Линктер

ишемби, 16-декабрь, 2017 Бишкек убактысы 17:12

Ооганстандагы белгилүү талаа командири, мурдагы премьер-министр Гүлбеддин Хекматияр 20 жылдан ашуун бозгундан кийин Кабулга кайтты. Бийлик аны менен жарашуу өлкөгө тынчтык орнотот дейт. Өкмөткө жик салат деп андан чочулагандар да бар.

Премьерликтен талаа командирине айлануу

Гүлбеддин Хекматияр 90-жылдардын орто ченинде Ооганстандын премьер-министри, өлкөдөгү бирден бир белгилүү адамдардан болгон. Ошол жылдардагы бийлик талаш жана жарандык согуш учурундагы жоруктары үчүн ага “Кабулдун касапчысы” аты жабышкан.

Кийин Кабулда миңдеген адамдарды өлтүрүүгө айыпталып, издөө салынган. Бул арада ал өзү негиздеп, жетектеген “Хезб и-Ислами” кыймылы менен Талибанга ооп, талаа командирине айланат.

элдешүү келишимине кол коюу учуру
элдешүү келишимине кол коюу учуру

Өткөн жылдын сентябрында "Хезб-и Ислами" ооган бийлиги менен тынчтык келишимине кол койгон. Ага ылайык, кыймыл болгон курал-жарагын тапшырып, ооган өкмөтүнө каршылыгын токтоткон. Бул үчүн кыймылдын абактардагы мүчөлөрү бошотулмай болгон. Хекматиярга мунапыс берилип, БУУнун терроризмге каршы күрөшүү санкциялары алынган.

Ошондо жүздөгөн киши нааразылыкка чыккан болчу. 4-майда Кабулга кайтып келиши да түрдүүчө кабыл алынды.

Кыргындагы кылыгы унутулдубу?

- Жарандык согуштагы Хекматияр жана башка тараптар аралашкан кайгылуу учурлар дале кабулдуктардын эсинде. Кабулдун 70 миң тургунунун өлүмүн унутушкан жок. Курмандыктардын туугандарынын күйүтү басыла элек. Эгер Хекматияр өкмөт менен бийликти бөлүшө турган болсо, бул жакшы көрүнүш эмес. Ал дале зомбулукка таянып, мурда Кабул элине салган калабаны кайталайм десе, анда ийгиликке жетпейт. - дейт ооган университетинин окутуучусу, Мохаммад Седик Залик.

Хекматияр
Хекматияр

Ал эми башкалаанын карапайым тургуну Абдул Гафор да “Хезб и-Исламинин” анабашын жактырбайт:

- Анын Кабулга кайтышы кайгыны жеңилдетпейт. Ал эффективдүү фигура эмес. Анын келиши дагы бир мүшкүл жана чочулоо. Биз бул өкмөттөн эч нерсе күтпөй калдык. Эгер өкмөт чын эле Ооганстанда тынчтык орноткусу келсе, анда Талибан менен “Ислам мамлекетинин” тилин тапсын. Ал эми Хекматиярлардын эл ичинде тарапкерлери да, кадыр-баркы да жетишсиз.

Келген эле күнү Гүлбеддин Хекматиярды президент Ашраф Гани кабыл алды. Анын урматына президенттик сарайда салтанаттуу иш-чара өттү. Ал жерде Хекматияр Талибан менен өкмөттүн сүйлөшүүлөрүнө ортомчу болууну сунуштады.

- Мен Талибанды мени бир тууганы катары көрүүгө чакырам. Мен силердин бардык мыйзамдуу талабыңар үчүн күрөшөм.

Анын алдында сүйлөгөн президент Гани “Хезб и-Ислами” менен мунаса түзүп, өлкө тынчтыкка карай чоң кадам жасаганын айтты. Калгандарын да ушуга чакырды.

Ооганстан
Ооганстан

Ал эми Талибан мурдараак адаттагыдай жазгы чабуулу башталганын жарыялаган. Андан мурдараак эле намаз окуп аткан ооган жоокерлерине кол салып, эки жүздөйүн кырып кетишкени белгилүү.

Өлкөдө андан тышкары да бир нече экстремисттик топтор күрөш жүргүзүп келе жатат.

Жыл башынан бери баш калаа Кабулда эле жүздөгөн карапайым оогандардын өмүрүн алган кеминде беш ири теракт болду.

"Биримдик өкмөтүнө" жик салабы?

Деген менен кан төгүүлөрдү тыюу үчүн мурдагы талаа командири менен ымалага келүүдөн чочулагандар бар.

Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани ант берүүдө. Кабул, 29-сентябрь, 2014-жыл
Абдулла Абдулла менен Ашраф Гани ант берүүдө. Кабул, 29-сентябрь, 2014-жыл

Алар Хекматияр бу бийликке кантип батат деп таң калып турган чагы. Ооганстанда этникалык пикир келишпестиктер да курч. Ушундай шартта пуштундардын өкүлү Гани менен ооган тажиктеринен чыккан башкы аткаруучу Абдулла Абдулланын “биримдик өкмөтүнө” жарака кетпейби деп чочулагандар да бар.

Анткени пуштун Хекматияр Гани-Абдулла союзуна каршы пикирин билдирген эле.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Али Токтакунов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти, 2011-2014-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. Кыргыз улуттук университетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG