Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:47

"Биз курган үйлөр кыйраган жок". Түркиядагы зилзала, курулуш коопсуздугу


Кахраманмараш шаары. 12-февраль, 2023-жыл.
Кахраманмараш шаары. 12-февраль, 2023-жыл.

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттери, үйлөрдүн урап калуу себептери жана курулуш тармагындагы көйгөйлөр туурасында “Өнжүл Йапы” курулуш компаниясынын жооптуу өкүлү Акын Өнжүл “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

- Акын мырза, өзүңүз көргөндөй, Түркияда соңку зилзалада 173 миң үй урап калып, миңдеген адамдын өмүрү кыйылды. Видеолордо саналуу секунд ичинде үйлөр кыйрап калганына күбө болдук. Эксперттер бул үйлөр жана имараттар сапатсыз курулуш материалдарынан салынганын, мамлекеттик стандартка жооп бербесин айтып жатышат. Ушундай жагдайга эмне себеп болду? Мындай кайдыгерликтин себеби эмнеде деп ойлойсуз?

- Алгач, мамлекетибизге жана улутубузга көңүл айтам. Набыт болгондордун ыйманы саламат болсун! Жаракат алгандар сакайып кетишсин. Тилекке каршы чоң жоготуу болду. Сиз сураган маселенин айрым жагдайларын бири-биринен бөлүп караганыбыз туура болот.

Тилекке каршы, 1999-жылы да Түркияда жер титирөө болгон. Ошол зилзалага чейин жана андан кийин курулган турак жай, имараттардын ортосунда айырма бар. Президентибиз айткандай, Түркиянын 11 аймагында кыйраган имараттардын 98% 1999-жылдагы зилзалага чейин курулган объектилер. Андыктан мунун эң негизги себеби - эски имараттардын кандай курулганына барып такалат. Жаңы курулган объектилердин арасында урап калгандары барбы? Бар! Бирок алардын саны абдан эле аз. Негизги маселе имараттардын эскилигине, эскирген долбоорлорго байланыштуу.

- Сиздердин фирма дагы үй курат экен. Түрк медиасы Кахраманмараш шаарындагы зилзалада сиздер курган имаратка эч зыян келбегенин жазып жатат. Бул маалыматтын чын-бышыгын өзүңүздөн уксак болобу? Бул зилзалада сиздер курган үйлөр канчалык жабыркады же тескерисинче сакталып калды?

- Биз ушуга чейин жети долбоорду бүтүргөнбүз. Бир долбоорубуз жүрүп жатат. Анын курулушун негизги бөлүгү бүтүп калган, майда ички иштерине өткөнбүз. Кудайга шүгүр, жети долбоорубуздун арасында кыйрап калган же чоң зыянга учураган имараттар жок. Кырсыкты жеңил өткөрдүк. Ырас, биздин курулуштарда маселе болгон жок.

- Кырсыктан кийин Түркиянын бийлиги урап калган имараттарга байланыштуу 600 адамга карата иликтеп-тергөө иштерин баштады. 182 адам кармалып, камалды. Дагы 400дөйү шектелүүдө. Бирок курулуш тармагындагы мыйзам бузууларга, сапатсыз курулуштарга өз учурунда эмнеге көңүл бурулган эмес?

- Бул маселенин төмөнкү өңүтүнө көңүл бурушубуз керек. Бир имарат урап калды дейли. Бирок эмне себептен урап калганын тыкыр иликтеп чыгуу керек. Ансыз деле Адилет министрлиги бул маселеде иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Кесиптештеримдин бири да атайылап кара ниеттик кылган деп ойлобойм. Бирок имарат эмне себептен урап калганын абдан жакшы териштирип, изилдеп чыгыш абзел.

Бул маселеде абдан маанилүү бир жагдай бар. 1999-жылга чейинки жана андан кийинки имараттардын ортосунда чынында чоң айырма бар. Мисал келтирейин. Биздин объектилердин айрымдары Кахраманмараш аймагынын бир районунда жайгашкан. Бул райондогу курулуштардын дээрлик баары жаңы. Ошондуктан чоң кыйроолор абдан аз.

Бирок Кахраманмараштын Чаршы аймагындагы эски имараттын арасында кыйроо көп. Тилекке каршы, жаңы имараттардын ичинде урап калгандары да бар. Бирок анын себебин териштирип чыгуу керек.

Курулушчу катары биз имараттарды салабыз жана өткөрүп беребиз. Андан соң эгер биринчи кабаттагы дүкөндүн ээси имараттын негизги тирөөчтөрүнүн бирин бузуп сала турган болсо, анда мында курулушчунун катасы жок. Ошондуктан тыкыр иликтөө керек. Курулушчулардын кемчиликтери болсо, алар иликтөөнүн жыйынтыгы менен белгилүү болот.

- Сиз айткандай, жер титирөөнүн очогу болгон Кахраманмараш шаарындагы кыйрап түшкөн ондогон турак жайдын арасында эч нерсе болбой сакталып калган дагы имараттар болду. Айрымдар ушунча адамды жер титирөө эмес, кайдыгерлик өлтүргөнүн айтып кейишти. Түркияда үй курууга уруксат алуу, курулуш жүргүзүү шарттары кандай, мамлекет кандай көзөмөл жүргүзөт?

- Биз курулуш фирмалары долбоорлорубузду даярдап, шаар бийлигине жөнөтөбүз. Мэрияда тиешелүү текшерүүлөрдөн өтөт. 2013-2014-жылдарда Түркияда имараттарды көзөмөлдөө системасы ишке киргизилген. Ага ылайык, долбоордун ар бир стадиясында, пайдубалынан ички иштерине чейин дал ушул орган менен чогуу иш алып барабыз. Имараттарды көзөмөлдөө органы бетондун үлгүлөрүн алып, текшерип чыгат. Жаңы долбоорлордун баары Имараттарды көзөмөлдөө системасынын текшерүүсүнөн өтөт. Мындай сыноодон өткөн объектиердин 99 пайызында Кудайга шүгүр, эч маселе жок. Бул айырмачылык абдан маанилүү. Аны баса белгилеп коюшубуз керек.

ТАЛАШ-ТАЛКУУ ЖАРАТКАН СЕЙСМОЛОГИЯЛЫК КОДЕКС

- Түркияда Сейсмологиялык кодекстин тегерегинде кызуу талаш-талкуу жүрүп жатканы айтылууда. Буга чейин уруксатсыз салынган жана курулуш нормаларына, анын ичинде өрт жана сейсмологиялык коопсуздук боюнча талаптарга жооп бербеген имараттарга мунапыс берилип келген. Адистер аны "сапатсыз имараттарды мыйзамдаштырууга жол берген мыйзамдардын бүтүндөй жыйындысы" деп сындап жатышат. Алардын сындары негиздүүбү?

- Курулуш мунапысы - жалпы маселе. Аны жакшы изилдеп чыгуу керек. Жерди сейсмологиялык жактан изилдеп чыгуу маселеси абдан маанилүү. Биз буга өтө чоң маани беребиз. Өзгөчө соңку жылдарда курулуш инженерлери бул маселеге чоң маани берип, бир топ изилдөөлөрдү да жүргүзүлүп келет. Ал эми курулуп бүткөн имаратка мунапыс берүүгө байланыштуу маселе жакшы иликтениши керек. Тиешелүү органдар бул жараянды тыкыр көзөмөлдөшү керек деп ойлойм. Анткени анын кесепети өтө оор болушу мүмкүн. Айрым учурларда мындай мунапыс керек. Кайсы бир учурларда жакшы көзөмөлдөнүшү керек деп ойлойм.

- Түркиянын башка аймактарында курулган имараттарга байланыштуу тынчсыздануулар барбы? Алардын сапатына ким кепилдик берет?

- Тилекке каршы Түркия зилзала көп катталган өлкө. Чыгыш, түштүк тараптан жылган тектоникалык плиталардан жана жаракалардан улам Түркияны зилзала өлкөсү десек болот. Президентибиз айткандай, бул маселеде имараттардын жер кыртышынын шартына жараша куруу же оңдоп чыгуу жагына тез арада көңүл бурушубуз керек.

Түркиядагы ар бир объект, эгер эски болсо бекемделиши керек. Болбосо кайрадан курулушу зарыл. Ошондой болушу керек. Мисалы зилзалага байланыштуу Стамбулдагы кырдаал да медиа айдыңында көп талкууланып жатат.

Андыктан алгач Стамбулда, Измирде, Анкарада, деги эле Түркиянын бардык аймагында комплекстүү пландын алкагында имараттарды бекемдөө, атүгүл аларды кайра куруу ишин жүргүзүу керек. Бул ойго кошулам. Буюрса, алдыда бул планды ишке ашырабыз деп үмүттөнөм.

- Түркиянын президенти Эрдоган бир жылдын ичинде зилзаладан жабыркаган аймактарда жаңы үйлөр курула турганын айтты. Бул жараян кандай жүрөт? Имараттардын сапаты кандай болот эми?

- Бул теманын айрым мисалдары да бар. Эсиңизде болсо, эки жыл мурда Элазыгда да жер титиреген. Ал кезде Кара деңизге жакын аймактарда сел кырсыктары да болгон. Бир жыл ичинде Элазыгда да, Кара деңиз аймагында тез арада кырсыктын кесепети жоюлган. Кыска убакыттын ичинде жаңы имараттар курулуп, жашоо-турмуш өз калыбына келген.

Буюрса, соңку зилзаладан жабыркаган аймактарда да элдин биримдиги менен бир муштум болуп, имараттарды кайра куруп чыгабыз деп үмүттөнөм. Тобокелчилик жогору аймактарда да алдын алуучу чараларды көрөбүз деп ойлойм.

"КУРУЛУШ КООПСУЗДУГУ ЖЕР КЫРТЫШЫН ИЗИЛДӨӨДӨН КӨЗ КАРАНДЫ"

- Жапонияда үйлөр жер титирөөгө канчалык туруштук берери атайын сыноо борборунда текшерилет экен. Түркияда дагы ошондой сыноолор жүрөбү, ал кандай шартта өтөт?

- Түркияда курулуш фирмаларында имараттын бекемдигин текшере турган сыноолор өткөрүлүп келет. Рентген текшерүүлөрү да бар. Илим жана технологиянын өнүгүшү менен Түркиянын курулушуна мүнөздүү жабдыктар пайда болду. Жакында жаңылыктардан да көрдүк. Ар түрдүү сыноочу жабдыктар, рентгендер бар экен. Дагы бир маселеге токтоло кетейин. Курулуштун же имараттын эң башкы элементтеринин бири – бул жер кыртышына байланыштуу изилдөө. Азыр биз үйлөрдү тектоникалык жаракалардан алысыраак жерге салууга, өзгөчө сейсмологиялык жактан активдүү аймактарда аз кабаттуу горизонталдуу архитектуралык объектилерге басым жасоого аракет кылып жатабыз. Жер кыртышын дыкат изилдөө аркылуу жана горизонталдык архитектуранын жардамы менен дагы бекем имараттарды курабыз деп ойлойм.

- Жапония сыяктуу бир топ өлкөлөрдө көп кабаттуу үйлөрдүн курулушунда жер титирөөдөн сактоочу жаңы технология колдонулуп келет. Түркия мындай ыкмаларды качан колдоно баштайт, колдонулуп жатабы?

- Ооба, шаарлардагы жаңы салынган ооруканаларда сейсмологиялык изоляторлор бар. Мамлекеттик имараттарда же көп кабаттуу үйлөрдө да мындай изоляторлор орнотулуп жатат. Мындан кийин да бул маселеге өзгөчө көңүл бурулат, жер кыртышына жараша, курулуш инженерлери менен архитекторлордун долбоорлоруна жараша аракеттер болот деп ойлойм.

- Жапонияда жер титирөөдөн жабыркап калбаш үчүн ар кандай машыгуулар дагы өткөрүлүп турары айтылды. Түркиядагы жер титирөөдө айрым куткаруучулар адамдар сыртка чуркап чыгам деп жатып, тепкичтердин алдында калганын айтып, жер титиреген учурда үйдө калуу эрежесин сактоо зарылдыгын айтты. Ушул нерсеге дагы олуттуу басым жасаш керекпи?

- Буга байланыштуу мектерде болобу, же мамлекеттик мекемелерде болобу, керектүү маалыматтар берилип жатат. Мындан эки жыл мурда Кахраманмараш пилоттук шаар катары аныкталып, бир топ иштер жасалган. Болжол менен жети-сегиз ай мурда телефондорубузга текшерүү иретинде эскертүүчү белгилер да келген. Телеберүүлөр аркылуу да маалымат жеткирилип жатты. Бирок бир жагдайга токтолоюн. Зилзаланы өз башынан өткөргөн киши катары ачык оюмду айтайын. Уккан же окуган маалыматтарыңызды катуу жер титирөө маалында колдонуу кыйын экен. Жер ушунчалык катуу силкинет экен.

Мисалы мен кызымдын бөлмөсүнө барып, аны кучактап калганга гана жетиштим. Ушундай шартта туура жерге турайын деп ойлогонго деле жетишпейт экенсиң. Ооба, булардын баарын билебиз. Бирок психологиялык жактан ошондой оор кырдаалда билгендериңди ишке ашыруу оңой эмес экен. Албетте, эрежелерди сакташыбыз керек. Алар мектептерде айтылып, ал тууралуу китептер, телеберүүлөр жарыяланып жатат. Тилекке каршы жер титирөө маалында аны аткаруу кыйын.

  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

XS
SM
MD
LG