. “Азаттыктын” интернет сайты ошондон кийин бир-эки жылдан кийин ачылды. Маегибизди ушуну менен тамам кылып туралы. Ырысбай агай, сизди “Азаттыктын” 70 жылдыгы менен куттуктайм.

- Ыракмат, “Азаттык” менден 2 ай улуу экен.

- Чоң ыракмат, ден соолукта болуңуз.

  • 16x9 Image

    Кубат Оторбаев

    "Азаттыктын" "Арай көз чарай" талкуусунун алып баруучусу жана саясат, экономика, эл аралык алакалар багытында баяндамачы. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG