Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34
Түркия.
Түркия.

Түркия-Сирия: зилзала курмандыктары 45 миңден ашты

6-февралда Түркия жана Сириянын аймагында 7,8 баллга жеткен зилзалада 37 миңдей киши набыт болуп, он миңдеген киши жараат алды. Миңдеген имарат кыйрап, он миңдеген үй-бүлө башкалкасыз калды.

00:05 19.2.2023

Февралдын башында Түркия менен Сирияда болгон катуу зилзалада каза тапкандардын саны 45 миңден ашты.

Reuters агенттигинин жазганына караганда, Түркияда курмандыктардын саны 39 672, Сирияда 5800 адамга жеткен. Канча кишинин дайыны чыкпай жатканын бийлик өкүлдөрү айта элек.

Түркияда сейсмикалык активдүү аймактарда көп кабаттуу үйлөрдү курууда стандарттарды сактабаганы үчүн бийликке жана курулушчуларга олуттуу дооматтар коюлууда. Өлкөдө имараттардын урашы боюнча иш иликтенип жатат - 100дөн ашуун шектүүнү кармоо чечими кабыл алынган.

00:03 19.2.2023

Дээрлик эки жума мурда Түркияда болгон катуу зилзалада өлгөндөрдүн саны 40 миңге чукулдады. Адистер кырсык болгон аймактарда санитардык-эпидемиологиялык кырдаал курчуп баратканын айтышууда. Чатырда жашагандар ажаткана, жууна турган жай керек экенин айтып, коңгуроо кага баштады.

00:02 19.2.2023

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Кахраманмараш шаарындагы 10 күнгө созулган издөө-куткаруу иштерин жыйынтыктап, өлкөнүн түштүк бөлүгүндө жайгашкан Хатай провинциясына келишти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, учурда Хатайда чатырлар тигилип, куткаруучулардын абалын дарыгерлер көзөмөлгө алууда. Санитардык эрежелерге ылайык, коргонуучу каражаттар менен камсыздалып, эрежелер тыкыр көзөмөлдөнүп жатканы кабарланды.

00:00 19.2.2023

18-февралда кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай провинциясында үч кишини уранды алдынан аман-эсен алып чыгышты. Бул тууралуу жергиликтүү "Хабер глобал" телеканалы кабарлады.

Анда куткаруучулар "таң аткандан бери уранды алдында иштешкенин, орто жаштагы эки киши жана бир кичине бала тирүү чыкканын" айтышат.

Кыргызстандык куткаруучулар Түркиянын Хатай провинциясына Кахраманмараш шаарындагы 10 күнгө созулган издөө-куткаруу иштерин жыйынтыктагандан кийин, 16-февралда барган.

Дагы жүктөңүз

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG