Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:36

Кабулда НАТОнун кербенине кол салуу болду


Кабулдун борборунда эртең менен болгон катуу жардыруу үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” террордук уюму алды. НАТОнун кербенин бутага алган кол салуудан кеминде сегиз киши мүрт кетти, 28 адам жарадар болду. АКШнын жана НАТОнун аскерий жетекчилери Ооганстандагы азыркы кырдаалдан улам эл аралык контингенттин саны көбөйтүлүшү мүмкүн деп айтып келатышат.

Ооганстандын Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча жардыруу эртең менен жол тыгыны маалында АКШнын элчилиги жана НАТОнун кеңсеси жайгашкан жердин жанында болгон.

"Жанкечти бомбасын эл аралык күчтөрдүн кербени өтүп бараткан учурда жардырган. Коалициянын аскерлери арасында жоготуулар жок, бир машинасы жарым-жартылай жабыркады", - деди министрликтин басма сөз катчысы Нажиб Даниш.

Чабуулдан кеминде сегиз киши мүрт кетти, 28 адам, анын ичинде чет элдик үч аскер жараат алды.

“Ислам мамлекети” террордук уюму өзүнүн "Аамак" агенттиги аркылуу кол салууну уюштурганын билдирди.

АКШнын Ооганстандагы контингентинин өкүлү коалициянын жарадар болгон аскерлеринин абалы туруктуу экенин, аларга жардам көргөзүлгөнүн маалымдады. Бирок алар кайсы өлкөлөрдүн жоокерлери экени такталган жок. Буга чейин АКШ Деңиз күчтөрүнүн капитаны Билл Салвин америкалык үч жоокер жараат алганын билдирген.

Соңку айларда “Ислам мамлекети" радикал тобунун жоочулары Ооганстанда баш көтөрүп, АКШ колдогон өкмөткө да, "Талибан" кыймылына да каршы күрөшүн күчөтүп келатат.

Өткөн аптада талип согушкерлери жазгы чабуулун баштап, эл аралык коалициянын аскерлерин бутага алышарын эскертишкен. Бирок быйыл "Талибан" кыш бою да өкмөттүк армияга каршы тынбай күрөшүп келди.

Жыл башынан бери баш калаа Кабулда эле жүздөгөн карапайым оогандардын өмүрүн алган кеминде беш ири теракт болду.

Өткөн айда Ооганстанга барган кезинде АКШнын коргоо министри Жеймс Мэттис быйылкы жыл жергиликтүү жана эл аралык күчтөр үчүн "оор жыл" болоорун айткан.

Ал эми Түндүк альянстын баш катчысы Йенс Столтенберг 30-апрелде германиялык Welt am Sonntag гезитине курган маегинде коопсуздук кырдаалын эске алуу менен НАТО Ооганстандагы аскерлердин санын көбөйтүшү ыктымал деди.

Быйыл февралда НАТОнун Ооганстандагы контингентинин командачысы, америкалык генерал Жон Николсон азыркы кырдаалга жооп берүү үчүн миңдеген жоокер жетишпей жатканын билдирген. Генерал "Талибандын" согушкерлери гана эмес, “Ислам мамлекети” террордук уюмунун жоочуларына да каршы күрөш “туңгуюкка” такалганын айткан.

2014-жылы Түндүк альянстын миссиясы расмий аяктагандан бери талиптердин кол салуулары күч алды. Көп учурларда жергиликтүү аскерлер аларга туруштук бере албай келатышат.

Ушу тапта НАТО баштаган эл аралык коалициянын 13 миңден ашык аскери ооган күчтөрүн машыктыруу, кеңеш жана жардам берүү миссиясына тартылган. Алардын 8 400ү америкалык аскерлер.

Айрым учурларда чет өлкөлүк контингенттин жоокерлери “Ислам мамлекети" жана "Ал-Каида" экстремисттик уюмдарга каршы антитеррордук операцияларга да катышат.

Ооганстандагы жаңжал АКШ тарыхындагы эң узак уруш болуп калды. Америка баштаган НАТОнун аскерлери 2001-жылы 11-сентябрь теракттарынан кийин "Ал-Каиданын" ана башы Усама Бин Ладенди өткөрүп бербегендиги үчүн "Талибан" режими кулатылгандан кийин ооган жергесине киргизилген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG