Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:36

Өзгөн-Чоң-Алай: кырсык жана жардам


Аюу-Сай айылы, Өзгөн
Аюу-Сай айылы, Өзгөн

Өкмөт үйүндө Өзгөн жана Чоң-Алай райондорундагы жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган калкка жардам көрсөтүү чаралары талкууланды.

Бул боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен үч банктын жетекчилиги маалымат берди. Анда турак жайы жараксыз абалда калган жарандарга арзан баада курулуш материалдарын жеткирүү, 150 миң сомго чейин күрөөсүз насыя берүү жана насыясы барлардын төлөө мөөнөтүн узартып, үстөк пайызын токтотуу сыяктуу жеңилдиктер берилгени жарыяланды.

Соңку кезде Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркаган калктын айрым өкүлдөрү жарака кеткен үйлөрдү кыш түшкөнгө чейин куруп бүтүүгө өкмөттөн жетишерлик жардам көрсөтүлбөй жатканына даттанып жатышат.

Өкмөттүн аракети

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов Чоң-Алайдагы жана Өзгөндөгү жаратылыш кырсыктарынын кесепеттерин жоюу чаралары боюнча маалымат берди. Ал жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган жарандарга турак жайын оңдоо үчүн курулуш материалдары дүң баасында жеткирилип жатканын айтты.

Чоң-Алай
Чоң-Алай

Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов Чоң-Алайдагы жер титирөөнүн натыйжасында үйү авариялык абалга кептелген үй-бүлөлөр чатырларга көчүрүлгөнүн билдирди:

- Быйыл 3-майдан 5-майга чейинки аралыкта Чоң-Алайда 12 жолу жер титирөө катталган. Анын кесепетинен бир катар айылдарда үйлөргө жарака кетип, авариялык абалга кептелген. Тиешелүү комиссия үч күндөн ашуун иштеп, он миңден ашуун үйлөрдү изилдеп, жараксыз абалга келган турак жайлар боюнча тыянак чыгарды. Ошондой эле он социалдык объект дагы авариялык абалга келгени белгилүү болду. Жараксыз үйдөн көчүрүлгөн тургундарга 554 чатыр берилди. Учурда мына ошол чатырларда 3140 адам жашап жатат.

Жергиликтүү калктын талабы

Буга чейин жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган жарандарга өкмөт каржылык жардам көрсөтүп, турак жайын куруп алууга өбөлгө түзүп келгени белгилүү. Бирок 2018-жылдан тарта турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу мыйзамы күчүнө киргенине байланыштуу өкмөттүн бул токтому 2017-жылдын январь айынан тарта күчүн жоготкон.

Буга чейин турак жайы жараксыз абалда калган жарандарга 50 миң сомдон кайтарымсыз акчалай жардам жана 200 миң сомго чейин ссуда бөлүнүп келген. Бирок жабыркаган жарандардын көбү үйүн өз учурунда камсыздандырбай калгандыктан учурда каражаттан кыйналып жатканы белгиленди.

Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынын тургуну Жалалиддин Бурканов кыш түшкөнгө чейин бузулган үйүн оңдоого өзүнүн чама-чаркы жетпесин билдирди:

- Өкмөттөн эч кандай каржылык жардам болгон жок. Биздин район тоолуу болгондуктан бул жакта тез эле кыш түшөт. Кыш түшкөнгө чейин үйдү тургузуп алсак жакшы эле болмок. Азыр эми Өзгөчө кырдаалдар министрлиги цемент, арматура сыяктуу курулуш материалдарын алып келип, сатып жатат. Бирок мына ошолорду сатып алганга акча керек да. Бизде азыр анча акча жок. Банктардан насыя алууга да чама-чаркыбыз жетпейт. Мына ушул маселе чечилбей жатат.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган калкка жардам көрсөтүү чараларын иштеп чыгуу тапшырмасын берген.

Жакында жер титирөөдөн жарака кеткен үйлөрдү оңдоого же кайра курууга каражат берүү маселесин чечүү жолдору жеринде талкууланды. РСК, "Айыл банк" жана "Компаньон" банктарынын жетекчилери Чоң-Алай жана Өзгөн райондоруна барып, жабыркаган калкка жардам көрсөтүү чараларын сунуштаган.

Өзгөн
Өзгөн

РСК банкы Өзгөндүн Аюу-Сай айылындагы жер көчкүдөн жабыркаган төрт жарандын насыясын кечкенин жарыялады. Ошондой эле бул банктын башкармалыгынын төрагасы Азизбек Оморкулов Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн жабыркаган калкка каралган жеңилдиктер туурасында мына буларга токтолду:

- Жабыркаган жарандар арасында биздин банктан насыя алгандар болсо аны төлөө шарттарын жеңилдетүүгө жардам беребиз. Насыяны төлөө мөөнөтүн 12 айга чейин узартып, үстөк пайыздарды токтотобуз. Биздин банктан насыя албаган жабырлануучуларга 150 миң сомго чейин 15 пайыздык үстөк менен жеңилдетилген шартта насыя берүү чечимин кабыл алдык.

Камсыздандырунуун камы

Чоң-Алайдагы жер титирөөдөн улам жарака кетип, авариялык абалда калган үйлөрдүн жыйырма тогузу мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы тарабынан камсыздандырылган. Мамлекеттик камсыздандыруу компаниясынын төрагасынын орун басары Бурул Калматова камсыздандырылган турак жайдын кенемтесин баалоо тартиби тууралуу мындай деди:

- Мына ошол айылдагы камсыздандырылган үйлөрдү атайын бекитилген эреже боюнча баалап туруп, 200 миң сомдон жогорку баадагы кенемтесин төлөп жатабыз. Мына ошол үйдүн чатыры, дубалы, пайдубалы жана айнек-терезеси кандай баалана турганын атайын усулдар менен эсептеп чыгып туруп, анан кенемтенин өлчөмүн баалайбыз. Буга карата кандай документтер керек экенин мына ошол жаратылыш кырсыгы болгон айылдардын тургундарына түшүндүрүп жатабыз.

Камсыздандыруу компаниясынын жобосуна ылайык, мекеме айыл жерлериндеги камсыздандырылган турак жайы үчүн 500 миң сомго, шаардагы үйлөр үчүн 1 миллион сомго чейин кенемте төлөп берет. Айылдагы үйлөр үчүн камсыздандыруу төлөмү жылына 600 сомду, ал эми шаардагы турак жай үчүн 1200 сомду түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG