Линктер

жекшемби, 19-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 15:01

Апта: Кырсык көрсөткөн кемчилик, эрте башталган "үгүт"


Өзгөндүн Аюу-Сай айылында 24 адамды басып калган жер көчкү катталды.

Акыркы табигат кырсыктары мамлекеттик органдардын аларды алдын алуу боюнча иштериндеги кемчиликтерин шардана кылды. Жогорку Кеңеште президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү сунушталды. Сириядагы ок атышууну токтотуу боюнча Астана сүйлөшүүлөрү улантылды. ​​

Кемчиликти ашкере кылган кырсык...

29-апрелде Өзгөндүн Аюу-Сай айылында 24 адамды басып калган жер көчкү катталды. Кырсыктын кесепетин жоюу жана көчкү басып калгандардын сөөгүн издөө жүрүп жаткан учурда башка аймактарда да жер көчүп элди кооптонтуп турду.

Аюу-Сайдагы издөө иштеринин жыйынтыгында көчкү астында калган сегиз адамдын гана сөөгү табылды. Көчкүнүн көлөмү чоң болгондуктан издөөдө кыйынчылыктар жаралып, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аны бейшемби күнү токтотту. Издөө иштерин токтотууда ислам дининин эрежелерине таянышканы, ага каза тапкандардын туугандары макул болгону кабарланды. Ага чейин Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши топурак алдында калгандардын сөөгүн издебей, ошол жерди мүрзөгө айлантуу боюнча фатва чыгарган эле.

Табигат кырсыктары, анын кесепеттери ушул аптада парламентте да, өкмөттө да талкууланды. 4-майда Жогорку Кеңеш жер көчкү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп, тиешелүү органдардын кырсыкты алдын алуу жана кесепетин жоюу боюнча иштери чабал болгонун сынга алды.

Маселен, “Республика-Ата Журт” фракциясынын депутаты Мирлан Жээнчороев кырсык болгон Аюу-Сай айылындагы жер көчкү алдын ала белгилүү болсо да жергиликтүү эл коопсуз жайга көчүрүлбөгөнүн белгиледи:

- Биз өзгөчө кырдаалдар министрин баш кылып жоопко тартышыбыз керек. Ошол айылдагы ар бир үйдү, сарайды курууга болобу деп дал ушул министрлик бүтүм берет. Академиктер бул жакта көчүп баратат деп маалымат берип жатат. Бир жылдан кийин, беш жылдан кийин үйлөрдү басат деп айтып келишет. Ага кайдыгерликтен көңүл бурулбай калууда. Бальзак айткандай, "эң жаман кылмыш - кайдыгерлик". Кайдыгерликтин кесепетинен адамдар өлүп жатат. Ушул айыл өкмөттө 1993-жылы адам каза болду, 2003-жылы 28 киши өлдү. Алдын алуу иштерин жүргүзүү үчүн дагы канча адам өлүшү керек?

Депутаттар бул кырсыкты алдын алуу иштерин жүргүзбөгөнү үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрин кызматтан алууну сунушташты.

Вице-премьер Жеңиш Разаковдун айтымында, жер көчкү жүргөн айыл тургундары расмий эскертүүгө көңүл бурган эмес:

- Аюу айылынын жашоочуларына башка аймакка көчүү боюнча бир нече жолу эскертилген. 28-апрелде урушканга чейин барышыптыр. Анткени көчкү активдешип, айылды басып калары билинип калган. Бирок жергиликтүү эл көчпөй койгон. Биз эми элди соттун чечими менен мажбурлап көчүрүү аракеттерин көрүп жатабыз.

Бирок кырсыкты алдын алуу жана кесепетин жоюуда мамлекеттик органдар өз ишин тиешелүү деңгээлде жүргүзбөгөнүн премьер-министр Сооронбай Жээнбеков мойнуна алды. Өкмөт башчысы кырсык болгон жерлерди кыдырган соң Ош шаарындагы жыйында бир катар жетекчилер берилген буйруктарды аткарбаганына ачууланды:

- Бир жумада 100 метрди ошончо техника менен жасай албаса, эмнесине Өзгөчө кырдаалдар министрлиги? Экинчиден, кечээ Сузак районуна барып Көк-Арттын боюнда иштеп жаткан эл менен жолуктум. Алар иштейли десек, февралдан бери габион сурайбыз, габион жок, солярка жок дейт. Ошону уюштурбасаңар Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ошол жердеги кызматкерлери эмне кылып жатат?

Жерди прикладдык изилдөө боюнча Борбор Азия институтунун директору Болот Молдобековдун айтымында, көчкү түшүү коркучундагы аймактарды жашылдандыруу иштерин колго алуу зарыл болуп турат.

- Көчкүлөр бүгүн эле көбөйдү деп айтуу туура эмес, мурун деле болчу. Ошон үчүн өкмөттө жер көчкүлөрүнө байкоо жүргүзгөн атайын экспедициялык отряд бар болчу. Алар жыл сайын эл аралап, жер көчүшү мүмкүн экендигин жана алар айлана-чөйрөгө кандай таасир көрсөтөрүн иликтеп турчу. Ал эми азыр эң негизги себеп кыртыштын өзгөрүшү болууда. Анткени регион тоолуу жана Фергана өрөөнүнүн чыгыш тарабында глобалдык тектониканын жылышы бар. Андан тышкары түштүк аймактын топурагы өтө борпоң жана анын сырткы катмарынан кийинки катмарында токтолуп калган суу эртеби-кечпи топурактын жылышын шарттайт. Ошон үчүн көчкүлөр ар бир 8-10 жылда кайталанып, активдеше берет. Бул табигый процесс.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, соңку 26 жылда өлкө боюнча 518, акыркы төрт айда 134 жер көчкү түшкөн. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги көчкү кырсыктарын алдын алуунун жалгыз жолу элди коопсуз жайга көчүрүү экендигин айтып келет.

Шайлоону октябрда өткөрүү сунушталды

Узап бараткан аптада Жогорку Кеңеште шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизүү боюнча парламенттик угуу өттү. Шайлоо мөөнөтү тууралуу буга чейинки талкуулардан соң бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов президенттик шайлоону 15-октябрда өткөрүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштады. Өмүркулов мыйзамдагы өзгөрүүлөрдү төмөнкүчө негиздеп жатат:

- 15-октябрдан кийин экинчи турга да убакыт болот. БШК дагы 20 күнгө чейин жыйынтыгын чыгарат. Буга да мөөнөт болот. Соттошсо соттошконго да мөөнөт болот. Мына ошентип декабрга чейин шайлоо толугу менен бүтөт. Бирок шайланган күн 15-октябрь болуп эсептелет. Ошондуктан бул жерде эч кандай мыйзам бузуу болбойт. Бул жерде проблема чыгарып, жөндөн жөн кымгуут кылбаш керек. Азыркы мыйзамда жазылганына байланыштуу мөөнөтүн жылдырууну биз сунуштап жатабыз. Октябрда өткөрүүнү сунуштоонун дагы бир себеби - жайында элдин баары эс алууда болот, жайлоодо, ар кайсы жактарда болушат.

Иса Өмүркулов.
Иса Өмүркулов.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоонун мөөнөтүн 19-ноябрь деп белгилеген. БШК бул мөөнөттү шайлоо мыйзамынын талабы менен негиздеген эле. Ал эми оппозициядагы "Ата Мекен" фракциясынын өкүлдөрү шайлоону ноябрда өткөрүү Баш мыйзамга каршы келээрин билдирип, аны августта өткөрүүнү сунуштап чыгышкан.

"Атамекенчилер" шайлоо ноябрда өтсө, жаңы президент Баш мыйзамда көрсөтүлгөн мөөнөттө кызматка кирише албай, ал мыйзамдардын бузулушун шарттайт деп жүйө келтирүүдө.

Бирок кызуу талкуулардан соң Социал-демократтар фракциясынын лидеринин шайлоо мөөнөтүнө өзгөртүү киргизүү боюнча демилге менен чыгышы бийликтин шайлоону октябрда өткөрүүгө ыктаганын көрсөтүүдө дейт эксперт Алмазбек Акматалиев:

- Бул “Ата Мекендин” да, жарандык коомдун да аракетинин натыйжасы болду окшойт. Эгер бул маселе көтөрүлбөсө, көңүл бурулбай калмак. Талашып - тартышып жатып, шайлоону мыйзамдык талаа алкагында, күмөн туудурбагандай өткөрүү жакшы жыйынтык болду.

Ошентип, шайлоо мөөнөтү боюнча талкууда бир пикир табылгандай болуп турат.

Ал арада Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоого катышуу ниети бар саясатчыларга жана саясий партияларга үгүт иштери тууралуу түшүндүрмө берип, кайрылуу жасады. Ал президенттик шайлоо мөөнөтү так аныктала электе эле үгүт сыяктуу иштерди жасап, аймактарды кыдырып, жер-жерлерде эл менен жолугушууларды байма-бай өткөрүп жаткан саясатчыларга багытталды. Акыркы кездери "Ак шумкар" саясий партиясынын жетекчиси Темир Сариев, "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын лидери Бакыт Төрөбаев жана "Республика" партиясынын төрагасы Өмүрбек Бабанов саясий ишмердигин жанданткан.

БШК мүчөсү Назарали Арипов “Азаттыкка” кайрылуу тууралуу буларды билдирди:

- Биз саясатчыларды шайлоо мыйзамдарын сактоого чакырып кайрылуу жасадык. Анда шайлоо күнү расмий белгиленгенге чейин, каттоого өтө электе үгүт иштерин жасабай туруңуздар деп айтып жатабыз. Азыр кээ бир саясатчылар, президент болом деген жарандарыбыз алдын ала эле жумуштарды жасап жатат.

Азырынча шайлоого катышарын "Ак шумкар" партиясынын лидери Темир Сариев менен "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын төрагасы Бакыт Төрөбаев ачык билдирсе, парламенттеги "Республика - Ата Журт" фракциясы лидери Өмүрбек Бабановду көрсөтүшөрүн жарыялаган. Ал эми "Ата Мекен" партиясы камактагы лидери Өмүрбек Текебаевди президенттикке көрсөткөн. Бийликтеги Социал-демократтар партиясы болсо, азырынча өз талапкеринин атын атай элек.

Ушул аптада Кыргызстанда биометрикалык паспорттор бериле башталды. Биометрикалык паспортту бийлик жаңыдан сунушталган "Таза коом" долбоорунун бир бөлүгү деп атап жатат. Кыргызстанда биометрикалык паспорт берүү демилгеси 2014-жылы жарандардын биометрикалык маалыматын топтоо башталгандан тарта көтөрүлгөн эле.

Бирок аталган органдын биометрикалык паспортто жарандардын улутун көргөзбөө боюнча сунушу коомчулукта талкууга түшүп, ар кыл пикирлерди жараткан.

Веткөзөмөл качан алынат?

Бул жумада Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кошулуусуна байланыштуу маселелер кайра көтөрүлдү. Тагыраагы уюм ичиндеги чектеш Казакстан менен ветеринардык көзөмөлдүн алынбай жатканын кыргыз өкмөтү коңшу өлкөнүн каршылыгы менен түшүндүрдү.

Вице-премьер министри Олег Панкратов парламентте сүйлөп жатып, кыргыз өкмөтү ветеринардык жааттагы Евразия экономикалык биримдигинин талаптарын аткарганына карабай, Казакстан тоскоолдук кылып жатканын билдирди:

- Былтыр декабрь айындагы аудиттен соң Евразия экономикалык комиссиясы жана үч өлкө биздин система продукцияны сыртка чыгаруу үчүн коопсуздукту камсыз кылууга даяр деген бүтүмгө келген. Жалгыз гана казак тарап бул бүтүмгө макул болбой жатат. Казакстан вето укугун ашкере пайдаланып, бул бүтүмдү ЕЭКтин кеңешинен өткөрбөй жатат деп айтсам болот. Буга карабай мурда көрсөтүлгөн кемчиликтер оңдолуп жатат, 2017-жылдын аягына чейин бардык сунуштамаларды аткарабыз.

Казакстан менен бажы көзөмөлүн алуу маселеси эки жылдан бери уланып келет. Бул жааттагы абалды ЕАЭБнын комиссиясы бир нече жолу текшерип, кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштарын берген.

Бирок Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын техникалык регламенттерин аныктай турган лабораториялар Евразия экономикалык биримдигин талабына жооп бербейт деген доомат айтылган эле. Буга чейин кыргыз бийликтери бул жааттагы кемчиликтер жоюлганын, биримдиктин шартына ылайыкташтыруу жараяны толуккандуу жүрүп жатканын айтып келет. Лабораторияларды оңдоп-түзүүгө Казакстан каржылык көмөк көрсөтөрү айтылып, бирок ушул кезге чейин ал каражат келе элек.

Казакстан болсо Кыргызстанда эпизоотикалык абал жакшы деп таанылса жана эт-сүт үчүн сөзсүз экспорттук сертификат болсо, чек арада ветеринардык көзөмөлдү жоюуга барарын түшүндүргөн. Буга байланыштуу кыргыз парламентиндеги айрым депутаттар өкмөттүн мындай дооматын өз кемчилигин башкага оодаруу аракети катары сыпаттап жатышат.

Негизи эле Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинде бири-бирине доомат айтып, кайчы пикирлер жаралган учурлар арбын. ЕАЭБдин ичиндеги карама-каршылыктар боюнча Беларус президенти Александр Лукашенко бир нече жолу маселе көтөрүп чыккан эле. Казакстандык саясат таануучу Расул Жумалы биримдик экономикалык бирикме эмес, саясий маселелер аралашканы үчүн мындай жагдай жаралып жатат деген пикирде:

- Уюм ичинде интеграция, бажылык тоскоолдуктарды жоюу боюнча келишимдерге кол коюлганына карабай Евразия экономикалык биримдигине мүчө беш өлкөдө тең толгон-токой карама-каршылыктар бар. Мындай түшүнбөстүктөр жалпы интеграциялык маселелер боюнча да, анан өлкөлөр ортосундагы улуттук экономикалык кызыкчылыктар боюнча да чыгып келет. Дал ушундай эле карама-каршылыктан улам Казакстан да жабыркап келгенин белгилеп коюшум керек. Маселен, казак-орус кызматташтыгында бир топ нерсени жоготуп жатат. Ошондуктан, бул жерде түшүнбөстүк Казакстандын жеке кызыкчылыгы эмес, уюм ичиндеги карама-каршылыктан улам келип чыгып жатат.

Расул Жумалы.
Расул Жумалы.

Кыргызстан ЕАЭБге 2015-жылдын 12-августунан тарта кошулган. Бул уюмга кошулуу коомчулукта абдан көп талкууланып, ар түрдүү пикирлер менен коштолгон.

Сирияда ок атууну токтотуу аракети

Өтүп бараткан аптада Сириядагы ок атууну токтотуу боюнча Астана сүйлөшүүлөрүнүн кезектеги айлампасы өттү. Орусия, Түркия, Ирандын ортомчулугу менен өткөн сүйлөшүүлөргө Сириянын өкмөтү жана куралдуу оппозициянын өкүлдөрү катышты. Анын жыйынтыгында кабыл алынган меморандумда быйыл 4-июнга чейин Сириянын борбордук, түндүк, түштүк аймактарында коопсуздук зоналары түзүү каралды. Анда белгиленгендей, бул аймактарда ок атышуу токтотулуп, алардын үстүнөн учууга тыюу салынып, гуманитардык жардамдарды тез жеткирүүгө, качкындардын кайтышына шарт түзүлүүсү зарыл. Бул сүйлөшүүлөргө катышкан Улуттар уюмунун Сирия боюнча чабарманы Стеффан де Мистура коопсуздук зоналары боюнча макулдашуунун кабыл алынышын көптү үмүттөндүргөн кадам катары баалады:

- Бүгүн биз Сириядагы жаңжалды жөндөөгө багытталган, көп нерседен үмүттөндүргөн, маанилүү жана туура кадамга күбө болдук деген ойдомун.

Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 4-майда Астанада өттү.
Сирия боюнча тынчтык сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 4-майда Астанада өттү.

Сүйлөшүүлөр үчүн Астанага келген Сирия оппозициясынын өкүлдөрү бул меморандумга катышпай турганын билдирди. Бир күн мурун делегациянын айрым мүчөлөрү сүйлөшүүлөргө Ирандын катышканына нааразылык билдирип, жыйынды таштап чыгып кеткен.

Америка Кошмо Штаттары бул макулдашууга этияттык менен карап, алар Сириядагы зомбулукту токтотууга чыныгы өбөлгө боло турган бардык аракеттерди колдошорун айтты.

Ошол эле учурда АКШ Мамлекеттик департаменти бул сүйлөшүүлөргө ортомчу катары Ирандын катышып жатканына тынчсыздануусун билдирди.

Сирия чатагы башталгандан тарта эле тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн демилгечиси болгон Орусия менен Иран бийлиги Башар Асаддын армиясына жан тартса, ал эми Түркия менен Кошмо Штаттар өкмөттүк күчтөргө каршы согушуп жаткан байистүү оппозиция топторун колдоп келишет.

Сирия боюнча Астана сүйлөшүүcү быйыл январда Орусия, Түркия жана Иран ортомчулугу менен башталган. Андан мурдараак ушул эле өлкөлөр кийлигишип, тараптар ок атышпоо макулдашуусуна жетишкен эле.

Бирок куралдуу оппозиция да, өкмөттүк күчтөр да тынчтык режимин сактабай жатат деп бири-бирин айыптап келет. Буга байланыштуу Сирия оппозициясы марттагы үчүнчү сүйлөшүүгө катышпай койгон.

Сирияда 2011-жылдан бери уланып жаткан согуш 400 миңдей кишинин өмүрүн алды.

Дүйнө коомчулугу Сириядагы жаңжалды жөнгө салууну сүйлөшүп жаткан чакта ооган бийликтери өлкөдөгү тынчтыкты сактоо үчүн аракетин көрүүдө.

Ушул аптада Ооганстандагы белгилүү талаа командири, мурдагы премьер-министр Гүлбеддин Хекматияр 20 жылдан ашуун бозгун турмуштан кийин Кабулга кайтты.

1990-жылдардын орто ченинде Ооганстандын премьер-министри болгон бул таасирдүү саясатчынын “Хизб-и Ислами" кыймылы менен ооган бийликтери былтыр тынчтык келишимин түзгөн. Ага ылайык, кыймыл болгон курал-жарагын тапшырып, ооган өкмөтүнө каршылыгын токтоткон. Бул үчүн кыймылдын абактардагы мүчөлөрү бошотулмай болгон. Хекматиярга мунапыс берилип, БУУнун терроризмге каршы күрөшүү багытындагы санкциялары алынган.

Бийлик Гүлбеддин Хекматияр менен жарашуу өлкөгө тынчтык орнотот деген үмүттө турат. Мындай максатын Хекматияр өзү да билдирип, "Талибан" менен өкмөттүн сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болууну сунуштоодо. Бирок кезегинде миңдеген адамдарды өлтүрүүгө айыпталган талаа командири менен бекитилген мунасага чочулоо менен карагандар да бар. Алар учурдагы бийликке жарака кетириши мүмкүн деп чочулап жатышат.

Ал эми "Талибан" мурдараак жазгы чабуулу башталганын жарыялаган. Ага чейин намаздан кайтып келе жаткан куралсыз ооган жоокерлерине кол салып, эки жүздөй аскер мерт кеткен.

Жыл башынан бери башкалаа Кабулда эле жүздөгөн карапайым оогандардын өмүрүн алган кеминде беш ири теракт болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG