Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:58

"Акыйкат деп өлгөнүмдү айткыла". Үзөңгү-Кууш үчүн үзүлгөн өмүр


Шералы Назаркулов саясий ачкачылык кармап жаткан учур. Бишкек. Январь, 2002-жыл. (архив).
Шералы Назаркулов саясий ачкачылык кармап жаткан учур. Бишкек. Январь, 2002-жыл. (архив).

2002-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Азимбек Бекназаровдун камакка алынышына жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршы ачкачылык акциясында отуруп, каза болгон Шералы Назаркуловдун көз жумганына 20 жыл болду. Жакындары анын өлүмү бааланбады деп нааразы.

"Тилегине жеткен жок"

Атасы саясий ачкачылыкта отурган кезде туулган Азимбек Шералы уулу 20 жашка чыкты. Анын апасы, Шералы Назаркуловдун жубайы Назгүл Абдыкеримова ошол учурду мындайча эскерди:

"Уулум төрөлгөндө Шералы төрөт үйүнө келди. Баласын колуна алып, бетинен өөп, атын "Азимбек" деп койгонун айтты. Эртең үйгө чыгарганы жатканын айттым. "Келе албайм, Үзөңгү-Кууш боюнча өкмөттүк комиссияны угабыз" деди. Үйгө туугандарыбыз чыгарып келди. Шералы ошол бойдон үйгө келген жок. Ачкачылык кармаган жерде жатты. Бир күнү, 4-февралда чыдабай издеп бардым. Өңү бопбоз болуп аябай арыктап кетиптир, баягы курсагы жок. "Эмне болду сага, экөөбүздүн курсагыбыз бирдей эле. Мен го төрөдүм, сенчи" дептирмин. Ал күлүп, "Аз калды чыда, 12-февралда Бекназаровдун соту болот. Акталат. Ошондо үйгө барам. Сен кичинекей Азимбекти төрөсөң, мен чоң Азимбекти камактан бошотуп алайын. Азимбекти бошотуп, Үзөңгү-Куушту кайтарып алсак, чоң жеңиш менен барам үйгө" деди. Ошондо акыркы жолу көрүшкөн экенбиз...".

Азимбек Шералы уулу атасына коюлган мемориалдык тактайдын жанында. Бишкек.
Азимбек Шералы уулу атасына коюлган мемориалдык тактайдын жанында. Бишкек.



Шералы Назаркулов Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык билдирип, ачкачылыкта отуруп, каза болсо да, анын өлүмү бааланган жок деген нааразылык көп.

Назаркуловдун досу, маркум менен ачкачылык акциясында чогуу отурган Орунбек Чондоев эч бир бийлик анын эмгегин да, өлүмүн да баалаган жок деп үшкүрүндү.

Орунбек Чондоев, Назаркуловдун досу.
Орунбек Чондоев, Назаркуловдун досу.

"Ушул тапта Шералынын баласынын жашындагы балдар "Манас" ордени менен сыйланып атат. Ал эми Шералыны эстеген эч ким жок. Ага баатырдыкты, "Ак шумкар" наамын бериш керек эле. Эстелигин коюп, атын көчөлөргө же чек ара бекеттерине берсе жакшы болмок. Азыр Нарындагы карапайым адамдар Шералынын эстелигин Үзөңгү-Кууштун Нарын тарабына, Шумкар-Тоо деген бийик ташка орнотушту. Былтыр президенттин жардамы менен биз ошол тоодогу эстелигине барып, гүл коюп, куран окуп келдик".

Шералы Назаркулов 52 жашында көз жумган. Анын атына түзүлгөн кайрымдуулук фонду Назаркуловдун 70 жылдык мааракесин Аксы окуясынын 20 жылдыгына кошуп белгилөөнү президент Садыр Жапаровдон өтүнүүдө.

Назгүл Абдыкеримова.
Назгүл Абдыкеримова.

"Президенттин демилгеси менен биз былтыр Үзөңгү-Кууш тарапка барып, даректүү тасма тартып келдик. Ал жердеги Шумкар-Тоо деген ташка Шералынын атын жергиликтүү эл бериптир. Шералынын 70 жылдык мааракеси пандемияга туш болуп белгиленбей калды. Ошондуктан 70 жылдыгын белгилөө, анын көзү тирүүсүндө жазып кеткен өлкөнү өнүктүрүү боюнча концепциясын китеп кылып чыгарууга көмөктөшүүсүн өтүнүп, президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдодук. Шералынын мааракеси Аксы окуясынын 20 жылдыгы менен кошо өткөрүлсө, эскерилсе жакшы болмок".

Шералы Назаркуловдун аты 2014-жылы Бишкектеги №80 орто мектепке берилген. Маркум ачкачылыкта жатып курман болгон жер, Айыл, суу чарба министрлигиндеги чакан иш бөлмө 2012-жылы "Шералы Назаркуловдун музейи" болуп берилген. Имараттын сыртына Назаркуловдун сүрөтү менен мемориалдык такта илинген.

Назаркуловдун жубайы менен уулу мемориал тактайдын алдында. Бишкек. Февраль 7, 2022
Назаркуловдун жубайы менен уулу мемориал тактайдын алдында. Бишкек. Февраль 7, 2022

1999-жылы август айындагы кыргыз-кытай макулдашуусунун негизинде Ысык-Көл тараптагы Үзөңгү-Кууш тилкеси Кытайга берилгенин 2001-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Азимбек Бекназаров айтып чыккан. 2002-жылы 5-январда Бекназаровду бийлик Токтогул районунда прокурор болуп иштеп жаткан учурда кылмыш ишин мыйзамсыз жаап койгон деген негиз менен камакка алган. 15-январда Бекназаровду камактан бошотуу талабы жана Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилишине каршылык иретинде саясий ачкачылык башталган.

"Назаркулов - кыргыздын Манделасы"

Ачкачылыктын 22-күнүндө каза болгон Шералы Назаркуловду 20 жылдан кийин эскерүү иш-чарасы жупуну өттү. Маркумдун жакындарынан тышкары Акыйкатчынын аппарат башчысы Аскат Азарбеков эскерүүгө катышып, Назаркуловдун эмгеги дүйнөгө таанымал укук коргоочу Нельсон Манделанын эмгегине тете болгонун белгиледи:

"Эгер Африкада Мандела эркиндик үчүн күрөшкөн болсо, Шералы Назаркуловду кыргыздын Манделасы десек болот. Ал өлүмгө акыйкаттык, адилеттик үчүн тике карап, өз өмүрүн берген. Муну расмий бийликтер да тааныган. Тилекке каршы, учурда Назаркуловдун рухуна, акыйкаттыкка мамиле жогорку деңгээлде болбой жатат".

Саясий ачкачылык кармаган активисттер. Январь, 2002-жыл. (архив)
Саясий ачкачылык кармаган активисттер. Январь, 2002-жыл. (архив)

Кыргызстандын жеринин бүтүндүгү үчүн жан кыйган Шералы Назаркуловдун өлүмүнөн туура 40 күндөн кийин Аксыда бийликтин огунан дагы алты адамдын өмүрү кыйылган. Аксы окуясы деген аталыш менен тарыхта калган бул окуя андан кийинки 2005-жылкы март, 2010-жылкы апрель окуяларынын башаты болгону айтылып келет.

Үзөңгү-Кууштун таржымалы

Жети адамдын өмүрү кыйылганы менен, Үзөңгү-Кууштун бир бөлүгү Кытайга өтүп кеткен. 1999-жылы, 26-августта Кыргызстандын президенти Аскар Акаев менен Кытайдын төрагасы Цзян Цзэмин кол койгон Үзөңгү-Кууш боюнча кошумча келишим 2002-жылы 10-майда Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан ратификацияланган. 17-майда эл өкүлдөр жыйыны да колдогон.

Мамлекеттик чек араны тактоо боюнча өкмөттүк делегациянын мүчөлөрү Үзөңгү-Куушту тактоо узакка созулган оор сүйлөшүү болгонун эскерип келет.

Комиссиянын төрагасы Саламат Аламанов аягында талаштуу тилкени экиге бөлүү чечими менен гана чек ара чечилгенин "Азаттыкка" билдирген.

"Алардын жүйөсү бизди, биздики аларды ынандырган жок. Мына ошондуктан мунаса чечимге алардын, биздин саясий жетекчилер келип, талаштуу жерди эки тарапка бөлүү маселеси келип чыккан. Талаштуу жердин 30% коңшу мамлекетке 70% бизге караштуу болуп калды. 1860-жылдан берки талаш болуп келген Үзөңгү-Кууш маселеси ушундай. Ал кездеги документтерди ошол жердин түзүлүшүн так билбеген адамдар жасаган. Так карта 1943-жылы Кызыл Армиянын топографтары келип аныкташкандан кийин гана белгилүү болгон. Тарыхтагы географиялык катачылык ошондой чечилди".

Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши кыргыз коомчулугунда элдин эркинен тыш, бийлик башындагылардын чечими менен гана болгон иш деп айтылып келет. Акаевден кийин бийликке келген Курманбек Бакиевдин тушунда Каркыранын бир бөлүгү да Казакстанга берилиши да элдин нааразылыгын жараткан.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG