Линктер

дүйшөмбү, 18-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 01:46

Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов зилзала коркунучу тууралуу "Азаттыкка" маек берди.

“Азаттык”: Кыргызстандын аймагынын 80 пайыздан ашыгында тогуз баллга чейин жеткен зилзала болушу ыктымал деген маалыматыңыз коомчулукта кызуу талкууланып жатат. Бул божомол кайсы иликтөөлөргө негизделген?

Кубатбек Боронов: Бул божомол. Ал жерде маалымат жыйынында (17-июлда Коопсуздук кеңешинин жыйыны боюнча өкмөттө өткөн брифинг - ред.) журналисттер Кыргызстандагы жер титирөөлөр жана коопсуздук боюнча суроо беришкен. Мен ошого жооп кайтаргам.

Негизи Кыргызстан сейсмикалык активдүү аймак болуп саналат. Ар бир мамлекетте сейсмикалык карта болот. Аймактар сейсмикалык картага бөлүнүп, кайсы аймактарда тогуз баллга чейинки жер титирөө болушу мүмкүндүгү көрсөтүлөт. Бирок бул бүгүн же эртең жер титирөө болот дегенди түшүндүрбөйт. Ал мүмкүн он жылдан кийин же болбосо бир жылдан кийин болушу мүмкүн.

Катуу жер титирөө тогуз баллга чейин, кээ бир жерде сегиз, кээ бир жерде жети, айрым жерлерде андан дагы төмөн баллда болушу ыктымал. Кыргызстандын сейсмикалык картасын карасак, өлкөнүн дээрлик 80 пайыз аймагында жер титирөөлөрдүн жогорку чеги тогуз баллга чейин болушу мүмкүндүгү көрсөтүлүп турат. Ошондо мен Бишкекти мисал келтирип айткам, башкалаанын аймагында тогуз баллга чейин зилзала болушу ыктымал деп картада белгиленген.

Кыргызстандын сейсмикалык картасы.
Кыргызстандын сейсмикалык картасы.

Дагы бир жолу баса белгилеп кетейин, бул бүгүн же эртең болот дегендик эмес. Бул максималдуу жер титирөө тогуз баллга жетет деген сөз. Эреже боюнча, сейсмикалык картанын негизинде курулуштардын конструкциясы тогуз баллга чейинки силкинүүгө туруштук бере тургандай салынышы керек.

“Азаттык”: Сейсмологдордун иликтөөлөрү, божомолдору канчалык деңгээлде так чыгууда?

Чоң-Алай
Чоң-Алай

Кубатбек Боронов: Сейсмологдор жер алдындагы кубулуштарды, кыртыштарды, жердин тектоникалык абалын, тоолорду изилдеп, ошонун негизинде божомол чыгарышат. Ал эми качан болорун дүйнө жүзүндө эч ким алдын ала айта албайт.

Жалпыбызга маалым, Жапонияда абдан көп силкинүүлөр болот, жер титирөөлөрдү иликтөө илими өнүккөн. Бирок бул өлкөдө деле алдын ала маалымат айтылбайт. Жер силкинүү болгондон кийин гана белгилүү убакыттын ичинде билүү мүмкүнчүлүгү бар.

“Азаттык”: Курулуштар боюнча да маселе көтөрүлүп жатпайбы. Кыргызстанда салынып жаткан турак жайлар сейсмикалык талаптарга жооп береби?

Кубатбек Боронов: Бардык курулуштар сейсмикалык талаптарга жооп берет деп айта албайм. Аны карай турган мамлекеттик орган башка. Ар бир курулуштун ар бир этабы бүткөндө көрүп, керек болсо сыноодон өткөрүп, кол коюп бере турган мекемелер бар. Ошолор тактайт.

Эгерде кайсы бир имараттын туруктуулугун аныктоо керек болсо ал үчүн атайын илим изилдөө институту иштейт. Тактап айтканда, Мамлекеттик архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба агенттигинин алдында атайын сейсмикалык туруктуулукту изилдеген институт муну менен алектенет. Кайсы бир имараттын сапатын, туруктуулугун аныктоо керек болсо биз дагы ошолор менен иштешебиз.

“Азаттык”: Ошол эле кезде Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан калкка эскертүүлөр берилип жатат да.

Кубатбек Боронов: Маалыматты алгач Сейсмология институту берет. Аларга таянуу менен биз элге кабар таратабыз. Анткени, элдин коопсуздугун камсыздоо, маалымат жеткирүү биздин милдет.

Маалымат үчүн: Быйыл май айында Кыргызстанда очогунда күчү жети баллга жеткен жер титиреген. Андан Ош облусунда ондогон турак жай, социалдык объектилер авариялык абалга кептелген. Коопсуздук кеңештин 17-июлдагы жабык жыйынында өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу чаралары негизги маселелердин бири катары каралды.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG