Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:00

Президент кырсыкта жабыркагандарга 5 млн сом бөлдү


Жер көчкүдө жакындарынан айрылгандар. Аюу айылы. 2-май, 2017-жыл.
Жер көчкүдө жакындарынан айрылгандар. Аюу айылы. 2-май, 2017-жыл.

Президент Алмазбек Атамбаев Ош облусунун Чоң-Алай жана Өзгөн райондорундагы табигый кырсыкта жабыркагандарга материалдык жардам берүү боюнча жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, президенттик фонддон Өзгөндүн жер көчкү жүргөн Жалпак-Таш айыл аймагындагы Курбу-Таш жана Маркс айылына 1 млн сом, Зергер айыл аймагындагы Аюу айылына 1 млн сом бөлүндү. Мындан сырткары Чоң-Алай районундагы жер титирөө болгон аймактын жабыркаган тургундарына 3 млн сом жардам иретинде берилет.

Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү бүгүн кабарлады.

29-апрелде таңга маал жүргөн жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аюу-Сай айылында жети үйдү басып, 24 адам анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринен кийин сегиз адамдын сөөгү табылган. Кооптуу жайдан ондогон тургундар көчүрүлүп, чатырларда жашап жатат.

3-5-майда болгон жер титирөөдө Чоң-Алай районунда, Баткен облусунун Кадамжай районунда ондогон турак жайларга жарака кетип, бир катар үйлөр авариялык абалга келген. 700дөн ашуун адам чатырларга көчүрүлдү. (КЕ)

XS
SM
MD
LG