Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

Түркия менен Сириядагы зилзала сабагы: курулуш сапаты, сейсмикалык талап


Түркиянын Антакья шаарындагы жер титирөөдөн кыйраган имарат. 10-февраль, 2023-жыл.
Түркиянын Антакья шаарындагы жер титирөөдөн кыйраган имарат. 10-февраль, 2023-жыл.

Түркия менен Сирияда жер титирөөдөн набыт болгондордун саны 28 миңден ашып, миңдеген турак жай, имараттар кыйрады. Күчү 7,8 баллга жеткен зилзалага көп кабаттуу үйлөрдүн көбү туруштук бере албай, 10 миңдеген жаран жаракат алганы кабарланды. Бул алаамат кыргызстандыктарды, өзгөчө Бишкек жана Ош шаарынын тургундарын санаага салгандай. Анткени ушул эки шаарда кабат-кабат үйлөр көп курулууда. Жаңы салынып жаткан үйлөрдүн сапаты кандай, алар жаратылыш кырсыктарына туруштук бере алабы? “Эксперттер талдайт” берүүсүнүн кезектеги чыгарылышында ушул суроолорго жооп издейбиз.

Биздин талкууга Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун жетектөөчү илимий кызматкери, физика-математика илимдеринин доктору Алымбай Токтосопиев, Архитектура жана курулуш боюнча мамлекеттик агенттиктин мурдагы жетекчиси, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Ишенбай Кадырбеков, Кыргызстандагы курулуш компанияларынын биринин жетекчиси Чолпонбек Акматов жана Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү департаментинин деректири Талантбек Иманакун уулу катышты. Ошондой эле Түркияда курулуш тармагында бир нече жылдан бери эмгектенип келе жаткан Шерикбай Акимов биз менен Skype аркылуу түз байланышка чыкты.

- Түркия жана Сириядагы табигый кырсык жалпы эле дүйнө жүзүнө, анын ичинен Кыргызстанга жаратылыш апааттарынын коркунучун сездиргендей болду. Алымбай мырза, Түркия менен Сирияда соңку жылдардагы эң ири курмандыктары көп зилзала катталды. Бул жаратылыш кырсыгы боюнча илимпоздордо кандай маалымат бар жана бул апааттын күчү жана масштабы тууралуу эмне айта аласыз?

Алымбай Токтосопиев: Боордош түрк элинин аймагында ушундай чоң кырсык жүз бергени баарыбызды кыжаалат кылды. Түркиядагыдай кырсык бизде болбойт бекен деген суроо жалпы элдин тынчын алууда. Сейсмология институтунун кызматкери катары айтайын, табигый апаат өтө чоң болду. Бардык жер титирөөлөргө жердин тектоникасы себеп болот. Ошол жерде белгилүү чыңалуу пайда болуп, энергия топтолот. Бул акырындап жүрүп отурчу процесс. Бир учуру келгенде ошол энергияны өзү сыртка чыгарат. Маселе ага эмне таасир эткендигинде болуп жатат.

Түркияда тектоникалык төрт плита бар. Алардын баары кыймылда. Эми бизде ушундай кырсык болобу же болбойбу деген суроого жооп берейин. Бактыга жараша, бизде мындай апаат болбойт. Түркиядагыдай чоң жер титирөө болушу мүмкүн эмес. Себеби Кыргызстандын аймагынын түндүк жагында кыймылсыз казак тектоникалык плитасы турат. Ал эми түштүгүбүздө Индиялык плита бар. Ал дайыма түндүктү көздөй 1-5 см жылып турат жана мунун баары сейсмикалык станциялардын көзөмөлүндө болот. Булар бири-бирине бир да жолу урунуша элек.

Талкууну толугу менен видеодон көрө аласыз:

- Ушул табигый кырсыктан кийин дүйнөдөгү курулуштардын сапаты жана алардын сейсмикалык туруктуулугу боюнча маселе көтөрүлүп жатат.
Түркия менен Сириядагы жер титирөөдө миңдеген турак-жайлар кыйрап калганын көрдүк. Андагы кээ бир үйлөр кудум атайын жардыргандай биринчи кабаттан күбүлүп түшкөнүн видеолордон сиз дагы көрсөңүз керек. Ишенбай мырза айтсаңыз, эмнеден улам ушундай болуп жатат же Түркиядагы үйлөрдүн сапаты начарбы же кеп башкада болушу мүмкүнбү?

Ишенбай Кадырбеков: Аймагында жер титиреши ыктымал мамлекеттер үйлөрүн ошого жараша долбоорлоп, ошого жараша курат жана көзөмөл жүргүзөт. Негизи ошондой сапатта курулган үйлөрдүн баары туруштук берүүгө тийиш. Менимче, түрктөрдүн деле сейсмологдору плиталардын бири-бирине жылып келе жатканын билген. Термелүү амплитудасы 7 баллдан өтүп кетиши мүмкүн экендигин да билишкен. Ошого жараша долбоор түзүшкөн да. Анда эмне үчүн үйлөр кулап жатат? Сыналгыдан бир аял жаңы үйлөр урап жатканын айтып жатпайбы. Орду-түбү менен кыйрап жатат. Демек, сейсмиканын талаптары кагаз жүзүндө аткарылганы менен, үйлөр сапаттуу курулган эмес.

- Кандайдыр бир деңгээлде Түркия 90-жылдагы кырсыктан сабак алган жок десек болобу?

Ишенбай Кадырбеков: Ошондо биз сабак алдык деп өкмөт башчы айткан. Кийин Измирде жер титирөө болгондо көп кишилер каза таап, курулушка жооптуулар министрлер баш болуп, он жылдан он беш жылга чейин кесилип кеткен. Мынан келди тийиштүү көңүл бөлүнүп, туура тыянак чыгарылган эмес.

Кыргызстанда Чүй өрөөнүндө ар бир жүз-жүз элүү жылда чоң жер титирөөлөр болгон. Биз Түркиядай болбойт десек, анда келечегибиз жок болот. Сейсмологдор бизге кандай карта берсе, ошого баш ийип долбоорун жасашыбыз керек. Эгерде сейсмологдор тоонун жанында 9-10 балл болушу мүмкүн деп айтып жатса, ал жерден биз качышыбыз керек. Биз болсо ал жерге көп кабаттуу үйлөрдү куруп жатпайбызбы.

- Жаратылыш кырсыктары бизден көз каранды эмес, бирок биз эске ала турган жагдайлар бар. Булар ошол курулуштун сапаты, үйлөрдүн талаптагыдай курулушу. Түркиядагы жана Сириядагы апааттан кийин көпчүлүктү Ош, Бишкектеги жана башка ири шаарлардагы турак-жайлардын сапаты кооптондура баштады. Талант мырза, сизден сурайын дегеним, алардын сапатына кепилдик барбы жана сиздер тараптан кандай текшерүүлөр болуп жатат?

Талантбек Иманакун уулу: Учурда Кыргызстанда баары болуп 314 объект курулуп жатат. Анын ичинен 197си Бишкек шаарында, 84ү Ош шаарында, Ош облусунда төрт, Чүй облусунда 23, ал эми Жалал-Абад шаарында 6 объект курулууда. Кыргызстан сейсмикалык аймак болгондон кийин ар бир курулушту долбоорлоп жатканда жердин кыртышы лабораторияда текшерилет. Анткени жерди казганда андан шагыл чыгышы мүмкүн, же кум, топурак чыгып калышы ыктымал. Ошонун негизинде сейсмикалык жактан териштирилип, турак-жайдын жерпайы туура куюлуп, анан курулуш башталат.

Бирок бир нерсени айта кетишибиз керек. Акыркы жылдарда "бизнес чөйрөсүнө текшерүү көп болуп жатат, бут тосуу көп болуп жатат" деген кеп-сөздөрдөн улам бул жаатта текшерүү иш-чаралары басаңдап кетти. Мисалы, өкмөт бекитип берген №114 жобонун негизинде курулуш фирмасы курулушту баштагандан кийин, т.а. негизги түптөмөсүн болобу, регилди болобу, тамбашын жапчу плитасын болобу жасап, долбоордун алкагында карап чыккандан кийин гана "биз буларды даярдадык, келип көзөмөл кылгыла" деп, бизге билдирет. Автордук долбоор, техкөзөмөл боюнча адистер жана прораб кол койгондон кийин бетон куйганга уруксат берилет. Сапаттуулугу жана арматуралардын ширетилиши боюнча да маселе көтөрүлбөдүбү, бизде мамкурулушка караштуу лаборатория бар. Ошол лабораторияда анын канчалык бекем экендиги текшерилет. Мындайча айтканда, курулуштун баардык баскычы ар тараптуу көзөмөлгө алынат.

- Демек, буга чейин курулган жана азыр салынып жаткан турак-жайларга кепилдик бар экен да.

Талантбек Иманакун уулу: Ооба, бар.

- Чолпонбек мырза, сиз бир нече жылдардан бери курулуш тармагында жүрөсүз. Курулуштун сапатына бир гана мамлекеттик мекемелер эмес, ошол куруп жаткан компания жана анын адистери да жоопту болот эмеспи. Соңку жылдардагы курулуштарга жана алардын сапатына сиз кандай баа бересиз? Анткени айрым жалпыга маалымдоо каражаттарында, социалдык тармактарда курулуштун сапатына нааразы болгон көп сын-пикирлер айтылып калат.

Чолпонбек Акматов: Мен өзүм курулуш тармагына келиш үчүн алгач Бишкек башкы архитектурада, мамлекеттик архитектуралык көзөмөлдө иштедим. Долбоорлоо компаниясын ачып, он жыл ошол жакта жүрүп, анан курулушка келдим. Азыр көп турак жай куруп жаткан команиялардын жетекчилеринин курулуш жагынан билими жок.

Биз долбоор түзгөндө мен өзүм карап көрдүм. ЛИРА деген программада компьютер үйдүн долбоорун узун-туурасын чийин, анын сейсмикалык туруктуулугун текшерет. Кулап калчу болсо, дагы арматура кошот. Компьютер чийип бергенден кийин адистер (расчетчиктер) аны конструкторго берет. Андан ары колдо иштелип, соң жумушчу долбоор түзүлөт. Кийин архитектурадан уруксат кагаз алып туруп, мамэкспертизага барабыз. Мамэкспертизадагы адистер ал жерде дагы текшеришет. Ошондон кийин гана куруучу уюмдарга берилет.

- Баардык эле компаниялар ушундай жол менен иштейт деп ишенсек болобу?

Чолпонбек Акматов: Иш баштап жатканда көп компанияларда тажрыйба жок болушу мүмкүн. Ар бир компания өз жоопкерчилигин сезиши керек. Эгер жаш адис долбоор түзсө, автордук көзөмөлдү кантип жүргүзүштү билбеши ыктымал.

- Алымбай мырза, эми сизден сурайын деп жатам. Бизде көп кабаттуу үйлөрдү курганда сейсмологдордун сунушу эске алынабы жана илимий мамиле жасалабы?

Алымбай Токтосопиев: Сейсмологиянын биринчи милдети – сейсмологиялык жооп кылуу картасын түзүү.

- Ошол эске алынабы?

Алымбай Токтосопиев: Кантип эске алынбасын! Биздин талаптарды аткарбаса, курулушчуларды күнөөлөйбүз. Себеби сейсмология көп жылдык маалыматтарды талдап чыгат. Биздин жети облустун баардык аймагы сейсмикалык линия менен бөлүнгөн. Канча баллдагы жер титирөө боло турганы аныкталган. Бишкекте ушундай 8-9 чөлкөм бар. Мамкурулуш ошол картаны эске алууга тийиш. Ошол сейсмикалык жооп кылуунун талабы курулуш ченемине кирет. Эгерде мамкурулуш көздү жуумп коюп, талаптарды аткарбаса (мисалы, 9 балл жер титирей туган жерге курулушка уруксат берсе), Сейсмология институту бизге расмий кайрылса, биз аны текшерген комиссиянын курамында болууга укуктуубуз.

Мен курулушту көрүп жүрөм. Орусиядан алынып келинген арматуралар жарактуу деп эсептелинет. Тастыктамасы менен келип жатат. Бирок эч лаборатогияда аларды үзүп текшерип көргөнүн көрө элекмин. Аны ошол тастыктамасы менен өткөрөт. Долбоор автордук көзөмөлдөн өтөт, андан башка мамэкспертизанын комиссиясы (техкөзөмөл жана мамкөзөмөл) текшерип, кол коюуга тийиш.

- Шерикбай мырза, талкуунун жүрүшүндө өзүңүз уккандай Түркиядагы үйлөрдү курууда кайсы бир стандарттар жана эрежелер сакталбайт деп айтылып кетти. Ушул кырсыкка чейин Түркияда турак жайлардын сапаты боюнча маселе көтөрүлдү беле?

Шерикбай Акимов: 1999-жылы 17-августа Стамбулдагы Кожоели деген жерде чоң жер титирөө болгон. Ал зилзалада деңиздин жээгиндеги жерпайы жок, топурактын эле үстүнө курулуп калган көп кабаттуу үйлөр урап калган. Ошол жылдагы жер титирөөдө 17 миң киши өлгөн. 42 миңге жакын имарат кыйраган. Ошондо түрк өкмөтү мындан кийин баардык курулуштарды техкөзөмөл текшерет деген чечимге келген. Бул жакта техкөзөмөлдү жеке компаниялар жүргүзөт. Көп жыл курулушта иштеген, бул жаатта эл аралык тажрыйбасы бар адистер сынактап өтүп, кийин техкөзөмөл боюнча тастыктама алышат. Андай тастыктама алган кишилер паракорлукка аралашып, эч качан өзүнүн кадыр-баркына доо кетирбейт. Ар бир курулушту баштан-аяк тыкыр текшерип турат. Курулуш башталардан алдын курулуш материалдарынын баары текшерилет. Бул жакта арматуралар ширетилбейт, болт менен бурап бекитилет. Анткени ширетилген жер ажырап кетиши мүмкүн, ал эми болт менен бекемирээк бекитилет.

Бул жакта колдо жасалган бетон эч жерде колдонулбайт, баардыгы мамстандартка туура келген жана тастыктамасы бар бетон фабрикалардан чыгарылат. Техкөзөмөл уруксат бермейинче бетон куюлбайт. Камыттардын арасы 7 м. 8 см болот. Жаңы курулуштардын материалдары абдан бышык, сапаттуу. Кечээ жер титирөөдө кыйраган имараттардын көпчүлүгү 1999-жылга чейин курулган. Жаңылардан да анча-мынча урагандары болду. Эми буга албетте, адам фактору себеп болушу мүмкүн.

Түркияда бул зилзаладан кийин да ар бир шаар боюнча мастер-план түзүлөт. Мастер-план түзүлгөндө ар бир райондогу жер кыртышына карап, бул жерде эки кабат, бул жерде үч кабат, а бул жерде төрт кабат үй курууга болот деп уруксат берилет. Ал жерге ошол уруксат берилген кабатты эле кура аласың. Азыр жер титирөө болгондо "Тез жардам" машинелери кире албай жатат же өрт чыкканда өрт өчүрүүчү машинелер кире албай жатат. Биз Кыргызстанда мындан ары шаар курууну пландап жатканда ушул каталарды эске алууга тийишпиз. Көчөлөрүбүз кең болушу керек, балдар аянчалары болушу керек, алып чыгып кете алгыдай ортодо элди топтоочу жайлар болушу зарыл.

Ыкчам жардам көрсөтүүчү техникалар шаардын ичине тосколдуксуз кириши шарт. Газ, жарык өчүп калганда эл бир-эки ай обочолонуп жашай ала турган тутумдарды курууга тийишпиз. Түркияда учурда 6.5 миллион имарат бузулууга тийиш. 6.5 миллион имаратты бузган компаниялар салык төлөбөйт. Мисалы, бир имарат 18 же 24 ай курула турган болсо, эски үйдүн жашоочулары ал үйлөрдөн чыгып, бөлөк жерде жашап турушу үчүн мамлекет ижара акысын төлөп берет. 75% мамлекет, 25%ын курулуш компаниялары төлөп берет.

- Биздеги сейсмикалык абал боюнча айтканда, Бишкектин жогору жагынан өткөн Ысык-Ата тектоникалык жаракасы жөнүндө сөз кылабыз. Учурдагы Түштүк магистралдын өйдө жагында курулуп жаткан үйлөргө мурда уруксат берилген эмес, кийин курулуп кетти деп, коңгуроо каккан адистер да жок эмес. Ишенбай мырза, ушул боюнча сизде кандай маалымат бар?

Ишенбай Кадырбеков: Алтынчы кичи район курула баштаганда алгач 5 кабатуу ири панелдүү үйлөр салына баштаган. Жер титирөөгө эң туруктуу үйлөр – булар ири панелдүү үйлөр. Андан кийин монолиттүү үйлөр. СССР убагында каркастуу-монолитүү үйлөр курулган эмес эле. Политехникалык институтта Сталеварова деген окумуштуу бар эле.9 кабатты курардын алдында ошонун сунушу менен үйдүн жерпайы менен дубалынын ортосуна айнекпласт деген пластинканы коюшкан. Анан кийин 9 кабат курушкан. Ага сыноодон кийин гана араң уруксат берилген. 5-кичи район менен 12-кичи районго көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берилген эмес. Биз азыр ошол аймакка 12 кабаттуу үйлөрдү куруп жатабыз. Каркас-монолиттүү, жер титирөөгө туруштук бере албай турган турак жайларды куруп жатабыз. Курулуш ченемдери менен эрежелерин карасаңар (КЧмЭ), 62 түйүндөрдү акт аркылуу кабыл алгандан кийин бетондо турат. Көрүнбөй калган иштердин актысы деп коёт. Бетон кийин көрүнбөй калганда кандай курулду, кандай арматура, материал колдонулду деп. Кошмоктоп ширетүү (ванная сварка) менен жөн ширетүүнүн чоң айырмасы бар. Жөн ширетилсе мындай эле сынып калат.

Ошондуктан азыркы курулушчуларда кошмоктоп ширетүүчү адистер барбы, сертификаты барбы деп сураш керек. Биз 12 кабат куруп жаткандан кийип, балким конструкторлор санап чыккандыр. Бирок биз аны куруудан алдын геологиялык иликтөө жасадыкпы? Эгерде 9 баллга ылайыкталган болсо, туюк плита кылышыбыз керек. Байкадыңарбы, Түркиядагы үйлөр мина койгондой эле сапырылып түшүп калып жатат. Анткени плита жок. Эгерде 9 баллга туруштук бере турган плита болгондо ал түшүп калмак эмес. Бизде мобул 12 кабатты курганда плита коюлдубу, анын калыңдыгы канча болду?

Ысык-Ата тектоникалык жаракасы деп коёт. Бул аска менен кум-чопо аралашкан жердин кошулган жери - эң кооптуу жер. Жер титирөө болсо жер жарылат. 500 м. тиякка 10 балл, андан кийин 1 чакырымга чейин 9 баллдык таасири жетет. Эч нерсе курууга болбойт. Азыр курганга уруксат берип жатышат. Мен учурунда бир дагы имарат курууга уруксат берген эмесмин. Эмне үчүн берип жатабыз, кооптуу кырдаалдар эске алындыбы? Бул тууралуу ойлонушубуз керек. Жанагы мейманкана бар эмеспи, техника менен буза албай, жардырышпадыбы. Ал аймактын жер титирөө ыктымалдыгы 9 балл. Мурда 5 кабат курууга араң укуксат беришкен. Азыр анын тегерегине 12 кабат имараттарды куруп жатышат. Андай жерлерге эмне үчүн каркастуу бийик үйлөрдү курганга мүмкүн эмес? Анткени термелүү амплитудасы башталганда үйдүн үстү да термеле баштайт. Эрежеге ылайык, үйдүн өйдө жагындагы жүгү төмөн жагына караганда азыраак болуш керек. Үстү жагы жеңил болушу шарт. Термелүү амплитудасы да аз болууга тийиш. Биздики баары бирдей болуп жатпайбы!

Түркиянын фирмалары келип канча үйлөрдү куруп кетти. Мындайды токтотолу! Адистерди иштетели. Мамкурулушту башкарып жаткан юристтерди, дипломаттарды мен сыйлайм. Эми чыныгы адистер иштесин да, чымчык сойсо да касап сойсун дегендей.

- Чолпонбек мырза, мына ошол Ысык-Ата тектоникалык жаракасы өткөн Түштүк магистралынын өйдө жагы менен Орто-Сай айылы биригейип деп калды. Ал жакта ондогон компания үй куруп жатат, алардын арасында сиздин да компанияңыз болсо керек. Сиздер ошол жерде курулуш иштерин жүргүзүп жатып жоопкерчиликти сезип жатасыздарбы жана буга чейинки айтылган тобокелчиликтер эске алынып жатабы?

Чолпонбек Акматов: Жаракадан 500 метрден кийин 9 баллдуу чөлкөм деп айтып кетишпедиби. Биздики аталган жаракадан 1.5 км бери жакта курулуп жатат. Албетте, биз жоопкерчиликти сезип жатабыз. Мен акыркы учурда деректирдин, башкы архитектордун, техкөзөмөлдүн жоопкерчилигин күчөткөм. Туура эмес болсо баары камалып кетет. Ал жерде эң биринчи грунтту иликтейбиз. Грунттан алынган анализди Сейсмология институтуна беребиз. Сейсмология институту корутунду берет. Ошол корутундунун негизинде жанагыдай компюьтер санайт, андан кийин кол менен саналат. Биз жөн эле кура бербейбиз. Ал жер 8 балдуу чөлкөм. Менин айтайын дегеним, "Азаттыктын" журналисттери, ушул турган аксакалдар менен барып, имараттар кандай курулуп жатканын өз көзүңүздөр менен көрүп келсеңиздер жакшы болот эле. Менин объектилеримди эле эмес, баарын барып көрсөңүздөр болот.

- Жогорку Кеңеште да ушул маселе көтөрүлдү жана баардык курулуштарды текшерүү керек деп айтып жатышат. Ошентип баардык курулуштарды текшерсе болобу? Негизи эле Түркия менен Сириядагы кырсыктан Кыргызстан кандай сабак алат, эмнелер өзгөрүшү мүмкүн?

Талантбек Иманакун уулу: Түркия жана Сириянын жер кыртыштары жана рельефтери менен Кыргызстандыкын салыштырбаш керек. Адис айтып кетпедиби, алардагы төрт өзөк менен биздеги процессти салыштырганга болбойт. Тигиндей-мындай деп элди дүрбөтпөш керек. Алымбай агай башында ал жакта эмне үчүн андай процесс болуп жатат жана бизде кандай болушу мүмкүн экендигин түшүндүрүп кетти. Биздеги эки плита бири-бири менен кагылышы мүмкүн эмес деп жатпайбы. Ушул сейсмикалык маалыматтарга таянып, 2009-жылы КЧмЭ (Курулуш ченемдери менен эрежелери) кабыл алынган. Акыркы КЧмЭ 2018-жылы кабыл алынды.

Эгер бир эле жер 2009-жылы 9 баллды көрсөтсө, 2018-жылы 8 баллды көрсөтүп калышы мүмкүн. Башка жерде 6 балл болсо, 5ке түшүп калышы ыктымал. Бул ушундай өзгөрмөлүү процесс. Ошол Курулуш ченемдери менен эрежелеринин негизинде эсебин алып жатпайбызбы. 12 кабатка чейин куруп чыккандан кийин кыштарын ордуна пенаблог, газаблок коюп, жеңилдете баштайбыз. Эртең "Түркиядай болуп кыйрап калбайбызбы" деп, элди коркута бербеш керек. Анткени алардын жер кыртышы башка, биздики башка. Бизде төрт мезгил бар. Аларда кээ бир жерлерде жыл бою жай. Демек, климат да ар башка. Антип элди дүрбөткөндү коёлу.

- Бирок сактыкта кордук жок дейт эмеспи. Алдын алуу керек да, туурабы?

Алымбай Токтосопиев: Бул кишилер жоопкерчиликти өзүнө алып жаткандан кийин сөзсүз көзөмөлдөйт да. Булар колдон келишинче баарын жасап жатат. Миксердик цементтерди текшерип тургандарын, Орусиядан жана Казакстандан келген арматуралардын тастыктамаларын талап кылгандыгын билебиз. Кыргызстанда да сапаты начар арматура чыгарып жатышат, бирок алардыкы да аралашып кетпейт деп ким кепилдик берет?

Ишенбай Кадырбеков: Мамкурлуштун адиси "дүрбүлөңгө түшпөш керек, Кыргызстан андай эмес" деп айтып кетпедиби. Демек, Кыргызстанда 7 балл, 8 балл жер титиребейт экен, анда жанагы сейсмикалык жооп кылууну жокко чыгарып, 50 кабат үйлөрдү кура берели. Ушуга алып келип жатасыңар да! Кайдыгерлик кылбаш керек! Биз болсо Кыргызстанда да алардай болуп кетпесин, ар бир курулуп жаткан үйдү тыкыр текшерели, мамкурулушка мүмкүнчүлүк берели деп жатабыз. Биздики Түркияга окшош болбогону менен Тянь-Шань тутуму өсүп бара жаткан тутум. Өсүп жатканда бүгүн плита жок болсо, эртең пайда болушу мүмкүн. Түркияда жер титирегени тиги Камчаткада сезилип жатат. Демек, биздин алдыбыздагы жерге да таасир этти да. Ошондуктан мамкурулуш корпогула, баары жакшы болот дебей, шымаланып иштеп, көзөмөлдү күчөтүш керек.

Алымбай Токтосопиев: Бул кишинин айтканы боюнча мобул жерде 9 балл, а мобул жерде 8ден төмөн жети балл жер титирөө болот деп картада көрсөтүлгөн. Биз ошол картадан чыкпашыбыз керек.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG