Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:50

"Түркиянын Гандиси" Эрдоганды ээрден оодарабы? 


Режеп Тайып Эрдоган жана Кемал Кылычдароглу.
Режеп Тайып Эрдоган жана Кемал Кылычдароглу.

14-майда Түркияда парламенттик жана президенттик шайлоо өтөт. Оппозициялык альянс Улуттук-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглуну президенттикке талапкер катары көрсөттү.

Буга чейин эки президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Режеп Тайып Эрдоган кайрадан шайлоого бел байлады

Өлкөдөгү алдын ала сурамжылоолор Кылычдароглунун рейтинги өсүп жатканын көрсөтүүдө.

Оппозиция Эрдоганга каршы бирикти

Эрдоган бийликтеги АК партия (AKP) жана Улуттук элдик партия (MHP) менен бир альянста шайлоого барат. Альянстын атынан Эрдоган 21-мартта Борбордук шайлоо комиссиясынан каттоодон өттү.

Ошол эле маалда Элдик эркиндик партиясы (HKP) Эрдогандын талапкерлигин жокко чыгаруу үчүн БШКга арыз менен кайрылды.

Партиянын жоопту катчысы Саит Кыран президент кызмат абалын кыянаттык менен колдонуп жатканын айтууда.

"Эрдогандын чыныгы диплому жок. Муну тастыктай турган эки күбө бар. Алардын бири партиянын негиздөөчүлөрүнүн бири Абдуллатиф Шенер, экинчиси Жогорку билим берүү мекемесинин (YÖK) мурдагы жетекчиси Юсуф Зия Өзжан. Конституциянын 101-беренесине ылайык, ал президенттикке талапкер боло албайт. Эгерде Эрдогандын талапкерлигин кабыл алышса, анда жасалма документи расмий документ катары көрсөтүп кылмыш кылган болот. Буга БШКнын мүчөлөрү да шериктеш болорун ачык айталы. Өз милдеттерин кыянаттык менен пайдаланууда".


Оппозициячыл партиянын адвокаттары "Эрдоган үчүнчү мөөнөткө шайланууга укугу жок, университеттен алган диплому да жасалма" деп жүйө кылып, 31-январда Анкара шаардык сотуна арыз менен кайрылган. Бирок 8-мартта сот "айыпталуучунун уруксатысыз анын документтерин текшерүүгө мүмкүн эмес" деген чечим чыгарган.

Белгилей кетсек, президенттин расмий сайтында ал 1981-жылы Стамбул шаарындагы Мармара университетинин экономика факультетин ийгиликтүү аяктаганы жазылган.

Президенттик шайлоого эки айдан аз убакыт калган маалда алты партиядан куралган оппозициялык "Улуттук альянс" кыймылы президенттикке Кемал Кылычдароглунун талапкерлигин көрсөттү. 74 жаштагы саясатчы шайлоодо утуп чыкса алты партиянын лидерлери вице-президент макамын аларын убада кылды.

  • Негизги оппозициячыл Республикалык элдик партиянын (CHP) лидери - Кемал Кылычдароглу. Ал партияны 13 жылдан бери жетектеп келет.
  • Буга чейин Улуттук элдик партиядан (MHP) чыккан, кийин "Жакшы партияны" (İyi) курган Мерал Акшенер.
  • Улутчул идеологияны көздөгөн Saadet партиясынын лидери Темел Карамоллаоглу.
  • 2007-жылы курулган "Демократия" партиясынын жетекчиси Гүлтекин Уйсал.
  • Бийликтеги АК партиядан бөлүнүп чыккан (АКР), өкмөттө бир канча жыл министр болуп иштеген, учурда DEVA партиясынын лидери Али Бабажан.
  • 2019-жылы Gelecek партиясын түптөгөн, мурунку премьер-министр Ахмет Давутоглу.
    "Улуттук альянс" кыймылынын лидерлери: (солдон оңго) Гүлтекин Уйсал, Мерал Акшенер, Ахмет Давутоглу, Кемал Кылычдароглу, Али Бабажан, Темел Карамоллаоглу.
    "Улуттук альянс" кыймылынын лидерлери: (солдон оңго) Гүлтекин Уйсал, Мерал Акшенер, Ахмет Давутоглу, Кемал Кылычдароглу, Али Бабажан, Темел Карамоллаоглу.

Бул лидерлердин бирдиктүү талапкер чыгарууга байланыштуу сүйлөшүүлөрү оңой-олтоң болгон жок. Оболу Кылычдароглунун талапкерлигинин көрсөтүлүшүнө "Жакшы партиянын" төрайымы Мерал Акшенер каршы чыккан.

Мурдагы ички иштер министри Акшенер президенттикке Стамбул жана Анкаранын мэрлерин көрсөтүүнү сунуштаган. Ал Кылычдароглу президент болуп калса, Анкара менен Стамбулдун азыркы башчылары вице-президент болуп дайындалат деген талап менен гана көндү.

Мухарем Инже.
Мухарем Инже.

2018-жылы президенттик шайлоодо Эрдогандын оппоненти болгон Мухаррем Инже да бул ирет талапкерлигин коёрун ачыкка чыгарды. Ал 27-мартка чейин БШКга 100 миң шайлоочунун колун топтоого милдеттүү.

"Түркиялык "Ганди""

Эл арасында Кемал Кылычдароглуну Махатма Гандиге түспөлдөштүгүнөн улам "Ганди Кемал" деп да коюшат.

2016-жылдан бери Германияда бозгунда жүргөн журналист Жан Дүндардын The Washington Post басылмасына жазган макаласында, 2010-жылы Кылычдароглу партия жетекчилигине шайлангандан көп өтпөй эле "Ганди" деген атка конгонун жазды.

2017-жылы Кылычдароглунун орун басары, журналист Энис Бербероглу өкмөттүн беделине шек келтирген документтерди ачыкка чыгарды деген жүйө менен 25 жыл эркинен ажыратылганда, оппозиция лидери баш калаа Анкарадан Стамбулга 450 чакырымдык жөө жүрүшүн баштаган.

Оппозициянын 25 күндүк бул "Адилеттик жүрүшүнө" он миңдеген адам катышкан.

Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу. 9-июль, 2017-жыл. Стамбул шаары.
Элдик-республикалык партиянын лидери Кемал Кылычдароглу. 9-июль, 2017-жыл. Стамбул шаары.

Ошол эле учурда дин темасы шайлоодо Кылычдароглу үчүн кедергисин тийгизиши мүмкүн. Анткени ал Түркиядагы алавит азчылыгынын мүчөсү экенин ачык айкын билдирип келет.

Алавиттер Түркияда кылымдар бою кодулоого туш болуп келишкен. Талдоочулар Эрдоган бийликте турган 20 жыл ичинде саясат менен диндин ортосунда дайыма тиреш болуп келгенин белгилейт. Шайлоочулар бул жолу өлкөдөгү экономикалык ооручулукту жоюу маселесине көбүрөөк кызыкдар болушу ыктымал.

Сурамжылоолор эмне дейт?

Февралдагы катуу жер титирөөгө чейин экономикалык каатчылык, улуттук валюта - лиранын арзандашынан улам Эрдогандын бедели кыйла түшүп кеткен. Бийлигин үчүнчү он жылдыкка узартууну көздөгөн президент июнь айындагы майрамдарга туш келбесин деп, шайлоону май айына жылдырарын буга чейин айткан эле. Сурамжылоолор көрсөткөндөй, бул жолку добуш берүү ал үчүн чоң сыноо болмокчу.

MAK Danışmanlık аналитикалык изилдөө борборунун жетекчиси Мехмет Али Кулат Habertürk басылмасына берген маегинде, соңку изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча шойлоочулардын 46% Кылычдароглуна, 42% Эрдоганга добуш берүүгө камынып турганын билдирди.


Ал эми жергиликтүү AR-G изилдөө борборунун 14-мартта жарыялаган акыркы сурамжылоосуна ылайык, 14-майдагы шайлоонун жыйынтыгы экинчи айлампада чечилиши мүмкүн. Анда Кылычдароглу 46,2%, Эрдоган 43,1% добуш алары божомолдонот.


"Эрдоган шайлоодо дайыма алдыда болчу, оппозиция добушун көбөйтүүгө аракет кылып келген. Эми сурамжылоолордо оппозиция озуп чыкты, Эрдоган добуштарын көбөйтүүгө аракет кылууда. Бул динамикага соңку 20 жылда биринчи жолу күбө болуп отурабыз",- деп билдирди журналисттерге Istanbul ekonomi изилдөө компаниясынын жетекчиси Жан Селчуки.

Белгилей кетсек, Эрдоган 2014-жылы президенттик шайлоодо 51, 79%, 2018-жылы 52, 59% добуш алган.

Ал арада соңку шайлоодо 11% добуш менен парламентке кирген күрттөрдүн ири партиясы – “Элдик демократиялык партия" (HDP) 22-мартта шайлоодо Кылычдароглунун талапкерлигин колдорун ачыкка чыгарды. Анкара бул саясий топтун “Күрттөрдүн жумушчу партиясы” (ПКК) менен байланышы бар деп эсептейт.

Түркиянын Диярбакыр шаарында Ноорузду майрамдаган, партиянын мүчөсү Ахмет Түрктүн "бул мезгил, Өжаландын боштондукка чыгуу мезгили" деген сөзү коомчулукта чоң талкууга жем таштады. Бийликтеги партиянын мүчөлөрү, күрт саясатчынын бул сөздөрүн "адепсиз" деп сыпатташууда.

"Күрт жумушчулар партиясынын" (ПКК) лидери Абдулла Өжалан 1999-жылы "куралдуу террористтик уюмду түзүү жана жетектөө" беренеси менен өлүм жазасына тартылган. Кийин анын жазасы "өмүр бою эркинен ажыратуу" менен алмаштырылган.

Өлкөнүн түштүк чыгышындагы аймактарда 12-15 миллион күрт отурукташканы айтылып келет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG