Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:53

Казакбаев: Зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар


Казакбаев: Зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар
please wait

No media source currently available

0:00 0:09:40 0:00

Казакбаев: Зилзала болгон аймакта 200дөй кыргыз жараны бар

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев "Азаттыкка" учкай маек куруп, зилзала болгон аймактагы кыргыз жарандарынын жагдайы тууралуу маалымат берди. Тышкы иштер министрлиги табигый кырсыктан набыт болгондордун арасында кыргызстандыктар жок экенин маалымдады.

- Руслан мырза, Түркиянын зилзала болгон аймактарында жашап, иштеген кыргызстандыктар менен байланыш кандай болууда?

- Жалпы иш жүрүп жатат. Кечээ эки жолу жер титирөө болгон Түркиянын чыгыш бөлүгүндөгү шаарлар, Газиантеп, Кахраманмараш, Хатай, Мерсин, Османие, Адияман, Малатя, Шанлыурфа, Адана жана башка шаарларда кыргыз жарандары бар. Алар студенттер жана бул аймактарда иштегендер. Тилекке каршы, көпчүлүгү консулдукта каттоодо болбогондуктан атайын түзүлгөн штабдар алар менен күнү-түнү байланышууга аракет кылып, тизмесин тактап, абалын билип жатабыз.

Азыркы саатка карата маалыматка таянсак, кыргызстандыктар арасында жараат алган жарандарыбыз жок. Бардыгы байланышып жатат. Кечээ Адана шаарынан эки кызыбыз байланышкан. Алардын бар болгон буюмдары, документтери кыйраган үйдө калып, өздөрү качып чыгышкан экен. Анталиядагы башкы консулдуктун кызматкерлери ал жакка жөнөтүлгөн. Алар кыздарыбыз менен жолугуп, жайгаштырып, жеринде жардам берип жатышат.

- Кыргызстандыктарга жардам берүү үчүн ачылган штабдар кайсы шаарларда?

- Штаб үч шаарда түзүлдү. Анкара, Анталия жана Стамбулда. Алар эки суткадан бери күнү-түнү иштеп жатат.

- Зилзаладан катуу жапа чеккен шаарларда айрым кыргызстандыктар жардамга муктаж экенин айтып жатышат. Кабарыңыздар барбы?

- Андайлар бар. Бул жердеги өзгөчө кырдаалдар менен иштеген борбор бар. Тышкы иштер министрлиги, жергиликтүү башкаруу органдары менен дагы байланыштабыз. Бирок кыйын, кээ бир жерде байланыш жок, жолдор талкаланган. Ошондуктан кыргыз жарандары аркылуу, Түркиянын өзгөчө кырдаалдар борбору, жергиликтүү бийлик менен чогуу жардам берип жатабыз. Жабыркагандар жок, бирок үйлөрү талкаланып же коркуп сыртта түрк жарандары менен ар түрдүү чатырларда жашап жаткандар бар.

- Ушул убакка чейин канча кайрылуу болду?

- Ар кандай маалыматтарды алганда жалпысынан 150дөй кайрылуу түштү. Алардын арасында зилзала болгон жерден эле эмес, Кыргызстандан кайрылгандар дагы бар. Айрымдары туугандарыбызды таппай жатабыз, карап бересиздерби дегендер. Дайыны чыкпай жаткандардын бардыгын таптык. Газиантепте бир балабызды таппай жаттык эле, ал табылды. Малатядан бир кызыбыз Газиантепке кеткен экен, ошол жактан таптык. Ошондой иштер күнү-түнү жүрүп жатат .

Бир гана элчиликтин кызматкерлери эмес, мындай учурда студент, активисттерди тартканбыз. Алар жардам берип жатат. Ар бири өз топторунда издөөгө жардам беришти. Мындай учурда күнү-түнү иш жүрүп жатат.

Зилзала болгон шаарларда күмөн санаган бир жагдай болсо кол кабыш кылып жатышат. Ушундай учурда чалгыла деп телефондорду берип жатабыз.

  • Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги (Анкара шаары):

+90 545 6896800, +90 312 4913506, + 90 312 4913507;

  • Анталиядагы башкы консулдук:

+90 546 5570471, +90 534 8388551;

  • Стамбулдагы Башкы консулдук:

+90 535 1077212, +90 212 2356767, +90 212 2353737

Маалыматтарды берсе, өзүбүздүн жолубуз, Түркия өкмөтү менен чогуу издеп, аракет кылабыз. Азыр өз жарандарыбызды издеп жатабыз. Бирок аны менен бирге башка жумуштарды дагы жасаш керек. Мындай кыйынчылык убакта кыргыз эли боордош түрк элинин жанында болуп, колдон келген жардам берүү зарыл. Жапырт элибиз туруп, боордош түрк элине жардам бергенге аракет жасасак жакшы болот деп ойлойм.

Бүгүн эртең менен Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 65 кишиден турган куткаруу тобу Стамбулга келди. Алар түрк өкмөтүнүн суранычы менен Газиантеп жана Кахраманмараш шаарында куткаруу иштерин жүргүзөт. Андан сырткары президент Садыр Жапаров Түркияга жардам көрсөтүү боюнча жыйындарды өткөрдү. Анын негизинде бул жакка гуманитардык жана инсандык жардам көрсөтүү боюнча иштер чечилип жатат деген маалымат келди.

- Сиздердин эсебиңиздерде Кыргызстандын канча жараны Түркияда жүрөт?

- Кыргызстандыктарга кайрылып издеп жатканымдын себеби дагы ошол. Кыргызстан ачык, демократиялуу өлкө. Каалаган кыргызстандыктар ар кандай жолдор менен келип, ар жерде иштеп жатышат. Консулдук каттоодон бардыгы эле өтпөйт, өз ыктыяры менен катталышат. Түркияда үч округ бар. Биздин округда жалпы жонунан 400дөй эле жаран каттоодо турат. Үч окуругда болжол менен 3 миңдей кыргыз жараны жүрөт деген маалымат бар.

- Бул расмий каттоодо тургандар, болжол менен жалпы канча болушу мүмкүн?

- Аны айтуу кыйын. Ал эми зилзала болгон шаарларда канча жараныбыз бар экенин сураштырып, тактадык. Жер титирөө болгон жерлерде 200гө жакын жараныбыз бар. Бул зилзала болгон бардык шаарды кошкондо. Булардын арасында студенттер дагы, иштегендер дагы бар. Азыр түрк калкы аябай ынтымактуу иштеп жатышат. Президент жана тийиштүү министрлер Өзгөчө кырдаалдар борборуна келип көзөмөлгө алууда. Ошол министрликтер менен биз байланышып жатабыз. Эгер ачка калдык, көчөдө калдык дегендер болсо биз телефондорду берип жатабыз, ошолорго чалсын.

- Кыргызстан Түркияга кандай жардам бере алат деген маселе каралып жаткан турбайбы?

- Ооба, ошол маселенин үстүндө дагы улам чакыруу жасап жатам.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG