Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:25

Түркия: Бишкек куткаруучуларды, вандыктар 30 боз үй жиберди


Куткаруучулар эркек баланы урандынын арасынан алып чыгып, ооруканага алып баратышат.
Куткаруучулар эркек баланы урандынын арасынан алып чыгып, ооруканага алып баратышат.

"Азаттык" Түркиянын зилзаладан катуу жапа чеккен шаарларында жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар менен байланышууда. Рахат Ташматова бир топ убактан бери Адана шаарында жашайт. Ал жер титиреген учурда сегизинчи кабаттагы үйүндө болгон. Күйөөсү экөө сыртка кантип качып чыкканын айтып берди.

"Аябай коркунучтуу болду. Өзүм 50гө чыгып калдым. Мындайды көргөн эмесмин. Биз бир ордубузда тура албай эшикти араң эле карап турдук. Аябай корктук, чындыгында катуу болду. Мен өзүм ушул жакка турмушка чыккам. Азыр кайын журтумдун үйүнө келдик. Көп кабаттуу үйлөргө кире албай жатабыз. Эки жолу тең катуу болду. Кечээ чындыгында дүкөндөр иштебей турду. Бүгүн анча-мынчасы ачылды. Жолдошум экөөбүз бүгүн үйүбүзгө кирип, документтерди алып чыктык. Араң эле кирип чыктык. Коркуп кирип, кара терге түшүп, эптеп паспорт, керектүү буюмдарыбызды алып чыктык. Биз жашаган райондо эч ким калбаптыр, бардык үйлөр бош турат. Жергиликтүү тургундар парктарда жүрүшөт, кечинде төшөгүн алып эле бир кабаттуу имараттарда, спорт залдарда жатышат. Ал жакта оокат-аш берип жатат. Ал жерде биздин дагы эки-үч кызыбыз жатат. Тамак-аш берип жатат дешти", - деди Рахат айым.

2 млн. чукул калкы бар Адана шаарында 500дүн тегерегинде кыргызстандык жашайт. Алар бири-бири менен байланышып, жардамга муктаждары коопсуз жайга жайгаштырылып жатат. Османие шаарында иштеген, үйлөрү зилзалада талкаланган бир тууган эже-сиңди Кыргызстандын консулдугунун жардамы менен Анталияга чыгып кетти.

“Аябай эле узак болгондой болду”

Газиантеп шаарында дарыгер болуп иштеп, билим алып жүргөн Акжол Жусупов жер титирөөдөн кийин чочулап, үй-бүлөсү менен ар кайсы жерде баш калкалап жүргөнүн айтты.

"Биз жер титиреген учурда үйдө болчубуз. Аябай эле узак болгондой сезилди. Алгач эшикке чыгып кетип, саат 10го чейин сыртта жүрдүк. Үйгө киргенден кийин кайра кайталанды, ошондон кийин үйдөн чыгып кеттик. Чогулуштар өтчү конгресстин имаратында, кийин бир таанышыбыздын үйүнө барып кондук. Газиантепте эски жана жаңы имараттар бар. Эскилерине 40 жылдай болуп калган. Мен жолдо келатып кулап калган имараттарды көргөн жокмун. Чоң дүкөндөр жабылып калды, кичинелеринде эң керектүү нан сыяктуу тамак-аш калбай калган. Адамдар эмне колго тийсе алып жатат. Кээ бирөөлөр машиналарында, бир бөлүгү биз барган жерге барышыптыр (Конгресс имараты - ред.). Мектептерди, чоң бекем имараттарды ушундай убактылуу кабыл ала турган жай кылып коюптур. Мен үй-бүлөмдү ооруканага алып келдим, азыр ошол жердебиз. Кайрылгандар көбөйүп, ооруканага чакыртышкан. Жер титирөөдөн кийин кайрылгандарды УЗИ кылып, текшерип жатабыз", - деди Жусупов.

"Кызымды мышыгы сактап калыптыр"

Рада Токоеванын кызы Жаңыл Токоева учурда зилзала болгон Кахраманмараш шаарында иштейт. Зилзала болгон күнү Рада айым кызы менен бир нече саат байланыша албай, санаа тарткан. Тийиштүү мекемелерден жардам сураган. Кийин кызы байланышка чыгып, аман-эсен экенин, көпчүлүк көргөн күндү көрүп жатканын айткан. Ал жер титирөө кандай башталганын жана азырынча Түркиядагы элчилик, консулдуктардан жардам келе электигин айткан.

"Өзүм деле жаңылыктарды окубай кийин билдим. Чалсам жооп бербей жатты. Саат бештерде башка номерден чалып, "мен тирүүмүн, байланыш начар болуп жатат, кыжалат болбогула" деди. Кызым жарым жылдан бери мышык багып жүргөн. Кызымдын айтымында, саат үчтөрдө мышыгы аябай тыбырчылай баштаптыр. Сылап-сыйпаса дагы болбой ыйлаптыр. Ошондо капчыгын, курткасын алып эле чуркап чыгыптыр. Кызым 4-кабатта турчу. Подъездегилерге кыйкырып, эшигин каккылап чыгыптыр. Анын артынан дагы чуркап чыгышыптыр. Ал жашаган үйдүн жарымы урап түшүптүр. Жанындагы чоң үйлөр дагы кулаптыр. Ал шаардагы үйлөрдүн көбү урап калганын, жолдор жарака кетип, жардам аларга жетпей жатканын, өзү тааныган достору набыт болуп калганын айтты", - деди Жаңыл айым зилзаланын очогунда жашаган кызы кабылган окуя тууралуу.

"Аданада эки чоң көчөдө үйлөр жараксыз"

Аданада иштеген дагы бир мекендешибиз Салтанат Төлөкова зилзаладан кийин Османие шаарында көчөдө калган Кыргызстандын эки жаранын алып келген. Анын айтымында, Османие шаарында кыйроолор көп. Ал эми Адананын эки чоң көчөсүндөгү 9-10-14 кабаттуу үйлөр урап түшкөнүн "Азаттыкка" айтып берди.

"Аданада мен жашаган райондо көп кабат үйлөрдүн арасында жалгыз эле үч кабат үй бар. Биз үйдөн чыккан жокпуз, тынч эле болду. Жер титирегенден кийин Османиеден эки кыз чалды, жаан нөшөрлөп жаап жаткан. Жамгырда калдык дешти. Таксиге бензин куюп, ал жакка барып алып келдим. Осмоние бүтүп эле калыптыр. Аданага келип 12-кабатта бир кыргыз эже иштейт, "чай ичкиле, үшүдүңөр" деп чакырган. Ал жакка чыкканда экинчи жолу жер силкинди. Кыздар нес болуп калышты. Кандай түшкөнүбүздү билбейбиз. Кийин ал көп кабат үйлөргө жакындабай коюшту. Аданада эки чоң көчөдө үйлөр киргенге жараксыз абалда. Жаңы салынган үйлөрдөн жарака кеткен", - деди Төлөкова.

Түркия: Вандык кыргыздар 30 боз үй жөнөттү

Эл аралык медиа дүйнө өлкөлөрү Түркияга жардам сунуштаганын жазды. Кыргызстан дагы 60тан ашык адамдан турган куткаруучу топ жөнөттү.

"Азаттык" Диярбакыр провинциясында жашаган Аида Бикирова Гөк менен байланышканда, ал кошуналары менен мечиттин бир бөлмөсүндө таң атырганын, жанында эки баласы бар экенин айтып берди.

"Түнү менен жер силкинди дешти. Биз эки жолу катуу титирегенин гана сездик. Бир бөлмөдө аялдарыбыз, балдарыбыз менен баш калкалап турабыз. Ушуга дагы шүгүр, тышта үйү жок үшүгөндөр бар деп атышат".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиядагы жер титирөөдө набыт болгондор арасында кыргыз жарандары жок экенин кабарлады. Адана шаарында кыргызстандык жаран жараат алганы белгилүү болду жана ага ооруканада керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, абалы канааттандырарлык экени, ооруканадан чыкканы маалымдалды.

Анталия шаарындагы Башкы консулдуктун кызматкерлери Аданадагы он кыргыз жаранына азык-түлүк, суу, жылуу кийим жана жууркан жеткирип, аларды коопсуз жерге жайгаштырды.

Анталияда түптөлгөн "Айымдар коомунун" жетекчиси Периза Асаналиева зилзалада үй-жайсыз калган 50 мекендешке батирлерин даярдап койгонун "Азаттыка" билдирди.

Алардын бири Алания шаарында жашаган Флюра Сардалбекова жардамга муктаждарга дайыма эшиги ачык экенин айтты. "Канча киши келсе да эшик ачык. Колдон келген бардык жардамды көрсөтүүгө даярбыз".

Вандык кыргыз Канатбек Айтач өзү жасаган 30 боз үйдү жер титиреген аймактарга алып баратканын "Азаттыкка" билдирди.

"Мен өзүм Муш шаарында турам. Жер титирөө болгон аймактарга 30 боз үй алып баратабыз. Учурда губернатор менен сүйлөшүп атабыз. Жардам беребиз дешти. Бир туугандар суукта жатканда биздин жылуу жерде жатканыбыз болбойт. Боз үй тиккенге жардам берген жигиттерди уюштуруп атам".

Түркиянын Сирия менен чектеш 10 аймагында 6-февралда таңга жуук күчү 7,8 баллга жеткен зилзала болгон. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жер титирөө кайталанды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG