Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:07

Газиантептеги кыргыздар: Бара турган жерибиз жок, жолдор жабык


Түркиянын бийлиги катуу зилзалада Кахраманмараш, Газиантеп жана Малатья шаарларында мерт болгондор, жабыркагандар көп экенин жарыялады.

"Азаттык" Газиантеп сыяктуу Түркиянын айрым аймактарындагы кыргызстандыктар менен байланышып, алардын ал-ахвалын сурады.

Токтокан Болотбекова, Газиантеп шаары

- Жер титирегенде Газиантеп шаарынын Газимухтар районунда үйдө болчубуз. Азыр шаардагы сегиз кыргыз кыз чогуубуз. Биз турган райондогу эле бир чай бакчасында отурабыз. Көп кабаттуу үйдөгү батирибизге киргенден коркуп отурабыз. Бара турган деле жерибиз жок. Документтерибиз жаныбызда. Мен тааныган кыргыз келиндер жакшыбыз дешти. Баары эле кимдин үйүндө иштесе ошолор менен коопсуз жакка кетиптир. Биз чогуу отурган сегиз кыргыз деле кайда барарыбызды билбей, бир кудай өзү билет деп отурабыз. Мындай кырсыкты бербесин.

Назгүл, Газиантеп шаары

- Жер титирегенде пижама менен чуркап чыккан бойдон жүрөбүз. Ачка болдук, үшүдүк, айылдагы үй суук экен. Акча-тыйын, паспортторубуз шаарда калды, биз айылда отурабыз. Бүгүн кала турган жерибиз бар. Болгон жолдор жабык.

Алтынбек Манас уулу, Газиантеп университетинин Теология факультетинин 4-курсунун студенти учурда шаардын борборунда коопсуз аймакта турганын, тургундар мечиттерде жана спорт залдарда чогулуп, жергиликтүү бийлик жылуу тамак менен камсыздап жатканын "Азаттыкка" билдирди.

- Алгач таңкы саат 4:20да жер силкинди. Жатаканадан баарыбыз сыртка чуркап чыктык. Улам-улам жер силкинип жатты. Кийин токтоп калганда бөлмөбүздөгү кийим-кечегибизди, жууркандарды алып чыктык.

Газиантепте азыр 5-6 эле кыргыз студент бар. Алар менен байланышып турабыз. Эки кыргызстандык кыз бар эле, алар жатаканада экен. Бирок дагы деле улам-улам жер силкинип жатат. Жарака кеткен үйлөр бар. Кар жааганы бир аз кыйнады. Чыдайбыз, тааныган кыргыз байке-эжелер менен байланыштык. Баары жакшыбыз деди.

Азыр шаарда башаламандык деле жок. Көп кабаттуу үйдө жашагандардын дээрлик көбү шаардын четине чыгып кетти. Калгандары автоунааларына отуруп, күтүп атышат. Үйлөрүн тегеректеп тургандар гана болбосо шаарда дүрбөлөң жок. Эң жаман жери шаардагы эски үйлөр жер силкингенде урап түшүп, өлгөндөр көп деп айтып жатышат.

- Студенттер кандай жайда башкалкалап турат?

- Азыр мен шаардын Шахинбей районунда турам. Ал жерде мэриянын спорт жайында медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Жылуу тамак таратып кетишти. Ошондой эле кыйраган имараттарды тазалоого ыктыярчы жаштар да жардам берип жүргөнүн көрдүм.

Газиантеп шаарынын мэри Фатма Шахин муниципалитеттин имараттары жана музейлер элге ачылганын, жардамга муктаж бардык жарандарга кызмат көрсөтүлүп атканын Твиттерге жазды.

Аида Бикирова, Гөк-Диярбакыр провинциясы, Эргани району

- Таң атпай жер титирегенде байпакчан эки балам менен чуркап чыктым. Күйөм жумушта болчу. Карасам элдин баары чуркап чыгыптыр. Анан бири бирибизге кийим берип, азыр мечитте баарыбыз бир бөлмөдө отурабыз. Үйүбүздүн дубалдарына жарака кетиптир. Азыр дагы эле жер силкинип атат. Жылуу кийимдерди кийип, бир нерсе болсо качып чыгалы деп отурабыз.

Түркия жана Сириянын аймагындагы апааттан 2000ден ашуун адам набыт болуп, 5000ден көп киши жараат алды.

АКШнын Геологиялык кызматы 6-февралда күчү 7,8 баллга жеткен зилзала жергиликтүү убакыт менен таңкы саат 04:17де, Түркия менен Сирия чектешкен аймакта болгонун кабарлаган. Түш оой аймакта күчү 7,5 баллга жеткен дагы бир жолу жер силкинди.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG